Токтомдор

Кара-Бак айылдык кеңешинин VII чакырылышынын кезексиз XLII сессиясы

ТОКТОМ № 54
 
Кара-Бак айылы                                                                            12-июль  2024-жыл.
 
Кара-Бак айылдык кеңешинин VII чакырылышынын кезексиз
XLII сессиясы
 
Ош-Баткен унаа жолунун жээгин жашылдандыруу жөнүндө.
 
 
              “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” мыйзамына ылайык, Кара-Бак айылдык кеңешинин транспорт, курулуш, өнөр жай, суу чарбасы жана жер маселелери боюнча туруктуу комиссиясынын төрагасы З. Осмоновдун билдирүүсүн угуп жана талкуулап, жаратылышты коргоо, айлана чөйрөнү көрктөндүрүү максатында  Кара-Бак айылдык кеңеши
 
ТОКТОМ КЫЛАТ:
 
  1. Ош-Баткен унаа жолунун Кара-Бак айыл аймагына караштуу Кош-Моло участкасынан Развилька участкасына чейинки аралыкты жашылдандыруу максатында жолдун коргоо тилкесине көчөт отургузуп өстүрүү үчүн Төрт-Гүл айыл өкмөтүнө жолдун коргоо тилкесин убактылуу  пайдаланууга берүүгө макулдук берилсин.
  2. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Кара-Бак айылдык кеңешинин Транспорт, курулуш, өнөр жай, суу чарбасы жана жер маселелери боюнча туруктуу комиссиясынын төрагасына тапшырылсын.
 
Айылдык кеңештин төрайымы                                   Ж.Шадиманова.
ТОКТОМ № 55
 
Кара-Бак айылы                                                                            12-июль  2024-жыл.
 
Кара-Бак айылдык кеңешинин VII чакырылышынын кезексиз
XLII сессиясы
 
Кара-Бак айылындагы 1,80 га жер аянтынын түрүн которууга макулдук берүү  жөнүндө
 
              Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө”  мыйзамына ылайык, Кара-Бак айылдык кеңешинин транспорт, курулуш, өнөр жай, суу чарбасы жана жер маселелери боюнча туруктуу комиссиясынын төрагасы З. Осмоновдун билдирүүсүн угуп, жер аянтын түрүн которууга макулдук берүү  максатында     Кара-Бак айылдык кеңеши
 
ТОКТОМ КЫЛАТ:
 
1.     Кара-Бак айылынын Ак-Өтөк участкасындагы 1,80 га жер аянтын “айыл чарба багытындагы жерлер” категориясынан “өнөр жайынын транспорттун байланыштын энергетиканын коргонуунун жерлери жана башка багыттагы жерлер” категориясына которууга макулдук берилсин.
 
2.      Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Кара-Бак айылдык кеңешинин Транспорт, курулуш, өнөр жай, суу чарбасы жана жер маселелери боюнча туруктуу комиссиясынын төрагасына тапшырылсын.
 
 
 
Айылдык кеңештин төрайымы                                   Ж.Шадиманова.