Токтомдор

Кара-Бак айылдык кенешинин VI чакырылышынын кезектеги VII сессиясы

ТОКТОМ № 43
 
  Кара-Бак айылы                                                          2020- жылдын 9-июну                                     
 
Кара-Бак айылдык кеңешинин VI чакырылышынын кезектеги VII
сессиясы
 
Бюджетти жылдыруу
жөнүндө.
 
Кара-Бак айыл өкмөтүнүн 2020-жылдын 1,2, жана 3-кварталдарынын сметаларын жылдыруу боюнча айыл өкмөтүнүн финансы бөлүмүнүн башчысы, С.Курбановдун билдируусун угуп талкуулап, Кара-Бак айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
  1. Кара-Бак айыл өкмөтүнүн, 2020-жылдын 1,2 жана 3-кварталдарынын сметалары төмөнкү тартипте жылдырылып бекитилсин.
статьясы Аппарат спец счет (атайын эсебинен)
14411100 Учурдагы ремонт иштеринин кирешеси   -336,7 миң сом
22211100  Зданияны ремонттоо үчүн чыгашалар       336,7 миң сом
Бардыгы:  0,0 миң сом
Тиркеме тиркелет.
Аппарат
.22221200 Предметтик жана чарбалык материалдарды алуу  -1800,0 миң сом
.22221200 Зданияны ремонттоо үчүн чыгашалар  600,0 миң сом
Актив
.31122390 Механ. Жана обор.кап.ремонт кылуу   1200,0 миң сом
Х          Х                                    Х    Жалпы:                         0,0 миң сом
Тиркеме тиркелет.
Аппараттын 22221200 статьясынан 1800 миң сомдун, 600 миң сому 22211100 статьясына, ал эми 31122390 статьясына 1200 миң сом жылдырылып бекитилсин.
Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы, айылдык Кеңештин бюджет жана экономикалык маселелер боюнча комитетинин туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Ушул токтомдун аткарылышын камсыз кылуу жагы айыл өкмөттүн финансы жана экономика бөлүмүнүн башчысы С.Курбановко милдеттендирилсин..
Кенештин төрагасы                                                 А.Айдаров

 
 
ТОКТОМ № 44
 
  Кара-Бак айылы                                                          2020- жылдын 9-июну                                     
 
Кара-Бак айылдык кеңешинин VI чакырылышынын кезектеги VII
сессиясы
 
 
2020-жылдын 13-мартындагы №39 токтомуна өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө.
 
CASA-1000 жогорку чыңалуудагы электр аба чубалгыларынын мамычаларын куруу максатында, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2020-жылдын 20-февралдагы №105 токтомунун, Кыргыз Республикасынын 2013-жылдын 15-июлдагы “Жер участокторун которуу (трансформациялоо)” жөнүндөгү мыйзамынын негизинде Кара-Бак айыл аймагынын айылдык кеңеши
                                         ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кара-Бак айыл өкмөтүнүн аймагына CASA-1000  жогорку чыңалуудагы электр аба чубалгыларынын мамычаларын куруу үчүн айыл өкмөтүнүн кароосундагы №623, 608, 586, 707, 702, 713, 714, 741, 662, 669, 683, 685-контурларындагы 0,94 га жайыт жер аянтынан “Айыл чарба багытындагы жерлер” категориясынан “Өнөр жайынын, транспорттун, байланыштын, энергетиканын, коргонуунун жерлери жана башка багыттагы жерлер” категориясына которууга (трансформациялоого) макулдук берилсин.
2.Алты-Адыр участкасынан элге жер (чек) берүү максатында түзүлгөн генплан жана тийиштүү иш кагаздар CASA-1000  долбоорун ишке ашыруу максатында өзгөрүлүп жаткандыгына байланыштуу кетирилген бардык чыгымдар ААК “Улуттук энергетика иармактар” компаниясына жүктөлсүн.
3.Ушул токтом боюнча тийиштүү иш кагаздарын даярдоо жагы айыл өкмөтүнө тапшырылсын.
Кенештин төрагасы                                                               А.Айдаров
ТОКТОМ № 45
 
  Кара-Бак айылы                                                          2020- жылдын 9-июну                                     
 
Кара-Бак айылдык кеңешинин VI чакырылышынын кезектеги VII
сессиясы
 
Жайыт комитетинин тарифин бекитүү жөнүндө.
 
2020-жылдын 12-майында өткөрүлгөн жайыт пайдалануучулар бирикмесинин жалпы чогулушунун №1 протоколун  талкуулап Кара-Бак айыл аймагынын айылдык кеңеши
Токтом кылат
1. 2020-жылга Жайыт комитетинин бюджети 232920 (эки жүз отуз эки миң тогуз жүз жыйырма) сомго жана тарифи тиркемеге ылайык бекитилсин.
2. Жайыт пайдалануучулар бирикмесинен айыл өкмөтүнө түшүүчү 30 пайыз акча каражаты жайыттарды жакшыртуу үчүн иштетүү жагы айыл өкмөтүнө сунушталсын.
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык кеңештин бюджет боюнча туруктуу комиссиясынын төрагасына  жүктөлсүн
 
 
 
Кенештин төрагасы                                                 А.Айдаров
 
 
 
 
 
 
 
2020-жылга Жайыт комитетинин бюджети 232920 (эки жүз отуз эки миң тогуз жүз жыйырма) сом жана тарифи
 
Аталышы Саны Суммасы
1 Кой-Эчки 1 баш 24
2 Уй- Топоз 1 баш 120
3 Жылкы-Эшек 1 баш 120
4 Отун пул 1 куб 600
 
 
 
 

ТОКТОМ № 46
 
  Кара-Бак айылы                                                          2020- жылдын 9-июну                                     
 
Кара-Бак айылдык кеңешинин VI чакырылышынын кезектеги VII сессиясы
 
 
 
 
Айыл өкмөтүнүн салык кызматкерлеринин  отчетун угуу жөнүндө.
 
Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 111-беренесинин 2 бөлүгүнүн негизинде Кара-Бак айыл өкмөтүнүн 2019-жылдын жана                        2020-жылдын I-кварталындагы жыйналган салыктардын аткарылышы боюнча киреше боюнча жетектөөчү адиси Ырысбек кызы Айчүрөктүн отчётун угуп жана талкуулап              Кара-Бак айыл аймагынын айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кара-Бак айыл өкмөтүнүн 2019-жылдагы жана 2020-жылдын                            I-кварталындагы жыйналган салыктардын аткарылышы канааттандыраарлык деп табылсын.
 2.Салыктарын өз убагында төкпөгөн салык төлөөчүлөр менен мыйзам чегинде иш алып баруу жагы айыл өкмөтүнө тапшырылсын.
          3.Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык кеңештин бюджет боюнча туруктуу комиссиясынын төрагасына  жүктөлсүн.
 
Кенештин төрагасы                                                               А.Айдаров

 
 
 
 
ТОКТОМ № 47
 
  Кара-Бак айылы                                                          2020- жылдын 9-июну                                     
 
Кара-Бак айылдык кеңешинин VI чакырылышынын кезектеги VII
сессиясы
 
 
 
Кызыл-Бел айылындагы Кызыл-Кыр СПАсынын тарифин бекитүү жөнүндө.
 
Кызыл-Бел айылындагы Кызыл-Кыр СПАсынын жалпы элдик чогулушунун жана бюджет маселелери боюнча туруктуу комиссиясынын билдирүүсүн угуп  жана талкуулап Кара-Бак айыл аймагынын айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кара-Бак айыл өкмөтүнө караштуу Кызыл-Бел айылындагы                   Кызыл-Кыр СПАсынын учурдагы эгиндин түрлөрүнө жана кызмат көрсөтүүгө иштелип чыккан тарифи тиркемеге ылайык бекитилсин.
2.Субьарендага жер алып иштеткендер жана мүчө болуп катталбаган суу пайдалануучуларга тариф эки эселенген тартипте жүргүзүлсүн.
          3.Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык кеңештин бюджет маселелери боюнча туруктуу комиссиянын төрагасына жүктөлсүн.
 
 
Кенештин төрагасы                                        А.Айдаров
 
                                                                                     А.Айдаров
 
 
 
 
 
 
 
 
 
Кара-Бак айыл өкмөтүнө караштуу Кызыл-Бел айылындагы Кызыл-Кыр СПАсынын 1150 га сугат жер үчүн тарифи.
 
 
 
Түрлөрү 1га сом
1 Бак   12,5
2 Пияз   50
3 Тамеки   40
4 Арпа буудай   18
5 Картошка   20
6 Беде   20
7 Мака жүгөрү   18
8 тамарка   300
9 Ашар   100/участ
10 25% кредиттик кайтарым   78
 
 
Субьарендага жер алып иштеткендер жана мүчө болуп катталбаган суу пайдалануучуларга тариф эки эселенген тартипте жүргүзүлөт.

Суу уурдагандарга 1-жолу 500 сом, 2-жолу 1000 сом айып салынат.
Суу системасын негизсиз бузгандарга 5000 сом айып салынат.
 
 
ТОКТОМ № 48
 
  Кара-Бак айылы                                                          2020- жылдын 9-июну                                     
 
Кара-Бак айылдык кеңешинин VI чакырылышынын кезектеги VII сессиясы
 
 
 
Кара-Бак айыл аймагынын КААБнун ревизорун дайындоого макулдук берүү  жөнүндө.
 
Кара-Бак айыл аймагынын КААБнун төрагасы А.Бааназаровдун билдирүүсүн  угуп  жана талкуулап Кара-Бак айыл аймагынын айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кара-Бак айыл аймагынын КААБнун мыйзамына ылайык 4-статья                18-беренесинин негизинде КААБнун ревизоруга Кара-Бак айылынын тургуну Дүйшеев Султан Буркановичти дайындоого макулдук берилсин.
          2.Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык кеңештин мыйзамдуулук маселелери боюнча туруктуу комиссиянын төрагасына жүктөлсүн.
 
 
Кенештин төрагасы                                        А.Айдаров

                                                                                 
ТОКТОМ № 49
 
 
  Кара-Бак айылы                                                          2020- жылдын 9-июну                                     
 
Кара-Бак айылдык кеңешинин VI чакырылышынын кезектеги VII сессиясы
 
 
 
Кара-Бак айыл аймагынын айыл өкмөтүнө караштуу Б.Нарматов атындагы орто мектебинин физика мугалими  Акматбекова Бүажар Ааламбековнаны КРнын Эмгек сиңирген мугалимине сунуштоо жөнүндө.
 
Кара-Бак айыл аймагынын айыл өкмөтүнө караштуу Б.Нарматов атындагы орто мектебинин физика мугалими Акматбекова Бүажар Ааламбековнанын көп жылдан бери  билим берүү тармагында үзүрлүү  эмгектенгендигин эске алып, КРнын Эмгек сиңирген мугалимине сунуштоо үчүн Кара-Бак айыл аймагынын айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
 
1. Кара-Бак айыл аймагынын айыл өкмөтүнө караштуу Б.Нарматов
 
атындагы орто мектебинин физика мугалими Акматбекова Бүажар Ааламбековна КРнын Эмгек сиңирген мугалимине сунушталсын.
2.Иш кагаздарын даярдоо жагы Кара-Бак айыл өкмөтүнө тапшырылсын.
          3.Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык кеңештин төрагасынын орун басарына  жүктөлсүн.
 
 

Кенештин төрагасы                               А.Айдаров