Кара-Бак айылдык кеңешинин VIII чакырылышынын кезектеги II сессиясы
ТОКТОМ № 5
2024-жыл 19-декабрь Кара-Бак айылы
Кара-Бак айылдык кеңешинин VIII чакырылышынын
кезектеги II сессиясы
Жер аянтынын багытын которууга макулдук берүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” мыйзамына ылайык, Кара-Бак айылдык кеңешинин транспорт, курулуш, өнөр жай, суу чарбасы жана жер маселелери боюнча туруктуу комиссиясынын төрагасы К. Темурбоевдин билдирүүсүн угуп, жер аянтынын багытын которууга макулдук берүү максатында Кара-Бак айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
- Кызыл-Бел айылынын тургуну Азамбаев Залкарбек Увраимовичке турак жай үчүн берилген 1500 м кв жер аянтынын ичинен, 530 м кв аянтын ““Соода-сатык коммерциялык ишмердүүлүк зонасына” которууга макулдук берилсин.
- Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Кара-Бак айылдык кеңешинин Транспорт, курулуш, өнөр жай, суу чарбасы жана жер маселелери боюнча туруктуу комиссиясынын төрагасына тапшырылсын.
Кара-Бак айылдык кенешинин төрагасы: А. Дилишатов.
ТОКТОМ № 6
2024-жыл 19-декабрь Кара-Бак айылы
Кара-Бак айылдык кеңешинин VIII чакырылышынын
кезектеги II сессиясы
Жер аянтынын багытын которууга макулдук берүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” мыйзамына ылайык, Кара-Бак айылдык кеңешинин транспорт, курулуш, өнөр жай, суу чарбасы жана жер маселелери боюнча туруктуу комиссиясынын төрагасы К. Темурбоевдин билдирүүсүн угуп, жер аянтынын багытын которууга макулдук берүү максатында Кара-Бак айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
- Достук айылынын тургуну Мухамадиев Абдураим Кимсанбаевичке турак жай үчүн берилген 1200 м кв жер аянтынын ичинен, 160 м кв аянтын “Соода-сатык коммерциялык ишмердүүлүк зонасына” которууга макулдук берилсин.
- Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Кара-Бак айылдык кеңешинин Транспорт, курулуш, өнөр жай, суу чарбасы жана жер маселелери боюнча туруктуу комиссиясынын төрагасына тапшырылсын.
Кара-Бак айылдык кенешинин төрагасы: А. Дилишатов.
ТОКТОМ № 7
2024-жыл 19-декабрь Кара-Бак айылы
Кара-Бак айылдык кеңешинин VIII чакырылышынын
кезектеги II сессиясы
“Дөгмөн-Кен” ЖЧК жол салууга макулдук берүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” мыйзамына ылайык, Кара-Бак айылдык кеңешинин транспорт, курулуш, өнөр жай, суу чарбасы жана жер маселелери боюнча туруктуу комиссиясынын төрагасы К. Темурбоевдин билдирүүсүн угуп, жер аянтынын багытын которууга макулдук берүү максатында Кара-Бак айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
- Дөгмөн-Кен ЖЧК ишканасына Дөгмөн учаскасынан Ормузан көмүр шахтысына чейин 11,2 км техникалык жол салууга макулдук берилсин.
- Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Кара-Бак айылдык кеңешинин Транспорт, курулуш, өнөр жай, суу чарбасы жана жер маселелери боюнча туруктуу комиссиясынын төрагасына тапшырылсын.
Кара-Бак айылдык кенешинин төрагасы: А. Дилишатов.
ТОКТОМ № 8
2024-жыл 19-декабрь Кара-Бак айылы
Кара-Бак айылдык кеңешинин VIII чакырылышынын
кезектеги II сессиясы
Пайдаланып жүргөн жер аянтын жеке менчикке бекитип берүүгө макулдук берүү жөнүндө.
Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” мыйзамына ылайык, Кара-Бак айылдык кеңешинин жер маселелери боюнча туруктуу комиссиянын №1 протоколунун негизинде пайдаланып жүргөн жер аянттарын жеке менчикке бекитип берүүгө макулдук берүү максатында Кара-Бак айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
Кара-Бак айыл аймагындагы төмөнкү тургундардын:
- Матмуратова Күмүшай Турсунбаевна 8-01-09-1001-0949
- Зоирова Хуринисо Гозибековна 8-01-09-1001-0965
- Матураимова Бурул Сайитовна 8-01-09-1005-0056
- Абылкасым кызы Адина 8-01-09-1001-0076
- Кузиева Санталат Саттаровна 8-01-09-1003-0072
- Кушбакова Гүлжамила Жолдошалиевна 0,10 га
- Имарова Айгүл Исамидиновна 8-01-09-1002-2251
- Кайымбекова Авазкан Тойчуевна 8-01-09-1001-1710
- Матураимова Анархан Абдилазизовна 8-01-09-1005-0151
мурдатан бери турак-жай салып пайдаланып келген жер аянттарын өздөрүнө жеке менчикке кезексиз бекитип берүүгө макулдук берилсин.
- Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы, Кара-Бак айылдык кеңешинин жер маселелери боюнча туруктуу комиссиясынын төрагасына тапшырылсын.
Кара-Бак айылдык кенешинин төрагасы: А. Дилишатов.
ТОКТОМ № 9
2024-жыл 19-декабрь Кара-Бак айылы
Кара-Бак айылдык кеңешинин VIII чакырылышынын
кезектеги II сессиясы
Кара-Бак айыл өкмөтүнүн жергиликтүү бюджетинин сметасына өзгөртүү-толуктоо киргизүү жөнүндө.
Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” мыйзамына ылайык, Кара-Бак айылдык кеңешинин Экономика-финансы, бюджет, салык маселелери боюнча туруктуу комиссиясынын чечимин эске алып, угуп жана талкуулап Кара-Бак айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ
- Айыл өкмөтүнүн, жергиликтүү бюджетинин 2024-жылдын II -жарым жылдыгында пландан ашыкча аткарылган 3000,0 мин сомду, мурунку сметада каралган боюнча машина жана оборудованияга 3112 статьясына 1026,0 мин сом, турдуу чыгымдар 2215 статьясына 1788,0 мин сом, товарларды сатып алуу боюнча 2222 статьясына 186,0 мин сомду, жалпы 3000,0 мин сомду пландарына кошуп көбөйтүп берүү жагы жана ошондой эле, кредитти төлөө боюнча 2411 статьясынан 132,8 мин сом, здания жана курулуштар боюнча 3111 статьясынан 313 мин сомду, ГСМ боюнча 2214 статьясына 235,0 мин сом жана сапардык чыгымдар боюнча 2211 статьясына 42,0 мин сом жана товарларды сатып алуу боюнча 2222 статьясына 168,8 мин сомду жылдырып бекитилсин.
- Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Кара-Бак айылдык кеңешинин Экономика-финансы, бюджет, салык маселелери боюнча туруктуу комиссиянын төрагасына тапшырылсын.
Кара-Бак айылдык кенешинин төрагасы: А. Дилишатов.
ТОКТОМ № 10
2024-жыл 19-декабрь Кара-Бак айылы
Кара-Бак айылдык кеңешинин VIII чакырылышынын
кезектеги II сессиясы
Чет-Кызыл айылындагы балдар-бакчасына каражат бөлүп берүү жөнүндө.
Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” мыйзамына ылайык, Кара-Бак айылдык кеңешинин Экономика-финансы, бюджет, салык маселелери боюнча туруктуу комиссиясынын чечимин эске алып, угуп жана талкуулап Кара-Бак айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ
- Кара-Бак айыл өкмөтүнүн сунушун эске алуу менен. Кара-Бак айыл өкмөтүнүн 2025-жылкы бюджетинен стимул грантка салым катары 1 459 458 (бир миллион төрт жүз элүү тогуз мин төрт жүз элүү сегиз) сом бөлүп берилсин.