Токтомдор

Кара-Бак айылдык кеңешинин VII чакырылышынын кезектеги XXXIV Сессиясы


ТОКТОМ № 92
Кара-Бак айылы                                                                            2023-жыл  28-декабрь.
 
Кара-Бак айылдык кеңешинин VII чакырылышынын кезектеги XXXIV
Сессиясы
 
 
Жер аянтын трансформациялоого макулдук берүү жөнүндө
 
           Кыргыз Республикасынын 2013-жылдын 15-июль айындагы    145  "Жерлерди которуу ( трансформациялоо) жөнүндөгү" мыйзамын, Кыргыз Республикасынын Жер Кодексинин 13-беренесинин жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2014-жылдын 19-мартындагы № 169 сандуу токтомун жетекчиликке алып, ГЭС куруу үчүн жер аянтын которууга макулдук берүү    максатында Кара-Бак айылдык кеңеши
 
ТОКТОМ КЫЛАТ:
 
1.Кара-Бак айыл өкмөтүнүн Зардалы айылынын Талаа участкасынан №1022-контурунда 2,07 га жер аянтын, №1041-контурунда жайгашкан  0,17 га таштуу жер аянтын, №1044-контурунда жайгашкан 0,51 га жер аянтын, №1040-контурунда жайгашкан  0,27 га токой аянттары(лес), №1047-контурунда жайгашкан  0,67 га токой аянттары(лес), №1026-контурунда жайгашкан  1,04 га башка жер аянты(камни), №1032-контурунда жайгашкан  1,94 га башка жер аянты(камни), №969-контурунда жайгашкан  0,20 га башка жер аянты(камни), №1039-контурунда жайгашкан  0,38 га башка жер аянты(осыпь), №972-контурунда жайгашкан  1,04 га дарыянын нугу жер аянттарын, жалпы 8,29 га жер аянтын  кубаттуулугу 29 М/Вт болгон  ГЭС куруу үчүн “Өнөр жайынын, транспорттун, байланыштын, энергетиканын, коргонуунун жерлери жана башка багыттагы жерлер” категориясына которууга макулдук берилсин.
2.Ушул  токтомдун  аткарылышын  көзөмөлдөө жагы Кара-Бак айылдык кеңешинин жер маселелери боюнча туруктуу комиссиянын төрагасына тапшырылсын. 
 
 
 
 
Айылдык кеңештин төрайымы:                                  Ж.Шадиманова



ТОКТОМ № 93
Кара-Бак айылы                                                                            2023-жыл  28-декабрь.
 
Кара-Бак айылдык кеңешинин VII чакырылышынын кезектеги XXXIV
Сессиясы
 
 
Кара-Бак айыл өкмөтүнүн башчысынын жана аппарат кызматкерлеринин  2023-жыл ичинде аткарылган иштеринин отчётун бекитүү жөнүндө
 
           Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” мыйзамына ылайык, Кара-Бак айыл өкмөтүнүн башчысы А.Каламбековдун жана аппарат кызматкерлеринин  2023-жыл ичинде аткарылган иштерин аткарган иштери жөнүндө отчётун бекитүү максатында Кара-Бак айылдык кеңеши
 
 
ТОКТОМ  КЫЛАТ:
 
 
1. Кара-Бак айыл өкмөтүнүн башчысы А.Каламбековдун жана аппарат кызматкерлеринин 2023-жыл ичинде аткарылган иштери канааттандырарлык деп табылсын.
2.Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Кара-Бак айылдык кеңешинин төрайымынын орун басары Ф. Акматалиевге тапшырылсын.
 
 
 
 
 
 
Айылдык кеңештин төрайымы:                                  Ж.Шадиманова
 


ТОКТОМ № 94
Кара-Бак айылы                                                                     2023-жыл  28-декабрь.
 
Кара-Бак айылдык кеңешинин VII чакырылышынын кезектеги XXXIV
Сессиясы
Кара-Бак айыл  аймагынын “Ардактуу атуул” наамын  ыйгаруунун тартиби жөнүндө  жобосун кабыл алуу жөнүндө.
             
              Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө” мыйзамына, Кыргыз Республикасынын 2017-жылдын 28-июлундагы №157 “мамлекеттик сыйлыктары жана ардак наамдары жөнүндө”  мыйзамынын  ылайык Кара-Бак айылдык кеңешинин Мыйзамдуулук жана инвестиция тартуу боюнча туруктуу комиссиянын мүчөсү Д. Сапаровдун билдирүүсүн угуп жана талкуулап Кара-Бак айылдык кеңеши
 
ТОКТОМ КЫЛАТ 
  1. Кара-Бак айыл аймагынын “Ардактуу Атуул” наамын берүү боюнча жобосу бекитилсин.
 
  1. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Кара-Бак айылдык кеңешинин Мыйзамдуулук жана инвестиция тартуу боюнча туруктуу комиссиянын төрагасына тапшырылсын.
 
 
 
 
 
 
Айылдык кеңештин төрайымы                                      Ж.Шадиманова
 


ТОКТОМ № 95
Кара-Бак айылы                                                                            2023-жыл  28-декабрь.
 
Кара-Бак айылдык кеңешинин VII чакырылышынын кезектеги XXXIV
Сессиясы

 

Айылдык кеңештин регламентине

толуктоо киргизүү жөнүдө.

 

Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө” мыйзамына ылайык Кара-Бак айылдык кеңешинин Мыйзамдуулук жана инвестиция тартуу боюнча туруктуу комиссиянын мүчөсү Д. Сапаровдун айылдык кеңештин типтүү регламенти жөнүндөгү билдирүүсүн угуп жана талкуулап Кара-Бак айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
  1. Кээ бир зарыл болгон учурда Кара-Бак айылдык кенешинин сессиясын онлайн өткөрүүгө макулдук берилсин.
 
  1. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Кара-Бак айылдык кеңешинин Мыйзамдуулук жана инвестиция тартуу боюнча туруктуу комиссиянын төрагасына тапшырылсын.
 
 
 
 
 
 
 
 
Айылдык кеңештин төрайымы                                   Ж.Шадиманова


ТОКТОМ № 96
Кара-Бак айылы                                                                            2023-жыл  28-декабрь.
 
Кара-Бак айылдык кеңешинин VII чакырылышынын кезектеги XXXIV
Сессиясы
 
Кара-Бак айыл  өкмөтүнүн жергиликүү бюджетинин сметасына толуктоо киргизүү жөнүндө.
 
Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө” мыйзамына ылайык, Кара-Бак айылдык кеңешинин бюджет жана экономикалык маселелер боюнча комитетинин туруктуу комиссиясынын мүчөсү Р. Долматовдун билдирүүсүн эске алып, угуп жана талкуулап Кара-Бак айылдык кеңеши
ТОКТОМ  КЫЛАТ:
 
  1. Кара-Бак айыл өкмөтүнүн жергиликтүү бюджетине 2023-жылдын 4-кварталда кирешелер боюнча пландан ашыкча аткарылган киреше салыгынан түшкөн 1000,0 миң түрдүү чыгымдар жана башка кызматтар боюнча 2215 статьясына планга кошуп көбөйтүп, ал эми 3111 статьясынан 600,0 мин сомду – 2215 статьясына 505,0 мин сом, 2222 статьясына 95,0 мин сомду жылдыруу, жана учурдагы ремонт боюча 2221 статьясынан 280,0 мин сомду – 2215 статьясына жылдыруу, А/кенештин соц фонд боюнча 2121 статьясынан 55,4 мин сом  2111 статьясына жылдыруу, 2221 сатьясынан 368,4 мин сом, 2721 статьясынан 25,1 мин сомду жалпы 393,5 мин сомду – 3112 статьясына жылдырылсын.
  2.Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы,  Кара-Бак айылдык кеңешинин бюджет жана экономикалык маселелер боюнча комитетинин туруктуу комиссиясынын төрагасына тапшырылсын.
.
 
 
Айылдык кеңештин төрайымы                                   Ж.Шадиманова



ТОКТОМ № 97
Кара-Бак айылы                                                                            2023-жыл  28-декабрь.
 
Кара-Бак айылдык кеңешинин VII чакырылышынын кезектеги XXXIV
Сессиясы
 
Кара-Бак айыл  өкмөтүнүн КБФ нун жерлерин ижарага берүү үчүн аукциондун баштапкы баасын бекитүү жөнүндө.
 
Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө” мыйзамына ылайык, Кара-Бак айылдык кеңешинин бюджет жана экономикалык маселелер боюнча комитетинин туруктуу комиссиясынын мүчөсү Р. Долматовдун билдирүүсүн эске алып, угуп жана талкуулап Кара-Бак айылдык кеңеши
ТОКТОМ  КЫЛАТ:
 
  1. Кара-Бак айыл өкмөтүнүн КБФ нун жерлерин ижарага берүү үчүн аукциондун баштапкы баасы 0,50 га жер үчүн жылына 2000 сом болуп бекитилсин.
  2.Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы,  Кара-Бак айылдык кеңешинин бюджет жана экономикалык маселелер боюнча комитетинин туруктуу комиссиясынын төрагасына тапшырылсын.
.
 
 
Айылдык кеңештин төрайымы                                   Ж.Шадиманова
 


ТОКТОМ № 98
Кара-Бак айылы                                                                            2023-жыл  28-декабрь.
 
Кара-Бак айылдык кеңешинин VII чакырылышынын кезектеги XXVIII
Сессиясы
Кызыл-Бел айылынын тургуну Н. Салиевдин жеке менчик жерине  логистикалык борбор курууга макулдук берүү жөнүндө
 
Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө”  мыйзамына ылайык, Кара-Бак айылдык кеңешинин жер маселелери боюнча туруктуу комиссиянын №16 протоколунун негизинде  Кара-Бак айылдык кеңеши
 
ТОКТОМ  КЫЛАТ:
1. Кызыл-Бел айылынын тургуну Н. Салиевдин өзү өздөштүрүп пайдаланып жүргөн 1,30 га жеке менчик жер аянтынын ичинен 0,30 га жер аянтына айыл чарба шаймандарын сактоочу, мөмө-жемиштерди кургатуучу логистикалык борбор курууга макулдук берилсин.
2. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы,  Кара-Бак айылдык кеңешинин жер маселелери боюнча туруктуу комиссиясынын төрагасына тапшырылсын.
 
 
 
 
 
Айылдык кеңештин төрайымы                                   Ж.Шадиманова.


ТОКТОМ № 99
Кара-Бак айылы                                                                            2023-жыл  28-декабрь.
 
Кара-Бак айылдык кеңешинин VII чакырылышынын кезектеги XXXIV
Сессиясы
 
Пайдаланып жүргөн жер аянттарын жеке менчикке бекитип берүүгө макулдук берүү жөнүндө
 
Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө”  мыйзамына ылайык, Кара-Бак айылдык кеңешинин жер маселелери боюнча туруктуу комиссиянын №16 протоколунун негизинде  пайдаланып жүргөн жер аянттарын жеке менчикке бекитип берүүгө макулдук берүү максатында  Кара-Бак айылдык кеңеши
 
ТОКТОМ  КЫЛАТ:
Кара-Бак айыл өкмөтүнүн аймагындагы төмөнкү тургундардын:
  1. Маматова Бүрахима Үрүстөмовна                 0,15 га 8-01-09-1002-0116
  2. Эгамбердиева Насиба Абдуразаковна           0,04 га 8-01-09-1001-1271
  3. Ташбаева Гулайым Тешебаевна                    0,10 га 8-01-09-1001-1826
  4. Абдикаримова Гулбахар Салыевна               0,10 га
  5. Токтобаева Алтынай Мурзакматовна            0,12 га 8-01-09-1001-0544
  6. Пиназарова Гулзада Мухтаралиевна           0,15 га 8-01-09-1002-0134
  7. Урманова Санам Орозовна                            0,12 га 8-01-09-1002-0394
мурдатан бери турак-жай салып  пайдаланып келген жер аянттарын мыйзам чегинде жеке менчикке бекитип берүүгө макулдук берилсин.
 
2. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы,  Кара-Бак айылдык кеңешинин жер маселелери боюнча туруктуу комиссиясынын төрагасына тапшырылсын.
 
 
 
 
Айылдык кеңештин төрайымы:                                  Ж.Шадиманова.
 
 


ТОКТОМ № 100
Кара-Бак айылы                                                                            2023-жыл  28-декабрь.
 
Кара-Бак айылдык кеңешинин VII чакырылышынын кезектеги XXXIV
Сессиясы
 
Кара-Бак айылдык кеңешинин мурда чыккан токтомуна өзгөртүү жана толуктоо киргизүү жөнүндө.
 
Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө”  мыйзамына ылайык, Кара-Бак айылдык кеңешинин жер маселелери боюнча туруктуу комиссиянын №16 протоколунун негизинде Кара-Бак айыдык кенешинин 7-чакырылышынын 2023-ж 16-февралындагы кезектеги 11 сессиясынын № 9 токтомуна өзгөртүү киргизүү максатында  Кара-Бак айылдык кеңеши
 
ТОКТОМ  КЫЛАТ:
  1. Кара-Бак айыдык кенешинин 7-чакырылышынын 2023-ж 16-февралындагы кезектеги 11 сессиясынын № 9 токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин
 
  1. Мамаева Алтынай Топчубаевна      0,15 га           8-01-09-1001-0202
  2. Муродов Косимбек Бегжонович     0,15 га           8-01-09-1002-0129
 
  1. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы,  Кара-Бак айылдык кеңешинин жер маселелери боюнча туруктуу комиссиясынын төрагасына тапшырылсын.
 
 
 
 
Айылдык кеңештин төрайымы:                                  Ж.Шадиманова