Токтомдор

Кара-Бак айылдык кеңешинин VII чакырылышынын кезексиз IX сессиясы

ТОКТОМ №56
 
Кара-Бак айылы                                                         
2021-жылдын 24-декабры

Кара-Бак айылдык кеңешинин VII чакырылышынын кезексиз IX
сессиясы
 
Айыл өкмөтүнүн аймагында геологиялык чалгындоо иштерин жүргүзүүгө макулдук берүү жөнүндө
 
       “Актив Майнинг” жоопкерчилиги чектелген коомунунун №6914 СР лицензиясынын негизинде,  Кара-Бак айыл өкмөтүнүн “Урмизан - 3” участкасынан  17,09 га   жер аянтына көмүр корун изилдөөгө  уруксат берүү максатында Кара-Бак айылдык кеңеши           
Токтом кылат 
1. “Актив Майнинг” жоопкерчилиги чектелген коомуна №6914 СР лицензиясынын негизинде Кара-Бак айыл өкмөтүнүн “Урмизан - 3” участкасынан  17,09 га   жер аянтына көмүр корун изилдөөгө  уруксат берилсин.
2.“ Актив Майнинг ” жоопкерчилиги чектелген коомунун жетекчилигине геологиялык изилдөө иштерин жүргүзүү мезгилинде аймактагы экологиялык коопсуздукту сактоо менен мыйзам чегинде иш алып баруу жагы милдеттендирилсин.
2.Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Кара-Бак айылдык кеңешинин жер комитетинин төрагасы З.Осмоновго тапшырылсын.
 
 
 
Айылдык кеңештин төрайымы                                  Ж.Шадиманова
 

ТОКТОМ №57
 
Кара-Бак айылы                                                         
2021-жылдын 24-декабры
 
Кара-Бак айылдык кеңешинин VII чакырылышынын кезексиз IX
сессиясы
 
Айыл өкмөтүнүн аймагында геологиялык чалгындоо иштерин жүргүзүүгө макулдук берүү жөнүндө
 
       “Датка” жоопкерчилиги чектелген коомунунун №6911 СР лицензиясынын негизинде,  Кара-Бак айыл өкмөтүнүн “Урмизан - 1” участкасынан   198,2 га   жер аянтына көмүр корун изилдөөгө  уруксат берүү максатында Кара-Бак айылдык кеңеши           
Токтом кылат 
1. “Датка” жоопкерчилиги чектелген коомуна №6911 СР лицензиясынын негизинде Кара-Бак айыл өкмөтүнүн “Урмизан-1” участкасынан  198,2 га   жер аянтына көмүр корун изилдөөгө  уруксат берилсин.
2. “Прадо и Ко” жоопкерчилиги чектелген коомунун жетекчилигине геологиялык изилдөө иштерин жүргүзүү мезгилинде аймактагы экологиялык коопсуздукту сактоо менен мыйзам чегинде иш алып баруу жагы милдеттендирилсин.
2.Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Кара-Бак айылдык кеңешинин жер комитетинин төрагасы З.Осмоновго тапшырылсын.
 
Айылдык кеңештин төрайымы                                  Ж.Шадиманова
 

ТОКТОМ №58
 
Кара-Бак айылы                                                         
2021-жылдын 24-декабры

Кара-Бак айылдык кеңешинин VII чакырылышынын кезексиз IX
сессиясы
Айыл өкмөтүнүн аймагында геологиялык чалгындоо иштерин жүргүзүүгө макулдук берүү жөнүндө
 
 
       “Прадо и Ко” жоопкерчилиги чектелген коомунунун №6912 СР лицензиясынын негизинде,  Кара-Бак айыл өкмөтүнүн “Урмизан - 2” участкасынан   71,6 га   жер аянтына көмүр корун изилдөөгө  уруксат берүү максатында Кара-Бак айылдык кеңеши           
Токтом кылат 
1. “Прадо и Ко” жоопкерчилиги чектелген коомуна №6912 СР лицензиясынын негизинде Кара-Бак айыл өкмөтүнүн “Урмизан-2” участкасынан  71,6 га   жер аянтына көмүр корун изилдөөгө  уруксат берилсин.
2. “Прадо и Ко” жоопкерчилиги чектелген коомунун жетекчилигине геологиялык изилдөө иштерин жүргүзүү мезгилинде аймактагы экологиялык коопсуздукту сактоо менен мыйзам чегинде иш алып баруу жагы милдеттендирилсин.
2.Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Кара-Бак айылдык кеңешинин жер комитетинин төрагасы З.Осмоновго тапшырылсын.
 
 
Айылдык кеңештин төрайымы                                  Ж.Шадиманова
 

ТОКТОМ №59
 
Кара-Бак айылы                                                         
2021-жылдын 24-декабры

Кара-Бак айылдык кеңешинин VII чакырылышынын кезексиз IX
сессиясы
“Баткен - Кара-Бак  жана Баткен - Кызыл-Бел маршруттук каттамынын жол акысынын тарифин бекитүү жөнүндө
 
 
           Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө” мыйзамына ылайык, “Баткен” акционердик коомунун кайрылуусун карап чыгып,  Кара-Бак айылдык кеңешинин финансы комитетинин төрагасы Р.Султановтун билдирүүсүн эске алып, угуп жана талкуулап маршруттук каттамдын тарифине макулдук берүү максатында Кара-Бак айылдык кеңеши
Токтом кылат 
1. Баткен - Кара-Бак  жана Баткен - Кызыл-Бел маршруттук каттамынын жол акысын тарифи бир кишиге 25 сомдон болуусуна макулдук берилсин.
 
2. Ар 30 мүнөт аралыгында каттам жүрүп, “Баткен” акционердик коому тарабынан жадыбалы аялдамага  илинсин.
3.Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Кара-Бак айылдык кеңешинин төрагасынын орун басары Ж.Тулановго тапшырылсын.
 
 
Айылдык кеңештин төрайымы                                   Ж.Шадиманова