Токтомдор

Кара-Бак айылдык кеңешинин 7-чакырылышынын 1-2-сессиялары

 
ТОКТОМ № 16
 
  Кара-Бак айылы                                                       2021- жылдын 19-апрели                           
 
Кара-Бак айылдык кеңешинин VII чакырылышынын кезектеги I
сессиясы
 
 
Жергиликтүү депутаттардын полномочиялары жөнүндө
 
 
“Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө”, “Жергиликтүү кеңештердин депутаттарынын статусу жөнүндө”, Кыргыз Республикасынын Мыйзамдарына толуктоолор жана өзгөртүүлөр тууралуу, Кыргыз Республикасынын 2006-жылдын 6-февралындагы Мыйзамынын 1-бөлүмүнүн 2-статьясынын негизинде Кара-Бак айылдык кеңешинин VI чакырылышынын I сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ
1. Кара-Бак айыл аймагынын айылдык кеңешине жаныдан шайланган депутаттарынын полномочиялары бекитилсин.
 
 
 
Кара-Бак айылдык
кеңешинин төрайымы                                                       Ж.Шадиманова
 
 
ТОКТОМ № 17
 
 Кара-Бак айылы                                                          2021- жылдын 19-апрели                           
Кара-Бак айылдык кеңешинин VII чакырылышынын кезектеги I
сессиясы
 
Кара-Бак айыл аймагынын айылдык кеңешинин төрагасын шайлоо жөнүндө
 
Кара-Бак айыл аймагынын айылдык кеңешинин алдында түзүлгөн эсептөө комиссиянын протоколунун жана көпчүлүк депутаттардын сунуштарынын негизинде Кара-Бак айылдык кеңешинин VII чакырылышынын I сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ
1.  Кара-Бак айыл аймагынын айылдык кеңешинин алдында түзүлгөн эсептөө комиссиясынын протоколу бекитилсин.
2. Көпчүлүк добушка ээ болгон Шадиманова Жамыйла Жолдошбаевна Кара-Бак айыл аймагынын айылдык кеңешинин төрайымы болуп бекитилсин.
3. Ушул токтомдун көчүрмөсү Баткен аймактык шайлоо комиссиясына жана Баткен райондук мамлекеттик администрациясына жөнөтүлсүн.
4. Өткөрүлгөн шайлоонун жыйынтыгы массалык маалымат каражаттарына жарыялансын
 
 
Кара-Бак айылдык
кеңешинин төрайымы                                                       Ж.Шадиманова
 
  
 
ТОКТОМ № 18
 
  Кара-Бак айылы                                                           2021- жылдын 19-апрели                                    
Кара-Бак айылдык кеңешинин VII чакырылышынын кезектеги I
сессиясы
 
 
Кара-Бак айыл аймагынын айылдык кеңешинин төрайымынын орун басарын шайлоо жөнүндө
 
 
Кара-Бак айыл аймагынын айылдык кеңешинин алдында түзүлгөн эсептөө комиссиянын протоколунун негизинде Кара-Бак айылдык кеңешинин VII чакырылышынын I сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ
1.  Кара-Бак айыл аймагынын айылдык кеңешинин алдында түзүлгөн эсептөө комиссиясынын протоколу бекитилсин.
2. Көпчүлүк добушка ээ болгон Туланов Жаныбек Шамсидинович Кара-Бак айыл аймагынын айылдык кеңешинин төрайымынын орун басары болуп бекитилсин.
 
 
Кара-Бак айылдык
кеңешинин төрайымы                                                       Ж.Шадиманова
 
 
 
ТОКТОМ № 19
 
              Кара-Бак айылы                                                 2021- жылдын 19-апрели                                   
 
Кара-Бак айылдык кеңешинин VII чакырылышынын кезектеги I
сессиясы
 
 
Туруктуу комиссиялардын курамын бекитүү жөнүндө
 
Кара-Бак айыл аймагынын айылдык кеңешинин депутаттарынын кесиптик билим денгээлине жараша жана депутаттардын сунушунун негизинде туруктуу комиссияларга бөлүү максатында Кара-Бак айылдык кеңешинин VII чакырылышынын I сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ
1.  Кара-Бак айыл аймагынын айылдык кеңешинин туруктуу комиссиялары тиркемеге ылайык бекитилсин.
2. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Кара-Бак айылдык кеңешинин төрайымынын орун басарына милдеттендирилсин.
 
 
 
Кара-Бак айылдык
кеңешинин төрайымы                                                       Ж.Шадиманова
 
                                 
 
Кара-Бак айыл аймагынын айылдык кеңешинин 2021-жылдын 19-апрелиндеги № 19 токтомуна тиркеме.
 
Кара-Бак айыл аймагынын айылдык кеңешинин туруктуу комиссияларынын курамы.
 
1. Экономика-финансы, бюджет, салык маселелери боюнча туруктуу комиссиянын курамы:
  1. Султанов Рахманали - төрага
  2. Убаев Сүйүнбай
  3. Имаралиева Дурия
  4. Каламбеков Абдикарим
  5. Жапар уулу Айбек
  6. Исаков Айбек
 
2. Социалдык-маданий, байланыш жана коммуналдык чарба менен иштоо боюнча туруктуу комиссиянын курамы:
  1. Абдисаламова Кансулуу - төрайым
  2. Пайзуллаева Омина
  3. Эгемберди кызы Гүласал
  4. Жамалова Бурмагүл
  5. Садирова Гүлжамал
 
3. «Мыйзамдуулук, укук тартибин чындоо,  этика, жаштар, коомдук, саясий жана мамлекеттик эмес уюмдар менен  иштоо»  боюнча туруктуу комиссиянын курамы.
  1. Марахимов Таирбек - төрага
  2. Алтынбек уулу Адилет
  3. Нишанбаева Айжамал
  4. Эргешова Гүлайым
  5. Акматалиев Файзулла
 
4. Транспорт, курулуш, онор жай, суу чарбасы жана жер маселелери боюнча туруктуу комиссиянын курамы
  1. Осмонов Замирбек - төрага
  2. Дилишатов Акылбек
  3. Казыбеков Азимбай
  4. Надирова Мастира
  5. Суюнов Мамрасул
  6. Жээнбекова Абазхан
 
5.  Инвестициялар боюнча туруктуу комиссиянын курамы
1. Темиркулов Мундузбек – төрага
2. Сапаров Данияр
3. Абдиллаева Рахат
4. Сапарова Гүлзат
5. Джолматов Равшанбек
 
 
 
ТОКТОМ № 20
 
 
  Кара-Бак айылы                                                            2021- жылдын 15-июну
 
 
Кара-Бак айылдык кеңешинин VII чакырылышынын кезектеги II
сессиясы
 
Кара-Бак айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн башчысын  шайлоо жөнүндө
 
Кара-Бак айыл аймагынын айылдык кеңешинин алдында түзүлгөн эсептөө комиссиянын протоколунун негизинде Кара-Бак айылдык кеңешинин VII чакырылышынын  кезектеги II сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ
1.  Баткен райондук аймактык шайлоо комиссиясынын протоколу бекитилсин.
2. Кара-Бак айыл аймагынын айылдык кенешинин жалпы депутаттарынын көпчүлүк добушуна ээ болгон Каламбеков Абдикарим Саалыевич Кара-Бак айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн башчысы болуп шайлансын.
3. Ушул токтомдун көчүрмөсу Баткен аймактык шайлоо комиссиясына жана Баткен райондук мамлекеттик администрациясына жөнөтүлсүн.
4. Өткөрүлгөн шайлоонун жыйынтыгы массалык маалыматтар каражаттарына жарыялансын.
 
 
Кара-Бак айылдык
кеңешинин төрайымы                                                       Ж.Шадиманова

ТОКТОМ № 21
 
  Кара-Бак айылы                                                            2021- жылдын 15-июну
 

Кара-Бак айылдык кеңешинин VII чакырылышынын кезектеги II
сессиясы
 
Кара-Бак айылдык кеңешинин Регламентине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө
 
 
 
 «Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө», «Жергиликтүү кеңештердин депутаттарынын статусу жөнүндө», «Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө», Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын жана Кыргыз Республикасынын башка ченемдик укуктук актыларынын негизинде иштелип чыккан жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган айылдык кеңештин иштерин уюштуруунун жана алардын ыйгарым укуктарын ишке ашыруунун тартибин белгилөө максатында Кара-Бак айылдык кеңешинин VII чакырылышынын кезектеги II сессиясы
 
ТОКТОМ КЫЛАТ.
 
1. Кара-Бак айылдык кеңешинин Регламенти бекитилсин.
2. Кара-Бак айылдык кеңешинин Регламентин каттоодон өткөрүп берүү жагы Баткен облустук Юстиция башкармасынан суралсын.
3. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Кара-Бак айылдык кеңешинин төрагасынын орун басары Ж.Тулановго милдеттендирилсин.
 
                                                                                                                                                                                                                                                                                                           
 
 
Кара-Бак айылдык
кеңешинин төрайымы                                                       Ж.Шадиманова