Токтомдор

Кара-Бак айылдык кеңешинин VII чакырылышынын кезектеги VIII сессиясы

ТОКТОМ №50
 
Кара-Бак айылы                                                           
2021-жылдын 16-декабры 
                                                              
 
Кара-Бак айылдык кеңешинин VII чакырылышынын кезектеги VIII
сессиясы
 
Кызыл-Бел айылынын түндүк-батыш тарабындагы Улак жай участкасына мектеп курууга макулдук берүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” мыйзамына ылайык, Кара-Бак айылдык кеңешинин жер комитетинин төрагасы З.Осмоновтун билдирүүсүн эске алып, угуп жана талкуулап Кызыл-Бел айылынын түндүк-батыш тарабындагы Улак жай участкасына мектеп курууга макулдук  берүү максатында  Кара-Бак айылдык кеңеши
ТОКТОМ  КЫЛАТ:
 1. Россия Федерациясынын каржылоосу менен “школа будущего” долбоорунун алкагында Кызыл-Бел айылынын түндүк-батыш тарабындагы Улак жай участкасына мектеп курууга макулдук берилсин.
2. Тешелүү иш кагаздарын даярдап берүү жагы Кара-Бак айыл өкмөтүнө тапшырылсын.
3. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы,  Кара-Бак айылдык кеңешинин жер маселелери боюнча туруктуу комиссиясынын төрагасы З.Осмоновго тапшырылсын.
 
 
 
Айылдык кеңештин төрайымы                                   Ж.Шадиманова
 

ТОКТОМ №51
 
Кара-Бак айылы                                                           
2021-жылдын 16-декабры 

Кара-Бак айылдык кеңешинин VII чакырылышынын кезектеги VIII
сессиясы
Кезексиз жер аянтын бөлүп берүүгө макулдук берүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” мыйзамына ылайык, Кара-Бак айылдык кеңешинин жер комитетинин төрагасы З.Осмоновтун билдирүүсүн эске алып, угуп жана талкуулап Кыргыз Республикамынын “Турак-жай кодексинин” 13-беренесине ылайык, ата-энелеринин көзөмөлчүлүгүсүз калган жетим балдарга, турак-жайларды кезексиз берүүгө макулдук берүү максатында  Кара-Бак айылдык кеңеши
 
ТОКТОМ  КЫЛАТ
 
 1.Кыргыз Республикамынын “Турак-жай кодексинин” 13-беренесине ылайык төмөтөгү жарандарга кезексиз жер аянты берилсин,
1.     Нийматилла уулу Абдимамин
2.     Маматаиров Алишер Пайзиматович
3.     Пайзимат уулу Ажибай
4.     Мукарам уулу Артыкбай
5.     Жарматов Нурмухаммед Усилидинович
6.     Маматаиров Жыргалбек Пайзиматович
7.     Маматаиров Шумкарбек Пайзиматович
8.      Нийматилла уулу Абдулсамат
9.      Байитов Абдуллахат Нийматиллаевич
10.  Жарматов Нурбоил Уснидинович
2. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы,  Кара-Бак айылдык кеңешинин жер маселелери боюнча туруктуу комиссиясынын төрагасы З.Осмоновго тапшырылсын.

Айылдык кеңештин төрайымы                                      Ж.Шадиманова
 

ТОКТОМ №52
 
Кара-Бак айылы                                                           
2021-жылдын 16-декабры 

Кара-Бак айылдык кеңешинин VII чакырылышынын кезектеги VIII
сессиясы
Жер аянтын трансформациялоого макулдук берүү жөнүндө
 
 
Кыргыз Республикасынын 2013-жылдын 15-июль айындагы                        № 145  "Жерлерди которуу ( трансформациялоо) жөнүндөгү" мыйзамын, Кыргыз Республикасынын Жер Кодексинин 13-беренесинин жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2014-жылдын 19-мартындагы № 169 сандуу токтомун жетекчиликке алып, жарандардын турак-жайга болгон муктаждыгын чечүү үчүн  жер аянтын которуу(трансформациялоо)  максатында Кара-Бак айылдык кеңеши
Токтом кылат 
1. Кара-Бак айыл өкмөтүнүн Кызыл-Бел айылынын батыш тарабындагы №47-49-50-51-119-120-124-125-126-128-129-130-132-133-144-155-156-157-158 -159-160-161-164-контурларда 74,0 га таштуу жайыт жер,  №46-47-49-50 51-52-53-54-55-76-119-120-122-124-125-126-127-128-129-130-131-132-133-156 -157-158-159-160-161-164-170-173-контурлардагы 60,60 га таштуу жайыт жер,  №191-контурдагы 17,13 га таштуу жайыт жер, №196-контурда 0,67 га таштуу жайыт жер жана №152-154-контурларда жайгашкан 12,6 га  мелиоративдик курулуш астындагы жер, жалпы 165,0 га жер аянтын жеке менчик турак-жай куруу үчүн “Айыл чарба багытындагы жерлер” категориясынан “Калктуу конуштун жерлери” категориясына которууга макулдук берилсин.
2. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Кара-Бак айылдык кеңешинин жер маселелери боюнча туруктуу комиссиянын төрагасына тапшырылсын.
 
 
 
Айылдык кеңештин төрайымы                                  Ж.Шадиманова

 

ТОКТОМ №53
 
Кара-Бак айылы                                                           
2021-жылдын 16-декабры 

Кара-Бак айылдык кеңешинин VII чакырылышынын кезектеги VIII
сессиясы
Чет-Кызыл айылынын башкы планына өзгөртүү киргизүүгө макулдук берүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” мыйзамына ылайык, Кара-Бак айылдык кеңешинин жер комитетинин төрагасы З.Осмоновтун билдирүүсүн эске алып, угуп жана талкуулап Чет-Кызыл айылынын башкы планына өзгөртүү киргизүүгө макулдук берүү максатында  Кара-Бак айылдык кеңеши
 
ТОКТОМ  КЫЛАТ:
 1. Мурдагы мечиттин жайын турак-жай багытына өзгөртүү  үчүн           Чет-Кызыл айылынын башкы планына өзгөртүү киргизүүгө макулдук берилсин.
 
2. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы,  Кара-Бак айылдык кеңешинин жер маселелери боюнча туруктуу комиссиясынын төрагасы З.Осмоновго тапшырылсын.
 
Айылдык кеңештин төрайымы                                     Ж.Шадиманова

 

ТОКТОМ №54
 
Кара-Бак айылы                                                           
2021-жылдын 16-декабры 

Кара-Бак айылдык кеңешинин VII чакырылышынын кезектеги VIII
сессиясы
Муниципалдык менчиктеги жер аянтын аукцион аркылуу жеке менчикке сатууга макулдук берүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” мыйзамына ылайык, Кара-Бак айылдык кеңешинин жер комитетинин төрагасы З.Осмоновтун билдирүүсүн эске алып, угуп жана талкуулап Чет-Кызыл айылынын башкы планына өзгөртүү киргизүүгө макулдук берүү максатында  Кара-Бак айылдык кеңеши
 
ТОКТОМ  КЫЛАТ:
 1. Кызыл-Бел айылындагы №246 контурда жайгашкан муниципалдык менчиктеги 0,30 га жер аянты мейманкана куруу үчүн жеке менчикке аукцион аркылуу сатууга макулдук берилсин .
 
2. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы,  Кара-Бак айылдык кеңешинин жер маселелери боюнча туруктуу комиссиясынын төрагасы З.Осмоновго тапшырылсын.
 
Айылдык кеңештин төрайымы                                     Ж.Шадиманова

 

ТОКТОМ №55
 
Кара-Бак айылы                                                           
2021-жылдын 16-декабры 

Кара-Бак айылдык кеңешинин VII чакырылышынын кезектеги VIII
сессиясы
 
№26 Үй-бүлөлүк дарыгерлер тобуну жайгашкан жер аянтынын ичинен дарыкана курууга убактылуу пайдаланууга жер берүүгө макулдук берүү жөнүндө
 
Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” мыйзамына ылайык, Кара-Бак айылдык кеңешинин жер комитетинин төрагасы З.Осмоновтун билдирүүсүн эске алып, угуп жана талкуулап №26        Үй-бүлөлүк дарыгерлер тобуну жайгашкан жер аянтынын ичинен дарыкана курууга убактылуу пайдаланууга жер берүүгө макулдук берүү максатында  Кара-Бак айылдык кеңеши
 
ТОКТОМ  КЫЛАТ:
1.№26 Үй-бүлөлүк дарыгерлер тобуну жайгашкан жер аянтынын ичинен дарыкана курууга убактылуу пайдаланууга жер берүүгө макулдук берилсин.
 
2. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы,  Кара-Бак айылдык кеңешинин жер маселелери боюнча туруктуу комиссиясынын төрагасы З.Осмоновго тапшырылсын.
 
 
Айылдык кеңештин төрайымы                                     Ж.Шадиманова