Токтомдор

Кара-Бак айылдык кенешинин VI чакырылышынын кезексизV сессиясы

 
 
 
ТОКТОМ № 39
 
 Кара-Бак айылы                                                                     2020-жылдын 13-марты                                  

Кара-Бак айылдык кеңешинин VI чакырылышынын кезексиз V сессиясы
                                                                                            
 
“CASA-1000” долбоорунун алкагында айыл өкмөтүнүн аймагынан электр чубалгыларын өткөрүүгө жер тилкесин бөлүп берүү жөнүндө
         
КР Өкмөтүнүн №105 20.02.2020-жылкы токтомунун негизинде     “CASA-1000” долбоорунун алкагында айыл өкмөтүнүн аймагынан электр чубалгыларын өткөрүүгө 500 кВтук аба чубалгыларын куруу үчүн айыл өкмөтүнүн аймагынан жалпы 9157м2 жер аянтын бөлүп берүү максатында  Кара-Бак айылдык кенеши
    ТОКТОМ КЫЛАТ:
 
    1.Кара-Бак айыл аймагынын айыл өкмөтүнө караштуу Алты-Адыр участкасынан 9157м2 жер аянтын мамлекеттер аралык CASA-1000 долбоорун ийгиликтүү ишке ашыруу максатында “Датка Сугд” 500 Кв чыңалуусундагы электр аба линиясынын тирөөчтөрүн орнотуу үчүн  КРнын Өкмөтүнүн №105 20.02.2020-жылкы токтомуна ылайык белгиленген тартипте акысыз жана 49 жылга мөөнөттүү пайдаланууга берилсин.
2.Алты-Адыр участкасынан элге жер (чек) берүү максатында түзүлгөн генплан жана тийиштүү иш кагаздар аралык CASA-1000 долбоорун  ишке ашыруу максатында өзгөрүлүп жаткандыгына байланыштуу кетирилген бардык чыгымдар ААК “Улуттук энергетика тармактар” компаниясына жүктөлсүн.
3.Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык кенештин төрагасынын орун басарына тапшырылсын.
Кеңештин төрагасы:                                                                       А.Айдаров
 
 
 
                                    
                                                              №40

 Кара-Бак айылы                                                                     2020-жылдын 13-марты        

Кара-Бак айылдык кеңешинин VI чакырылышынын кезексиз V сессиясы
 
 
 Кара-Бак айылындагы АВМ участкасындагы 16м2 жер
аянтын Баткен РЭТ ишканасынын балансына өткөрүп берүү жөнүндө.  
         
Кара-Бак айыл аймагынын айылдык кенешинин депутаттарынын сунуштарын угуп жана талкуулап Кара-Бак айылдык кенешинин VI чакырылышынын кезексиз V сессиясы
 
 ТОКТОМ КЫЛАТ
1. Кара-Бак айыл аймагынын Кара-Бак айылынын АВМ участкасындагы 16м2 жер аянтын Баткен РЭТ ишканасынын балансына өткөрүп берүүгө макулдук берилсин.  
2. Тийиштүү документтерди даярдоо жагы Кара-Бак айыл өкмөтүнө жүктөлсүн.
 3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Айылдык кеңештин төрагасынын орун басарына милдеттендирилсин.
 
 
Кенештин төрагасы                                                                    А.Айдаров
 
 
 
 ТОКТОМ № 41
 
 Кара-Бак айылы                                                                     2020-жылдын 13-марты                                       
 
                                                     Кара-Бак айылдык кеңешинин VI чакырылышынын кезексиз V сессиясы
                                                                                               
 
 
Кара-Бак айылдык кеңешинин 2018-жылдын 1-октябрь №59,60 сандуу токтомдоруна өзгөртүү киргизүү жөнүндө
 
 
 Кара-Бак айылдык кеңешинин 2018-жылдын 1-октябрь №59, 60 сандуу токтомдорундагы “Өнөр жайынын, транспорттун, байланыштын, энергетиканын, коргонуунун жерлери жана башка багыттагы жерлер”  деген сүйлөмдү Калктуу пунктардын жерлери деп өзгөртүп берүү максатында
Кара-Бак айылдык кенеши
 ТОКТОМ КЫЛАТ
 
1. Кара-Бак айылдык кеңешинин 2018-жылдын 1-октябрь №59, 60 сандуу токтомдорундагы “Өнөр жайынын, транспорттун, байланыштын, энергетиканын, коргонуунун жерлери жана башка багыттагы жерлер”  деген сүйлөмдү “Калктуу пунктардын жерлери” деп өзгөртүп берүүгө макулдук берилсин.
2. Тийиштүү документтерди даярдоо жагы айыл өкмөтүнө жүктөлсүн.
2.  Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы жер маселелери боюнча туруктуу  комиссиясына жүктөлсүн
 
 
 
Кенештин төрагасы                                                 А.Айдаров