Токтомдор

Кара-Бак айылдык кеңешинин VI чакырылышынын кезектеги I сессиясынын токтомдору

ТОКТОМ №1
      
   Кара-Бак айылы                                                                               2020-жылдын 8-январь           
 
 
 
Кара-Бак айылдык кеңешинин VI чакырылышынын кезектеги  I     сессиясы
 
 
 
 
 
Кара-Бак айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн башчысын  шайлоо жөнүндө
 
Кара-Бак айыл аймагынын айылдык кенешинин алдында түзүлгөн эсептөө комиссиянын протоколунун негизинде Кара-Бак айылдык кенешинин VI чакырылышынын  кезектеги I сессиясы
Токтом кылат
1.  Баткен райондук аймактык шайлоо комиссиясынын протоколу бекитилсин.
2. Кара-Бак айыл аймагынын айылдык кенешинин жалпы депутаттарынын көпчүлүк добушуна ээ болгон Каламбеков Абдикарим Саалыевич Кара-Бак айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн башчысы болуп шайлансын.
3. Ушул токтомдун көчүрмөсү Баткен аймактык шайлоо комиссиясына жана Баткен райондук мамлекеттик администрациясына жөнөтүлсүн.
4. Өткөрүлгөн шайлоонун жыйынтыгы массалык маалыматтар каражаттарына жарыялансын.
 
 
 
 
 
Кеңештин төрагасы:                                                                       А.Каламбеков
 
 
 
 
 
 
 
 
ТОКТОМ № 2
 
  Кара-Бак айылы                                                              2020- жылдын 8-январы                                       
 
 
 
Кара-Бак айылдык кеңешинин VI чакырылышынын кезектеги  I
сессиясы
 
 
Кара-Бак айыл аймагынын
Чет-Чызыл айылынын  генпланына өзгөртүү киргизүү жөнүндө
 
                                                  
 
 
 
Чет-Кызыл айылынын түштүк батыш тарабындагы сел ара боюндагы көчөнүн генпланына өзгөртүү киргизүү максатында Кара-Бак айылдык кенешинин VI чакырылышынын кезексиз I сессиясы
 
                                             ТОКТОМ КЫЛАТ
 
 
          1.Чет-Кызыл айылынын түштүк батыш тарабындагы сел ара боюндагы көчөнүн генпланына өзгөртүү киргизилип бекитилсин.
 
         2. Тийиштүү иш кагаздарын даярдоо жагы айыл өкмөтүнө тапшырылсын
        3.Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы жер маселери                                                                   боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
 
 
 
 
Кенештин төрагасы                                                            А.Каламбеков.