Кара-Бак айылдык кеңешинин VII чакырылышынын кезексиз XLV сессиясы
ТОКТОМ № 77
Кара-Бак айылы 2024-жыл 11-сентябрь.
Кара-Бак айылдык кеңешинин VII чакырылышынын кезексиз
XLV сессиясы
Баткен районунун “Ардактуу атуулу” наамына сунуш берүү жөнүндө.
Кыргыз Республикасынын 2017-жылдын 28-июлундагы №157 “мамлекеттик сыйлыктары жана ардак наамдары жөнүндө” мыйзамынын, Кара-Бак айыл аймагынын “Ардактуу Атуул” наамын берүү боюнча жобосунун негизинде Кара-Бак айылдык кеңешинин Мыйзамдуулук жана инвестиция тартуу боюнча туруктуу комиссиянын билдирүүсүн эске алып, угуп жана талкуулап Кара-Бак айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ
- Кара-Бак айылдык кенешинин төрайымы – Шадиманова Жамыйла Жолдошбаевна Баткен районунун “Ардактуу Атуулу” наамына сунушталсын.
- Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Кара-Бак айылдык кеңешинин мыйзамдуулук боюнча туруктуу комиссиянын төрагасына тапшырылсын.
Айылдык кеңештин төрайымы Ж.Шадиманова.
ТОКТОМ № 78
Кара-Бак айылы 2024-жыл 11-сентябрь.
Кара-Бак айылдык кеңешинин VII чакырылышынын кезексиз
XLV сессиясы
Кара-Бак айылындагы Милициянын аймактык бөлүмүнө ат берүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө” мыйзамына ылайык, Кара-Бак айылдык кеңешинин Мыйзамдуулук жана инвестиция тартуу боюнча туруктуу комиссиянын билдирүүсүн эске алып, угуп жана талкуулап Кара-Бак айылындагы милициянын аймактык бөлүмүнө ат берүү максатында Кара-Бак айылдык кеңеши
Токтом кылат
- Кара-Бак айылындагы милициянын аймактык бөлүмүнө подполковник Мухамадиев Аскарали Жунусовичтин ысымын берүүгө макулдук берилсин.
- Тиешелүү иш-кагаздарын даярдап каттоо жагы Кара-Бак айыл өкмөтүнө тапшырылсын.
- Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Кара-Бак айылдык кеңешинин мыйзамдуулук боюнча туруктуу комиссияна тапшырылсын.
Айылдык кеңештин төрайымы Ж.Шадиманова.