Токтомдор

Кара-Бак айылдык кеңешинин VII чакырылышынын кезектеги XXXV сессиясы


ТОКТОМ № 01
Кара-Бак айылы                                                                            2024-жыл  6-февраль.
 Кара-Бак айылдык кеңешинин VII чакырылышынын кезектеги XXXV
Сессиясы
 Кара-Бак айылдык кеңешинин 2024-жылга карата иш планын бекитүү жөнүндө
            Кара-Бак айылдык кеңешинин 2024-жылга карата иш планы максатында айылдык кеңешинин депутаттарынын билдирүүлөрүн эске алып, талкуулап  Кара-Бак айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ
 1. Кара-Бак айылдык кеңешинин 2024-жылга карата иш планы бекитилсин.
2. Ушул  токтомдун  аткарылышын  көзөмөлдөө жагы Кара-Бак айылдык кеңешинин төрагасынын орун басарына тапшырылсын. 
 
Айылдык кеңештин төрайымы                                   Ж.Шадиманова.

ТОКТОМ № 02
Кара-Бак айылы                                                                            2024-жыл  6-февраль.
Кара-Бак айылдык кеңешинин VII чакырылышынын кезектеги XXXV
Сессиясы
Кара-Бак айыл аймагынын “Ардактуу Атуул” наамын берүү жөнүндө
            Кыргыз Республикасынын 2017-жылдын 28-июлундагы №157 “мамлекеттик сыйлыктары жана ардак наамдары жөнүндө”  мыйзамынын, Кара-Бак айыл аймагынын “Ардактуу Атуул” наамын берүү боюнча жобосунун негизинде Кара-Бак айылдык кеңеши
 ТОКТОМ КЫЛАТ 
Кыргыз Республикасынын 2017-жылдын 28-июлундагы №157 “мамлекеттик сыйлыктары жана ардак наамдары жөнүндө”  мыйзамынын, Кара-Бак айыл аймагынын “Ардактуу Атуул” наамын берүү боюнча жобосунун негизинде
КР Президентинин Баткен облусундагы ыйгарымдуу өкүлү – Алимбаев  Абдикарим Карбековичке
Кызыл-Бел айылдык китепкана жетекчиси – Тупчилова  Орозгүлгө.
 
Кара-Бак айыл аймагынын “Ардактуу Атуулу” наамы берилсин.
 2.Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Кара-Бак айылдык кеңешинин төрайымынын орун басары Ф. Акматалиевге тапшырылсын.
 
Айылдык кеңештин төрайымы:                                  Ж.Шадиманова

ТОКТОМ № 03
Кара-Бак айылы                                                                            2024-жыл  6-февраль.
 
Кара-Бак айылдык кеңешинин VII чакырылышынын кезектеги XXXV
Сессиясы
Электр чубалгыларын жана  столбаларды Кара-Бак айыл өкмөтүнүн балансына кабыл алуу жөнүндө.
             
              Кыргыз Республикасынын “Мүлккө муниципалдык менчик жөнүндө” мыйзамына ылайык, Кара-Бак айылдык кеңешинин Мыйзамдуулук жана инвестиция тартуу боюнча туруктуу комиссиянын төрагасы М. Темиркуловдун билдирүүсүн угуп жана талкуулап Кара-Бак айылдык кеңеши
 
ТОКТОМ КЫЛАТ 
  1. Кара-Бак айылынын Сай участкасынын Курбанбек көчөсүндөгү  1км 400м 4 фазалуу электр чубалгыларын жана 7 даана столбаларды Кара-Бак айыл өкмөтүнүн балансына кабыл алууга макулдук берилсин.
  2. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Кара-Бак айылдык кеңешинин Мыйзамдуулук жана инвестиция тартуу боюнча туруктуу комиссиянын төрагасына тапшырылсын.
   Айылдык кеңештин төрайымы                                      Ж.Шадиманова
  
 ТОКТОМ № 04
Кара-Бак айылы                                                                            2024-жыл  6-февраль.
 
Кара-Бак айылдык кеңешинин VII чакырылышынын кезектеги XXXV
Сессиясы

Кара-Бак айыл аймагына караштуу Алты Адыр конушуна ат койуу  жөнүдө.

Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө” мыйзамына ылайык Кара-Бак айылдык кеңешинин Мыйзамдуулук жана инвестиция тартуу боюнча туруктуу комиссиянын төрагасы М. Темиркуловдун билдирүүсүн угуп жана талкуулап Кара-Бак айылдык кеңеши

 ТОКТОМ КЫЛАТ:
  1. Кара-Бак айыл аймагына караштуу Алты Адыр жаңы конушунун аты “Алты-Адыр”  айылы деп аталсын.
  1. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Кара-Бак айылдык кеңешинин Мыйзамдуулук жана инвестиция тартуу боюнча туруктуу комиссиянын төрагасына тапшырылсын.
 Айылдык кеңештин төрайымы                                   Ж.Шадиманова
 
 
ТОКТОМ № 05
Кара-Бак айылы                                                                            2024-жыл  6-февраль.
 
Кара-Бак айылдык кеңешинин VII чакырылышынын кезектеги XXXV
Сессиясы
 Сугат суу жана таза суу ишканаларын муниципалдык менчикке кабыл алуу жөнүндө
  
           Кыргыз Республикасынын “Мүлккө муниципалдык менчик жөнүндө” мыйзамына ылайык, Кара-Бак айылдык кеңешинин Мыйзамдуулук жана инвестиция тартуу боюнча туруктуу комиссиянын төрагасы М. Темиркуловдун билдирүүсүн эске алып, талкуулап Сугат суу жана таза суу ишканаларын Кара-Бак айыл өкмөтүнүн муниципалдык менчигине кабыл алууга макулдук берүү  максатында     Кара-Бак айылдык кеңеши
 ТОКТОМ КЫЛАТ:
 
1 Кара-Бак айыл аймагындагы агын суу жана таза суу ишканаларын айыл өкмөттүн балансына кабыл алып, муниципалдык ишкана түзүүгө макулдук берилсин.
 
2.Ушул  токтомдун  аткарылышын  көзөмөлдөө жагы Кара-Бак айылдык кеңешинин жер маселелери боюнча туруктуу комиссиянын төрагасына тапшырылсын
  
Айылдык кеңештин төрайымы                                   Ж.Шадиманова
  
ТОКТОМ № 06
Кара-Бак айылы                                                                            2024-жыл  6-февраль.
 
Кара-Бак айылдык кеңешинин VII чакырылышынын кезектеги XXXV
Сессиясы
 
Кара-Бак айылынын Ак-Өтөк участкасындагы 28,0 га жер аянтын которууга (трансформациялоого) макулдук берүү  жөнүндө.
Кыргыз Республикасынын 15.07.2013-жылдагы №145 “Жерлерди которуу (трансформациялоо) жөнүндөгү” Мыйзамына, Кыргыз Республикасынын жер кодексинин 13-беренесинин, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 19.03.2014-жылдагы №169 сандуу токтомун жана “Кыргызмамжердолбоор” Баткен жерге жайгаштыруу экспедициясынын 08.01.2024-жылдагы №01-13/9 сандуу аныктамасынын негизинде Кара-Бак айыл өкмөтүнүн Ак-Өтөк участкасындагы 12,5 га жер аянтына бак тигип жашылдандыруу, 1,0 га жер аянтына панарама орнотуу жана 14,5 га жер аянтын көрүстөн катары пайдалануу  максатында Кара-Бак айылдык кеңеши
 
ТОКТОМ КЫЛАТ
 
1. Кара-Бак айылынын Ак-Өтөк участкасындагы №232-контурунда жайгашкан 14,5 га жер аянтын көрүстөн катары пайдалануу үчүн, 1,0 га жер аянтына панарама куруу үчүн  “Айыл чарба багытындагы жерлер” категориясынан “Өнөр жайынын, транспорттун, байланыштын, энергетиканын, коргонуунун жерлери жана башка багыттагы жерлер категориясына которууга (трасформациялоого) макулдук берилсин.
2. Кара-Бак айылынын Ак-Өтөк участкасындагы №232-контурунда жайгашкан 12,5 га жер аянтына бак отургузуу үчүн “Айыл чарба багытындагы жерлер” категориясынын жайыт түрүнөн, бак түрүнө которууга макулдук берилсин.
3. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Кара-Бак айылдык кеңешинин жер маселелелри боюнча туруктуу комиссиясынын төрагасына тапшырылсын.
 
Айылдык кеңештин төрайымы                                   Ж.Шадиманова

 
ТОКТОМ № 07
Кара-Бак айылы                                                                            2024-жыл  6-февраль.
 
Кара-Бак айылдык кеңешинин VII чакырылышынын кезектеги XXXV
Сессиясы
Достук айылынын Как-Сай участкасындагы 0,50 га жер аянтын Достук айылынын тургундарына кезексиз берүү жөнүндө
 
Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” мыйзамына ылайык, Кара-Бак айыл өкмөтүнүн сунушунун, Кара-Бак айылдык кеңешинин жер маселелери боюнча туруктуу комиссиянын №1 протоколунун негизинде жер маселелери боюнча туруктуу комиссиянын төрагасы З.Осмоновдун билдирүүсүн угуп, талкуулап   Кара-Бак айылдык кеңеши
 
ТОКТОМ  КЫЛАТ:
1. Кара-Бак айыл аймагынын Достук айылынын Как-Сай участкасындагы 0,50 га жер аянтын Достук айылынын төмөнкү тургундарына кезексиз берүүгө макулдук берилсин.
  1. Мансуркан кызы Махбуба
  2. Исламбек кызы Гүлназ
  3. Мансуркан уулу Фахриддин
  4. Нарматова Шарапат Мухамедшакировна
  5. Рахманова Захрахан Исламовна
2. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы,  Кара-Бак айылдык кеңешинин жер маселелери боюнча туруктуу комиссиясынын төрагасына тапшырылсын.
   
Айылдык кеңештин төрайымы                                   Ж.Шадиманова.
 

 
ТОКТОМ № 08
 
Кара-Бак айылы                                                                            2024-жыл  6-февраль.
 
Кара-Бак айылдык кеңешинин VII чакырылышынын кезектеги XXXV
Сессиясы
 
Бай Карабак айылынын түштүк тарабындагы 0,10 га жер аянтын которууга (трансформациялоого) макулдук берүү  жөнүндө.
        
 
Кыргыз Республикасынын 15.07.2013-жылдагы №145 “Жерлерди которуу (трансформациялоо) жөнүндөгү” Мыйзамына, Кыргыз Республикасынын жер кодексинин 13-беренесинин, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 19.03.2014-жылдагы №169 сандуу токтомун жана “Кыргызмамжердолбоор” Баткен жерге жайгаштыруу экспедициясынын 10.01.2024-жылдагы №01-13/35 сандуу аныктамасынын негизинде Кара-Бак айыл өкмөтүнө караштуу Бай Карабак айылынын түштүк тарабындагы 0,10 га жер аянтын айыл тургундарын ичүүчү таза-суу менен камсыз кылуу үчүн суу кампа куруу максатында      Кара-Бак айылдык кеңеши
 
ТОКТОМ КЫЛАТ
 
1. Кара-Бак айыл өкмөтүнө караштуу Бай Карабак айылынын түштүк тарабындагы №489-контурунда жайгашкан 0,10 га чополуу жайыт жер аянтына суу кампа куруу үчүн “Айыл чарба багытындагы жерлер” категориясынан “Өнөр жайынын, транспорттун, байланыштын, энергетиканын, коргонуунун жерлери жана башка багыттагы жерлер” категориясына которууга (трасформациялоого) макулдук берилсин.
2. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Кара-Бак айылдык кеңешинин жер маселелелри боюнча туруктуу комиссиясынын төрагасына тапшырылсын.
  
Айылдык кеңештин төрайымы:                                  Ж.Шадиманова.

ТОКТОМ № 09
 
Кара-Бак айылы                                                                            2024-жыл  6-февраль.
 
Кара-Бак айылдык кеңешинин VII чакырылышынын кезектеги XXXV
Сессиясы
 
Кара-Бак айыл аймагынын
Зардалы айылынын Талаа участкасына ГЭС куруу үчүн жерлерди трансформациялоого макулдук берүү жөнүндө.
        
Кыргыз Республикасынын 15.07.2013-жылдагы №145 “Жерлерди которуу (трансформациялоо) жөнүндөгү” Мыйзамына, Кыргыз Республикасынын жер кодексинин 13-беренесинин, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 19.03.2014-жылдагы №169 сандуу токтомун жана “Кыргызмамжердолбоор” Баткен жерге жайгаштыруу экспедициясынын 17.02.2023-жылдагы №01-13/271 сандуу аныктамасынын негизинде Кара-Бак айылдык кеңешинин 26.04.2023-жылдагы №30 сандуу токтомуна өзгөртүү киргизүү менен Зардалы айылынын Талаа участкасына ГЭС куруу үчүн жерлерди трансформациялоого макулдук берүү максатында Кара-Бак айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ
1. Кара-Бак айыл өкмөтүнө караштуу Зардалы айылынын Талаа участкасынан 8,29 га жер аянтын: анын ичинен №1022-контурунда жайгашкан 2,07 га жайыт жер аянты, №1041 – контурунда жайгашкан 0,17 га таштуу жайыт жер аянты, №1044-контурунда жайгашкан 0,51 га жайыт жер аянты, №1026-контурунда жайгашкан 1,04 га жер аянты башка жерлер (камни), №1032-контурунда жайгашкан 1,94 га жер аянты башка жерлер (камни), №969-контурунда жайгашкан 0,20 га жер аянты башка жерлер (камни), №1039-контурунда жайгашкан 0,38 га башка жерлер (осыпь) жалпы 6,31 га жер аянтын “Айыл чарба багытындагы жерлер” категориясынан “Өнөр жайынын, транспорттун, байланыштын, энергетиканын, коргонуунун жерлери жана башка багыттагы жерлер” категориясына,  №1040-контурунда жайгашкан 0,27 га токой аянттары (лес), №1047-контур унда жайгашкан 0,67 га токой аянттары (лес), жалпы 0,94 га жер аянтын “Токой фондунун жерлери” категориясынан “Өнөр жайынын, транспорттун, байланыштын, энергетиканын, коргонуунун жерлери жана башка багыттагы жерлер” категориясына жана №972-контурунда жайгашкан 1,04 га жер аянты Ак-Терек дарыясынын нугу (башка бирөөнүн пайдалануусундагы жер), “Суу фондунун жерлери” категориясынан  “Өнөр жайынын, транспорттун, байланыштын, энергетиканын, коргонуунун жерлери жана башка багыттагы жерлер” категориясына которууга макулдук берилсин.
2. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Кара-Бак айылдык кеңешинин жер маселелелри боюнча туруктуу комиссиясынын төрагасына тапшырылсын.
 
 
Айылдык кеңештин төрайымы:                                  Ж.Шадиманова.
 
ТОКТОМ № 10
Кара-Бак айылы                                                                            2024-жыл  6-февраль.
 
Кара-Бак айылдык кеңешинин VII чакырылышынын кезектеги XXXV
Сессиясы
 
Жер аянттарын жеке менчикке аукцион аркылуу сатууга макулдук жөнүндө.
 
Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” мыйзамына ылайык, Кара-Бак айылдык кеңешинин жер маселелери боюнча туруктуу комиссиясынын төрагасы З.Осмоновдун билдирүүсүн угуп, талкуулап жеке менчикке аукцион аркылуу сатууга макулдук берүү максатында  Кара-Бак айылдык кеңеши
 
ТОКТОМ  КЫЛАТ:
  1. Кара-Бак айыл аймагынын Алты-Адыр жана Көк-Дөбө участкаларынан “Айыл чарба багытындагы жерлер” категориясынан “Өнөр жайынын, транспорттун, энергетиканын, коргонуунун, жана башка жерлер” категориясына которулган жалпы 115,6 га жер аянты:
    1. Көк-Дөбө участкасынан       -70,0 га
    2. Көк-Дөбө участкасынан       -20,0 га
    3. Алты-Адыр участкасынан   -10,0 га
    4. Алты-Адыр участкасынан   -12,0 га
    5. Көк-Дөбө участкасынан       -3,66 га
жана Алты-Адыр участкасынан турак жайга берилген 300,0 га жер аянтынын ичиндеги  артыкбаш жер аянттарын аукцион аркылуу жеке менчикке сатууга макулдук берилсин.
Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы,  Кара-Бак айылдык кеңешинин жер маселелери боюнча туруктуу комиссиясынын төрагасына тапшырылсын.  
Айылдык кеңештин төрайымы:                                  Ж.Шадиманова

 ТОКТОМ № 11
Кара-Бак айылы                                                                            2024-жыл  6-февраль.
 Кара-Бак айылдык кеңешинин VII чакырылышынын кезектеги XXXV
Сессиясы
 Курук-Сай участкасына ФАП, бала бакча, балдар ойноочу аянтча курууга макулдук берүү жөнүндө.
 
Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” мыйзамына ылайык, Кара-Бак айылдык кеңешинин жер маселелери боюнча туруктуу комиссиясынын төрагасы З.Осмоновдун билдирүүсүн угуп, талкуулап Курук-Сай участкасына ФАП, бала бакча, балдар ойноочу аянтча курууга макулдук берүү максатында  Кара-Бак айылдык кеңеши
 
ТОКТОМ  КЫЛАТ:
  1. Кара-Бак айыл аймагынын Кара-Бак айылынын Курук-Сай участкасынын Сайдаров Мамарасул көчөсүндө жалпы 0,30 га жер аянтына: ФАП куруу үчүн 0,10 га; бала бакча куруу үчүн 0,15га; 0,05 га балдар ойноочу аянтча курууга  макулдук берилсин.
  2. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы,  Кара-Бак айылдык кеңешинин жер маселелери боюнча туруктуу комиссиясынын төрагасына тапшырылсын
 .  Айылдык кеңештин төрайымы:                                  Ж.Шадиманова
 
ТОКТОМ № 12
Кара-Бак айылы                                                                            2024-жыл  6-февраль.
 Кара-Бак айылдык кеңешинин VII чакырылышынын кезектеги XXXV
Сессиясы
 Пайдаланып жүргөн жер аянттарын жеке менчикке бекитип берүүгө макулдук берүү жөнүндө
 Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” мыйзамына ылайык, Кара-Бак айылдык кеңешинин жер маселелери боюнча туруктуу комиссиясынын төрагасы З.Осмоновдун билдирүүсүн угуп, талкуулап пайдаланып жүргөн жер аянттарын жеке менчикке бекитип берүүгө макулдук берүү максатында  Кара-Бак айылдык кеңеши
 ТОКТОМ  КЫЛАТ:
 
  1. Баширова Турсунай Эшимбаевна         0,15 га           8-01-09-1003-0510
  2. Сагынбек кызы Кайырма                        0,15 га           8-01-09-1001-0645
  3. Эргешова Мөлмөлай Абдиламитовна 0,15 га           8-01-09-1001-0344
 мурдатан бери турак-жай салып  пайдаланып келген жер аянттарын мыйзам чегинде жеке менчикке бекитип берүүгө макулдук берилсин.
2. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы,  Кара-Бак айылдык кеңешинин жер маселелери боюнча туруктуу комиссиясынын төрагасы З.Осмоновго тапшырылсын.
  
Айылдык кеңештин төрайымы                                      Ж.Шадиманова

 ТОКТОМ № 13
Кара-Бак айылы                                                                            2024-жыл  6-февраль.
 
Кара-Бак айылдык кеңешинин VII чакырылышынын кезектеги XXXV
Сессиясы
 Айыл чарба багытындагы пайдаланылбай жаткан жер аянттарын Сот аркылуу кайтаруу жөнүндө
 
Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” мыйзамына ылайык, Кара-Бак айылдык кеңешинин жер маселелри боюнча туруктуу комиссиясынын билдирүүсүн эске алып, угуп жана талкуулап Кара-Бак айылдык кеңеши
 
ТОКТОМ  КЫЛАТ:
1.Кара-Бак айыл өкмөтүнүн Алты-Адыр участкасындагы мурда жеке  жарандарга айыл өкмөтү тарабынан токтом чыгып, Айыл чарба багытындагы жер аянттарын максаттуу пайдаланылбай жаткандыгын жана эч бир ижара, салык төлөм төкпөгөнүктөрүн эске алып, жер аянттарын айыл өкмөткө кайтарууга тиешелүү чечим чыгарууга Сотко берүүгө макулдук берилсин.
2. Ушул токтомдун негизинде тишелүү иш алып баруу жагы Кара-Бак айылдык кенешинин депутаты А. Дилишатовго жана  Кара-Бак айыл өкмөтүнүн башчысы А. Каламбековго тапшырылсын.  
2. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Кара-Бак айылдык кеңешинин төрайымынын орун басарына тапшырылсын.
 
Айылдык кеңештин төрайымы                                   Ж.Шадиманова

ТОКТОМ № 14
Кара-Бак айылы                                                                            2024-жыл  6-февраль.
 
Кара-Бак айылдык кеңешинин VII чакырылышынын кезектеги XXXV сессиясы
 
Кара-Бак айыл өкмөтүнүн 2024-жылга карата бюджетинин долбоорун жана 2025-2026-жылдарга божомолун бекитүү жөнүндө
 
Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” 2021-жылдын  20-октябры    № 123 мыйзамынын  3-главасынын 34-беренесинин 2-пунктунун 2-пунктчасына жана Кара-Бак айылдык кеңешинин Экономика-финансы, бюджет, салык маселелери боюнча туруктуу комиссиясынын корутундусуна ылайык Кара-Бак айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кара-Бак айыл өкмөтүнүн 2024-жылга карата жергиликтүү бюджетинин киреше жана чыгаша бөлүгү 35065,0  миң сом жана 2025-жылга карата божомолу 36893,7 миң сомго, 2026-жылга карата божомолу 38796,7  миң сом суммасында бекитилсин.
2. Кара-Бак айыл өкмөтүнүн жергиликтүү бюджетинин 2024-жылга киреше бөлүгү №1 тиркемеге ылайык бекитилсин.
3. Кара-Бак айыл өкмөтүнүн менчигине түшүүчү жер салыктарынын чегерүү өлчөмдөрү №2 тиркемеге ылайык бекитилсин.
4. 2024-жылга жергиликтүү бюджетинен каржылануучу  бюджеттик мекемелерге  каралган чыгымдар жалпы 35065,0 сом өлчөмүндө №3 тиркемеге бекитилсин (статьялар боюнча тикелет).
5. 2024-жылга айыл өкмөтүнун кайра бөлүштүрүү фондундагы жерлерден түшкөн ижара акысы 1156,5 миң сом өлчөмүндө №4 тиркемеге ылайык бекитилсин.
6. 2024-жылга Кара-Бак айыл өкмөтүнүн резевдик фонду №5 тиркемеге ылайык бекитилсин.
7. Кара-Бак айыл өкмөтүнүн жергиликтүү бюджетинин 2025-2026-жылдарга болжомолу №7 тиркемеге ылайык бекитилсин.
8. 2024-жылга айыл өкмөт аймагында өзгөчө кырдаал катталган учурда, өзгөчө кырдаал үчүн 120,0 миң сомго чейин акча каражаты бөлүнүп берилсин.
9. Айыл өкмөтү жергиликтүү бюджетинин 2024-жылдын жыл башында калган бюджеттик калдыктары №8 тиркемеге ылайык бөлүштүрүлсүн.
10. Токтом мамлекеттик реестрине катталуу үчүн Баткен облустук юстиция башкармасына жиберилсин.
11. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Кара-Бак айылдык кеңешинин Экономика-финансы, бюджет, салык маселелери боюнча  туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
 
Айылдык кеңештин төрайымы                                   Ж.Шадиманова.

Кара-Бак айылдык кеңешинин  VII чакырылышынын кезектеги XXXV сессиясынын №14 токтомуна
                                  №1- тиркеме
1.      Атуулдардын эмгек акыларынан алынуучу салык               11376.0
2.      Транспорт каражатынан түшкөн салык                                 1350,0
3.      Кыймылсыз мүлк салыгы                                                        75,0
4.      Тамарка жер салыгы                                                                430,0
5.      Айыл чарба багытында эмес жер салыгы                              196,0
6.      Элдердин участкаларынын ижара акысы (дача)                   96,8
7.      Таза жана техник.суулардан                                                   0.2
8.      Ыктыярдуу патент                                                                   960,0
9.      Кайра бөлүштүрүү фондунун ижара акысы                          1156,5
10.  Жайыт жерлерин ижарага берүүдөн тушкөн салык             348,4
11.  Таштанды чыгаруу үчүн чогултулуучу салык                      32,3
12.  Айыл чарба багытында эмес жер сатуу                                 80,0
13.  Теңдөөчүтрансферт                                                                 18963.8
                                                                                                             35065.0

 
-Бак айыл окмотунун 2024-жылга карата,
салыктан тушуучу кирешелери. 2-тиркеме.
Кирешелердин аталышы Сумма
1 Кирешеден тушуучу толомдор 11376,0
2 Ыктыярдуу патенттен тушуучу салыктар 960,0
3 Кыймылсыз мулктордун 2*группадагы ишкерликтен тушуучу салыктары 75,0
4 Физикалык жактардын транспортсалыгы 1350,0
5 Уй-жай тамаркаларынын жер салыгы 430,0
6 Айыл чарба багытында эмес жердин салыгы 196,0
7 Техникалык жана таза суу боюнча салыгы 0,2
х Бардыгы: 14387,2
     
Кара-Бак айыл окмотунун 2024-жылга карата,
К.Б.Фнун ижара акылардан тушуучу кирешелери. 4-тиркеме.
Кирешелердин аталышы Сумма
1 К.Б.Фнун ижара акылардан тушуучу кирешелери. 1156,5
х Бардыгы: 1156,5
     
Кара-Бак айыл окмотунун 2024-жылга карата, 5-тиркеме.
Айыл окмотунун резервдик фонду боюнча чыгашалары.
Аталышы Сумма
1 Айыл окмотунун резервдик фонду боюнча чыгашалары. 477,2
х Бардыгы: 477,2
     
Кара-Бак айыл окмотунун 2025, 2026-жылдарга карата, 7-тиркеме.
жергиликтуу бюджетинин божомолу.
Аталышы Сумма
1 2025-жылга карата, жергиликтуу бюджетинин божомолу. 36893,7
2 2026-жылга карата, жергиликтуу бюджетинин божомолу. 38796,7
х Бардыгы: 0,0
     
  Киреше болугу  
к-р № Болумун аталышы Раздел
1 2023-жылдан калган калдык акча каражаты,  01.01.2024-жылга карата калдык акча. 5630,6
х итого: х
     
  Киреше болугу  
к-р № Болумун аталышы Раздел
1 2023-жылдан калган калдык акча каражаты,  01.01.2024-жылга карата калдык акча. 5630,6
х итого: х

Кара Бак айыл окмотунун жергиликтуу бюджетинин,  2023-жылдан калга калган калдык акча каражаттарын
болумдорго болуштуруу жонундо Кара Б айылдык кенешинин,  2024-жылдын_6_-февралындагы
_VII__ чакырыл кезектеги  XXXV сессиясынын №14 токтомуна тиркеме
Тиркеме-8 
Киреше болугу 2023-жылдан калган калдык акча каражаты  01.01.2024-жылга карата калдык акча - 5630,6
Аппарат бюджет эсеби. Выплата процентов - 2983,8  Здания сооружен - 2646,8 итого - 5630,6 
Тиркеме №3 мекеме ишканалардын 2024-жылга карата статьялар боюнча бекитилген бюджети-35065,0 тендоочу грант боюнча 18963,8