Токтомдор

Кара-Бак айылдык кеңешинин VII чакырылышынын кезексиз XLIII сессиясы


ТОКТОМ № 56
 
Кара-Бак айылы                                                                            26-август  2024-жыл.
 
Кара-Бак айылдык кеңешинин VII чакырылышынын кезексиз
XLIII сессиясы
 
Алты-Адыр жаны конушундагы 300,0 га жер аянтын которууга (трансформациялоого) макулдук берүү  жөнүндө.
        
Кыргыз Республикасынын 15.07.2013-жылдагы №145 “Жерлерди которуу (трансформациялоо) жөнүндөгү” Мыйзамына, Кыргыз Республикасынын жер кодексинин 13-беренесинин, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 19.03.2014-жылдагы №169 сандуу токтомун жана “Кыргызмамжердолбоор” Баткен жерге жайгаштыруу экспедициясынын 26.09.2023-жылдагы №01-13/5131 сандуу аныктамасынын негизинде “Күндөн электр энергиясын алуу” инвестициялык долбоорун колдоо максатында Кара-Бак айылдык кеңеши

ТОКТОМ КЫЛАТ
 1. Кара-Бак айыл өкмөтүнө караштуу Алты-Адыр жаны конушундагы №581, №726, №702, №707, №713, №714, №730, №741-контурларында жайгашкан 300,0 га жер аянтын “Таштуу жайыт жерлер” категориясынан “Өнөр жайынын, транспорттун, байланыштын, энергетиканын, коргонуунун жерлери жана башка багыттагы жерлер” категориясына которууга (трасформациялоого) макулдук берилсин.
2. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Кара-Бак айылдык кеңешинин жер маселелери боюнча туруктуу комиссиясынын төрагасына тапшырылсын.
 
 
Айылдык кеңештин төрайымы                                   Ж.Шадиманова.
 


 
ТОКТОМ № 57
 
Кара-Бак айылы                                                                            26-август  2024-жыл.
 
Кара-Бак айылдык кеңешинин VII чакырылышынын кезексиз
XLIII сессиясы
 
Кызыл-Бел айылынын түштүк-батыш тарбындагы 500,0 га жер аянтын которууга (трансформациялоого) макулдук берүү  жөнүндө.
 
              Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө”  мыйзамына ылайык,  Баткен жер участокторун изилдеп, башка категорияга же башка түргө которуу боюнча комиссиянын корутундусунун, “Кыргызмамжердолбоор” Баткен жерге жайгаштыруу экспедициясынын 26.09.2023-жылдагы №01-13/5131 сандуу аныктамасынын негизинде, Кара-Бак айылдык кеңешинин транспорт, курулуш, өнөр жай, суу чарбасы жана жер маселелери боюнча туруктуу комиссиясынын мүчөсү К. Темурбоевдин билдирүүсүн угуп, жер аянтын түрүн которууга макулдук берүү  максатында Кара-Бак айылдык кеңеши
 
ТОКТОМ КЫЛАТ:
 
  1. Кызыл-Бел айылынын түштүк-батыш тарбындагы 500,0 га жер аянтын “Айыл чарба багытындагы жерлер” категориясындагы жерлердин “Таштуу жайыт жана башка жерлер” түрүнөн, “Көп жылдык бактар” түрүнө  которууга макулдук берилсин.
  2. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Кара-Бак айылдык кеңешинин Транспорт, курулуш, өнөр жай, суу чарбасы жана жер маселелери боюнча туруктуу комиссиясынын төрагасына тапшырылсын.
 
Айылдык кеңештин төрайымы                                   Ж.Шадиманова.
 


 
ТОКТОМ № 58
 
Кара-Бак айылы                                                                            26-август  2024-жыл.
 
Кара-Бак айылдык кеңешинин VII чакырылышынын кезексиз
XLIII сессиясы
 
 
Кызыл-Бел айылынын түндүк-батыш тарабындагы 2,75 жер жер аянтын “эс алуучу жай” деп бекитип берүү жөнүндө.
 
       Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” мыйзамына ылайык, Баткен регионалдык шаар куруу башкармалыгынын 22.08.2024-ж №198 корутундусунун негизинде Кара-Бак айылдык кеңешинин транспорт, курулуш, өнөр жай, суу чарбасы жана жер маселелери боюнча туруктуу комиссиясынын мүчөсү К. Темурбоевдин билдирүүсүн угуп Кара-Бак айылдык кеңеши
 
ТОКТОМ  КЫЛАТ:
 
 
1. Кара-Бак айыл өкмөтүнүн Кызыл-Бел айылынын түндүк-батыш тарабындагы №224 контурунда жайгашкан 2,75 жер жер аянтынын багытын  “эс алуучу жай” деп бекитип берилсин.
2.Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Кара-Бак айылдык кеңешинин төрайымынын орун басары Ф. Акматалиевге тапшырылсын.
 
Айылдык кеңештин төрайымы                                   Ж.Шадиманова.
 

 
ТОКТОМ № 59
 
Кара-Бак айылы                                                                            26-август  2024-жыл.
 
Кара-Бак айылдык кеңешинин VII чакырылышынын кезексиз
XLIII сессиясы
 
Кызыл-Бел айылындагы эски базардын пайдалануу багытын бекитип берүү  жөнүндө.
 
              Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө”  мыйзамына ылайык,  Кара-Бак айылдык кеңешинин транспорт, курулуш, өнөр жай, суу чарбасы жана жер маселелери боюнча туруктуу комиссиясынын мүчөсү К. Темурбоевдин билдирүүсүн угуп, жеке ишкердүүлүктү колдоо максатында Кара-Бак айылдык кеңеши
 
ТОКТОМ КЫЛАТ:
 
Кара-Бак айыл өкмөтүнүн муниципалдык менчигинде турган Кызыл-Бел айылындагы эски базардын пайдалануу багыты:
 
  1. Базар болуп турган курулуш курулмалары бар жол жагы базар бойдон калтырылсын.
 
  1. Калган курулушу жок бөлүгү логистикалык борбор куруп иштетүүгө макулдук берилсин.
 Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Кара-Бак айылдык кеңешинин Транспорт, курулуш, өнөр жай, суу чарбасы жана жер маселелери боюнча туруктуу комиссиясынын төрагасына тапшырылсын.  
 
 
Айылдык кеңештин төрайымы                                   Ж.Шадиманова 
   
 


 
ТОКТОМ № 60
 
Кара-Бак айылы                                                                            26-август  2024-жыл.
 
Кара-Бак айылдык кеңешинин VII чакырылышынын кезексиз
XLIII сессиясы
Кара-Бак айыл өкмөтүнүн аймагында жайгашкан Төрт-Гүл айыл өкмөтүнүн суу кампасы
жөнүндө.
        
Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө”  мыйзамына ылайык, Кара-Бак айылдык кеңешинин транспорт, курулуш, өнөр жай, суу чарбасы жана жер маселелери боюнча туруктуу комиссиясынын мүчөсү К. Темурбоевдин билдирүүсүн угуп, “Элди таза-суу менен камсыздоо” долбоорун колдоо максатында Кара-Бак айылдык кеңеши
 
ТОКТОМ КЫЛАТ
 
1. Кара-Бак айыл өкмөтүнүн аймагында жайгашкан Төрт-Гүл айыл өкмөтүнүн Чоң-Талаа айылынын суу кампасы: Кош-Моло участкасынан суу кампага чейин 11 км жана 0,73 га суу кампанын керектүү болгон иш кагаздарын Кара-Бак айыл өкмөтүнүн атынан даярдоого Төрт-Гүл  айыл өкмөтүнө макулдук берилсин.
 
2. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Кара-Бак айылдык кеңешинин жер маселелери боюнча туруктуу комиссиясынын төрагасына тапшырылсын.
 
  
Айылдык кеңештин төрайымы                                   Ж.Шадиманова.
 


 
ТОКТОМ № 61
 
Кара-Бак айылы                                                                            26-август  2024-жыл.
 
Кара-Бак айылдык кеңешинин VII чакырылышынын кезексиз
XLIII сессиясы
 
Кара-Бак айылындагы 0,29 га жер аянтынын түрүн которууга макулдук берүү  жөнүндө
 
              Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө”  мыйзамына ылайык, Кара-Бак айылдык кеңешинин транспорт, курулуш, өнөр жай, суу чарбасы жана жер маселелери боюнча туруктуу комиссиясынын төрагасы З. Осмоновдун билдирүүсүн угуп, жер аянтын түрүн которууга макулдук берүү  максатында Кара-Бак айылдык кеңеши
 
ТОКТОМ КЫЛАТ:
 
  1. Кара-Бак айылынын тургуну Салиев Эркинбай Исамидиновичке таандык 0,29 га жер аянтын “айыл чарба багытындагы жерлер” түрүнө которууга макулдук берилсин.
 
  1. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Кара-Бак айылдык кеңешинин Транспорт, курулуш, өнөр жай, суу чарбасы жана жер маселелери боюнча туруктуу комиссиясынын төрагасына тапшырылсын.
  
 
Айылдык кеңештин төрайымы                                   Ж.Шадиманова.

 

 
ТОКТОМ № 62
 
Кара-Бак айылы                                                                            26-август  2024-жыл.
 
Кара-Бак айылдык кеңешинин VII чакырылышынын кезексиз
XLIII сессиясы
Пайдаланып жүргөн жер аянтын жеке менчикке бекитип берүүгө макулдук берүү жөнүндө
 
Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө”  мыйзамына ылайык, Кара-Бак айылдык кеңешинин жер маселелери боюнча туруктуу комиссиянын №6 протоколунун негизинде  пайдаланып жүргөн жер аянттарын жеке менчикке бекитип берүүгө макулдук берүү максатында  Кара-Бак айылдык кеңеши
 
ТОКТОМ  КЫЛАТ:
Кара-Бак айыл аймагындагы төмөнкү тургундардын:
  1. Айипова Толмочай Амитовна                         0,10га              8-01-09-1003-0418
  2. Эргешова Базаргүл Ысмайыловна                  0,10га              8-01-09-1001-2231
  3. Калматова Гулзатхан Каныбековна                0,15га              8-01-09-1003-0335
  4. Орозова Шааркан Закировна                          0,10га              8-01-09-1001-1714
  5. Абдикарим кызы Шайыргүл                           0,10га              8-01-09-1003-0492
  6. Назарова Айсалкын Тажибаевна                    0,10га              8-01-09-1001-0054
  7. Маматкулова Бурмагул Мамадалиевна          0,15га              8-01-09-1001-0586
  8. Суюнова Касиеткан Нажимидиновна             0,15га              8-01-09-1003-0035
  9. Уразали кызы Назгүл                                      0,10га              8-01-09-1003-0410
  10. Алибоева Нигора Султонжоновна                  0,10га              8-01-09-1002-0880
  11. Адыева Салма                                                 0,10га              8-01-09-1002-1159
  12. Исаков Авазбек Давлятбекович                      0,10га              8-01-09-1002-0891
  13. Идирис кызы Бүбүнса                                     0,10га              8-01-09-1003-0495
  14. Тиллабай кызы Гүлзада                                  0,10га              8-01-09-1001-1605
  15. Тойчубек кызы Нургүл                                               0,15га              8-01-09-1001-0039
  16. Махамат кызы Орунгүл                                  0,15га              8-01-09-1003-0533
 
мурдатан бери турак-жай салып  пайдаланып келген жер аянттарын өздөрүнө жеке менчикке кезексиз бекитип берүүгө макулдук берилсин.
 
  1. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы,  Кара-Бак айылдык кеңешинин жер маселелери боюнча туруктуу комиссиясынын төрагасына тапшырылсын.
 
 
Айылдык кеңештин төрайымы                                   Ж.Шадиманова.
 


ТОКТОМ № 63
 
Кара-Бак айылы                                                                            26-август  2024-жыл.
 
Кара-Бак айылдык кеңешинин VII чакырылышынын кезексиз
XLIII сессиясы
Пайдаланып жүргөн жер аянтын жеке менчикке бекитип берүүгө макулдук берүү жөнүндө
 
Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө”  мыйзамына ылайык, КР 2022-жылдын 1-апрели № 21  “Жер укуктук мамилелерди жөнгө салуу жонүндөгү” мыйзамынын 8-9-беренелерине таянып, Кара-Бак айылдык кеңешинин жер маселелери боюнча туруктуу комиссиянын №6 протоколунун негизинде  пайдаланып жүргөн жер аянттарын жеке менчикке бекитип берүүгө макулдук берүү максатында  Кара-Бак айылдык кеңеши
 
ТОКТОМ  КЫЛАТ:
 
  1. Кара-Бак айыл аймагынынын төмөнкү тургундарынын  көп жылдан бери пайдаланып жүргөн жер аянттарын өздөрүнө  кезексиз бекитип берүүгө макулдук берилсин.
  1. Искандаров Абдиманап                                     - 0,10 га
  2. Камарова Бүүниса                                              - 0,09 га
  3. Маматова Бурулай                                             - 0,06 га
  4. Асамидиниова Гүлзада Жаныбековна             - 0,13 га
  5. Муктаров Муратали Бегалиевич                     - 0,10 га
  6. Темиркулова Шазада                                         - 0,10 га
  7. Абдилазиз кызы Айседеп                                 - 0,10 га
 
  1. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Кара-Бак айылдык кеңешинин Транспорт, курулуш, өнөр жай, суу чарбасы жана жер маселелери боюнча туруктуу комиссиясынын төрагасына тапшырылсын.
  
Айылдык кеңештин төрайымы                                   Ж.Шадиманова.


 
ТОКТОМ № 64
 
Кара-Бак айылы                                                                            26-август  2024-жыл.
 
Кара-Бак айылдык кеңешинин VII чакырылышынын кезексиз
XLIII сессиясы
 
Баткен районунун аймагында административдик-аймактык реформа боюнча долбоор сунушун кароо жөнүндө
 
2023-2024-жылдарга Кыргыз Республикасынын Президентинин Баткен облусунун аймактарында администратвдик-аймактык реформанын концепциясын аткарууга алуу максатында, Баткен районунун аймагында  администратвдик-аймактык реформа боюнча сунуш долбоорун карап чыгып Кара-Бак айылдык аймагы КР Прездиенттин АТР саясатына туура келгендигин эске алып, Кара-Бак айылдык кенешинин VII чакырылышынын кезектеги XLIII   сессиясы
 
ТОКТОМ КЫЛАТ:
Баткен районунун аймагында  администратвдик-аймактык реформа боюнча комиссиясына төмөнкү эки вариантта сунуш берилсин:
 
  1. Азыркы Кара-Бак айылдык аймагы учурдагы курамы менен өзгөрүүсүз калсын.
 
  1. Кара-Бак айыл аймагы менен Төрт-Гүл айыл аймагы жайыттары менен биригип, борбору Кара-Бак айылы болсун.
 Ушул  токтомдун  аткарылышын  көзөмөлдөө жагы Кара-Бак айылдык кеңешинин мыйзамдулук, боюнча туруктуу комиссиянын төрагасына тапшырылсын.  
 
 
 Айылдык кеңештин төрайымы                                   Ж.Шадиманова.

 

ТОКТОМ № 65
 
Кара-Бак айылы                                                                            26-август  2024-жыл.
 
Кара-Бак айылдык кеңешинин VII чакырылышынын кезексиз
XLIII сессиясы
 
Алыш-Дан ЖЧКдагы май чыгаруучу аппаратты ижарага берүү  жөнүндө.
 
            Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө”  мыйзамына ылайык,  
Кара-Бак айылдык Кеңешинин Мыйзамдуулук жана инвестиция тартуу боюнча туруктуу комиссиясынын төрагасы М. Темиркуловдун билдирүүсүн угуп, жеке ишкердүүлүктү колдоо максатында Кара-Бак айылдык кеңеши
 
ТОКТОМ КЫЛАТ:
 
  1. Алыш-Дан ишканасындагы май чыгаруучу аппарат жеке ишкерди колдоо максатында ижара акысыз берилсин. 
  2. Алыш-Дан ишканасына тийиштүү ремонт иштерин өздөрү жасап,  айыл өкмөтүнүн ар кандай иш чараларына өз каражатынын эсебинен катышуу милдеттендирилсин.
  3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Кара-Бак айылдык кеңешинин Мыйзамдуулук жана инвестиция тартуу боюнча туруктуу комиссиясынын төрагасына тапшырылсын.
 
 
Айылдык кеңештин төрайымы                                   Ж.Шадиманова.
 


 
ТОКТОМ № 66
 
Кара-Бак айылы                                                                            26-август  2024-жыл.
 
Кара-Бак айылдык кеңешинин VII чакырылышынын кезексиз
XLIII сессиясы
 
 
Кара-Бак айыл аймагындагы ички чарбалык каналдар тик кудуктар жөнүндө.
 
 
         Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө”  мыйзамына ылайык,  
Кара-Бак айылдык Кеңешинин Мыйзамдуулук жана инвестиция тартуу боюнча туруктуу комиссиясынын төрагасы М. Темиркуловдун билдирүүсүн угуп, Кара-Бак айылдык кеңеши
 
ТОКТОМ КЫЛАТ:
 
  1. Кара-Бак айыл аймагындагы ички чарбалык каналдарды, тик кудуктарды жана насосторду Баткен райондук суу чарба башкармалыгынын балансына өткөрүп берүүгө макулдук берилсин. 
  2. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Кара-Бак айылдык кеңешинин Мыйзамдуулук жана инвестиция тартуу боюнча туруктуу комиссиясынын төрагасына тапшырылсын
  
 
Айылдык кеңештин төрайымы                                   Ж.Шадиманова.

 
ТОКТОМ № 67
 
Кара-Бак айылы                                                                            26-август  2024-жыл.
 
Кара-Бак айылдык кеңешинин VII чакырылышынын кезексиз
XLIII сессиясы
 
Кара-Бак айыл  өкмөтүнүн жергиликтүү бюджетинин сметасына өзгөртүү-толуктоо киргизүү жөнүндө.
 
         Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” мыйзамына ылайык, Кара-Бак айылдык кеңешинин Экономика-финансы, бюджет, салык маселелери боюнча туруктуу комиссиясынын чечимин эске алып, угуп жана талкуулап Кара-Бак айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ 
1. Айыл өкмөтүнүн 2024-жылдын III-кварталына карата, жергиликтүү бюджетинин сметасына киргизилген өзгөртүүлөрдүн жалпы суммасы 985,0 мин сомду, чарбалык материал жана товарларды сатып алуу үчүн 2222 статьясына-160,0 мин сом, жакыр үй бүлөлөргө жардам көрсөтүү боюнча 2721 статьясына 60,0 мин сом жана түрдүү чыгымдар боюнча 2215 статьясына 320,0 мин сом, машина жана оборудованиялар боюнча 3112 статьясынан -985,0 мин сом жылдырып бекитилсин.  (Статьялар боюнча тиркеме тиркелет).
      
2. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Кара-Бак айылдык кеңешинин Экономика-финансы, бюджет, салык маселелери боюнча  туруктуу комиссиянын төрагасына тапшырылсын.
 
  
 
Айылдык кеңештин төрайымы                                   Ж.Шадиманова.

ТОКТОМ № 68
 
Кара-Бак айылы                                                                            26-август  2024-жыл.
 
Кара-Бак айылдык кеңешинин VII чакырылышынын кезексиз
XLIII сессиясы
 
Тагаев Акмурзаны К. Р. биринчи даражадагы “Манас” ордени менен сыйлоого сунуштоо жөнүндө.
        
Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө”  мыйзамына ылайык,  
Кара-Бак айылдык Кеңешинин Мыйзамдуулук жана инвестиция тартуу боюнча туруктуу комиссиясынын төрагасы М. Темиркуловдун билдирүүсүн угуп, Кара-Бак айылдык кеңеши
 
ТОКТОМ КЫЛАТ:
 
  1. Кыргыз Республикасынын согуш эмгек, куралдуу күчтөр, укук коргоо органдары жана оруктагы эмгектенген ардагерлеринин Баткен областык Кеңешинин төрагасы Тагаев Акмурзаны Кыргыз Республикасынын биринчи даражадагы “Манас” ордени менен сыйлоого сунушталсын.
  2. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Кара-Бак айылдык кеңешинин Мыйзамдуулук жана инвестиция тартуу боюнча туруктуу комиссиясынын төрагасына тапшырылсын.
  
Айылдык кеңештин төрайымы                                   Ж.Шадиманова.