Кара-Бак айылдык кеңешинин VII чакырылышынын кезектеги XXXVI Сессиясы
ТОКТОМ №15.
Кара-Бак айылы 2024-жыл 23-март
Кара-Бак айылдык кеңешинин VII чакырылышынын кезектеги XXXVI
Сессиясы
Кара-Бак айылдык кеңешинин VII чакырылышынын кезектеги XVIII
сессиясы 2022-жылдын 25-сентябрыдагы № 74 токтомуна толуктоо киргизүү жөнүндө.
Кара-Бак айылдык кеңешинин жер маселелери боюнча комитетинин билдирүүсүн эске алып, угуп жана талкуулап Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” мыйзамына ылайык Кара-Бак айыл өкмөтүнүн Алты-Адыр участкасындагы жер аянтынын башкы планын өзгөртүүгө макулдук берүү максатында Кара-Бак айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
- Кара-Бак айылдык кеңешинин VII чакырылышынын кезектеги XVIII сессиясы 2022-жылдын 25-сентябрыдагы № 74 токтомунун 1-бөлүмү төмөндөгү сөздөр менен толукталсын: “Алты-Адыр участогуна даярдалган 2020-жылы №55 сандуу башкы планда каралган №2 мектеп, №3 бала бакча, №12 аптека, №14 ФАП жана 144 турак жай”.
- Токтомдун негизинде иш алып барып, кеткен чыгымдарын каржылоо айыл өкмөтүнө милдеттендирилсин.
Айылдык кеңештин төрайымы Ж.Шадиманова.
ТОКТОМ №16.
Кара-Бак айылы 2024-жыл 23-март
Кара-Бак айылдык кеңешинин VII чакырылышынын кезектеги XXXVI
Сессиясы
Кара-Бак айылдык кеңешинин VII чакырылышынын 2023-жылдын 26-январындагы кезексиз XX сессиясынын №5 токтомуна толуктоо киргизүү жөнүндө.
Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” мыйзамына ылайык, Кара-Бак айылдык кенешинин Транспорт, курулуш, өнөр жай, суу чарбасы жана жер маселелери боюнча туруктуу комиссиясынын мүчөсү А.Дилишатовдун билдирүүсүн эске алып №2 протоколунун негизинде, Кара-Бак айылдык кеңеши
Токтом кылат
- Кара-Бак айылдык кеңешинин VII чакырылышынын 2023-жылдын 26-январындагы кезексиз XX сессиясынын №5 токтомунун биринчи бөлүмүндөгү “28,0га” деген цифра “242863,9м2” менен алмаштырылсын, “тамчылатып сугаруу” деген сөз алып салынсын.
- Токтомдун негизинде иш алып баруу жагы Кара-Бак айыл өкмөтүнүн башчысына милдеттендирилсин.
- Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Кара-Бак айылдык кеңешинин жер маселелери боюнча туруктуу комиссиянын төрагасы З.Осмоновго тапшырылсын.
Айылдык кеңештин төрайымы Ж.Шадиманова.
ТОКТОМ №17.
Кара-Бак айылы 2024-жыл 23-март
Кара-Бак айылдык кеңешинин VII чакырылышынын кезектеги XXXVI
Сессиясы
Кара-Бак айылдык кеңешинин VII чакырылышынын кезектеги XXI сессиясы 2023-жылдын 16-февралындагы №11 токтомуна толуктоо киргизүү жөнүндө.
Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” мыйзамына ылайык, Кара-Бак айылдык кенешинин Транспорт, курулуш, өнөр жай, суу чарбасы жана жер маселелери боюнча туруктуу комиссиясынын мүчөсү А.Дилишатовдун билдирүүсүн эске алып №2 протоколунун негизинде, Кара-Бак айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кара-Бак айылдык кеңешинин VII чакырылышынын кезектеги XXI сессиясы 2023-жылдын 16-февралындагы №11 токтомунун биринчи бөлүмү жокко чыгарылып төмөнкү сөздөр менен толукталсын:
“Алты-Адыр участкасындагы “242863,9м2 жер аянтын “Алты-Адыр” ичүүчү таза суу муниципалдык ишканасына пайдаланууга берүүгө макулдук берилсин”.
2. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Кара-Бак айылдык кеңешинин жер маселелер боюнча туруктуу комиссиясынын төрагасы З.Осмоновго тапшырылсын.
Айылдык кеңештин төрайымы Ж.Шадиманова