Кара-Бак айылдык кеңешинин VII чакырылышынын кезексиз XLIV сессиясы
ТОКТОМ № 76
Кара-Бак айылы 2024-жыл 5-сентябрь.
Кара-Бак айылдык кеңешинин VII чакырылышынын кезексиз
XLIV сессиясы
Баткен районунун аймагында административдик-аймактык реформа боюнча долбоорун кароо жөнүндө.
2023-2024-жылдарга Кыргыз Республикасынын Президентинин Баткен облусунун аймактарында администратвдик-аймактык реформанын концепциясын аткарууга алуу максатында, Баткен районунун аймагында администратвдик-аймактык реформа боюнча сунуш долбоорун карап чыгып Кара-Бак айылдык аймагы КР Прездиенттин ААР саясатына туура келгендигин эске алып, Кара-Бак айылдык кенешинин VII чакырылышынын XLIV сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
- Кара-Бак айылдык аймагы азыркы учурдагы курамы Кара-Бак, Кызыл-Бел, Момунов, Достук, Чет-Кызыл, Дөбө, Бай-Кара-Бак, Зардалы айылдары жана
- Кара-Бак айыл аймагынын схематикалык картасына төмөнкүдөй өзгөртүүлөрдү киргизүү менен бекитилсин:
- Зардалы айылынын жакынкы жайыттарынын Төрт-Гүл айыл аймагынын Кожешкен жайыты менен чек арасы: Молдо Абдилланын токойунан түндүккө карай Кыр-Колдун кырынан Теке-Кумга, ал эми түшүк тарабы Баялаң жайытынын күн чыгыш тарабындагы кырдан бөлүнсүн.
- Зардалы айылынын Ормузан жайыты менен, Баткен шаарынын Догмон жыйытынын чек арасы: Тилланин жылгасынын жогорку кырынан Арал дарыясына түшүп, “Көл” дыйкан чарбасынын чек арасындагы арык менен барып, жөө жүрүүчү жол менен “Ойулманын” жогорку жолу аркылуу мурдагы чек ара чиймесине кошулсун.
- Кабыл алынган чечимдер боюнча тийешелүү иш кагаздарды белгиленген тартипте райондук мамлекеттик администрацияга даярдап берүү жагы айыл өкмөт башчысы А.Каламбековго милдеттендирилсин.
Айылдык кеңештин төрайымы Ж.Шадиманова.