Токтомдор

Кара-Бак айылдык кеңешинин VII чакырылышынын кезексиз XLI сессиясы

 
 
 



 
ТОКТОМ № 53
 
Кара-Бак айылы                                                                            5-июль  2024-жыл.
 
Кара-Бак айылдык кеңешинин VII чакырылышынын кезексиз
XLI сессиясы
 
Кара-Бак айыл аймагынында “Сасык  ферула” (чайыр) ширесин чогултууга макулдук бербөө жөнүндө.
 
 
              “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” мыйзамына ылайык, Кара-Бак айылдык кеңешинин жер маселелери боюнча туруктуу комиссиянын мүчөсү А. Дилишатовдун билдирүүсүн угуп, жана талкуулап, жаратылышты коргоо, айлана чөйрөнү, экологияны, жайыттарды сактоо максатында  Кара-Бак айылдык кеңеши
 
ТОКТОМ КЫЛАТ:
 
  1. Жаратылышты коргоо, айлана чөйрөнү, экологияны, жайыттарды сактоо максатында Кара-Бак айыл өкмөтүнүн жакынкы жайыттарында  “Сасык  ферула” (чайыр) ширесин чогултууга  макулдук берилбесин.
  2. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Кара-Бак айылдык кеңешинин Транспорт, курулуш, өнөр жай, суу чарбасы жана жер маселелери боюнча туруктуу комиссиясынын төрагасына тапшырылсын.
  
 
 
Айылдык кеңештин төрайымы                                   Ж.Шадиманова.