Токтомдор

Кара-Бак айылдык кеңешинин VII чакырылышынын кезектеги XXXIХ сессиясы

      
 
ТОКТОМ № 30
Кара-Бак айылы                                                                            21-май  2024-жыл.
 
Кара-Бак айылдык кеңешинин VII чакырылышынын кезектеги XXXIХ сессиясы
 
Кызыл-Бел айылынын түштүк тарабындагы
272-273- контурундажайгашкан 0,70 га жер
аянтын которууга (трансформациялоого)
макулдук берүү  жөнүндө.
   
Кыргыз Республикасынын 15.07.2013-жылдагы №145 “Жерлерди которуу (трансформациялоо) жөнүндөгү” Мыйзамына, Кыргыз Республикасынын жер кодексинин 13-беренесинин, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 19.03.2014-жылдагы №169 сандуу токтомун жана “Кыргызмамжердолбоор” Баткен жерге жайгаштыруу экспедициясынын 24.04.2024-жылдагы №01-13/1838 сандуу аныктамасынын негизинде Кара-Бак айыл өкмөтүнө караштуу Кызыл-Бел айылынын түштүк тарабындагы 272-273- контурунда жайгашкан 0,70 га жер аянтынын категориясын которуу максатында Кара-Бак айылдык кеңеши
 
ТОКТОМ КЫЛАТ
 
1. Кара-Бак айыл өкмөтүнө караштуу Кызыл-Бел айылынын түштүк тарабындагы 272-273-контурунда жайгашкан 0,70 га жер аянтынын “Таштуу жайыт жерлер” категориясынан “Өнөр жайынын, транспорттун, байланыштын, энергетиканын, коргонуунун жерлери жана башка багыттагы жерлер” категориясына которууга (трасформациялоого) макулдук берилсин.
2. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Кара-Бак айылдык кеңешинин жер маселелери боюнча туруктуу комиссиясынын төрагасына тапшырылсын.
 
Айылдык кеңештин төрайымы                                   Ж.Шадиманова.
 
  

 
ТОКТОМ № 31
Кара-Бак айылы                                                                            21-май  2024-жыл.
 
Кара-Бак айылдык кеңешинин VII чакырылышынын кезектеги XXXIХ сессиясы
 
Кызыл-Бел айылынын түштүк тарабындагы
576-контурунда жайгашкан 1,5 га жер аянтын
которууга (трансформациялоого) макулдук
берүү  жөнүндө.
   
Кыргыз Республикасынын 15.07.2013-жылдагы №145 “Жерлерди которуу (трансформациялоо) жөнүндөгү” Мыйзамына, Кыргыз Республикасынын жер кодексинин 13-беренесинин, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 19.03.2014-жылдагы №169 сандуу токтомун жана “Кыргызмамжердолбоор” Баткен жерге жайгаштыруу экспедициясынын 05.04.2024-жылдагы №01-13/1573 сандуу аныктамасынын негизинде Кара-Бак айыл өкмөтүнө караштуу Кызыл-Бел айылынын түштүк тарабындагы контурунда жайгашкан 1,5 га жер аянтынын категориясын которуу максатында Кара-Бак айылдык кеңеши
 
ТОКТОМ КЫЛАТ
 
1. Кара-Бак айыл өкмөтүнө караштуу Кызыл-Бел айылынын түштүк тарабындагы 576- контурунда жайгашкан 1,5 га жер аянтынын “Таштуу жайыт жерлер” категориясынан “Өнөр жайынын, транспорттун, байланыштын, энергетиканын, коргонуунун жерлери жана башка багыттагы жерлер” категориясына которууга (трасформациялоого) макулдук берилсин.
2. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Кара-Бак айылдык кеңешинин жер маселелери боюнча туруктуу комиссиясынын төрагасына тапшырылсын.
  
Айылдык кеңештин төрайымы                                   Ж.Шадиманова.
 
 
ТОКТОМ № 32
Кара-Бак айылы                                                                            21-май  2024-жыл.
 
Кара-Бак айылдык кеңешинин VII чакырылышынын кезектеги XXXIХ сессиясы
 
Кызыл-Бел айылындагы таможнянын жанындагы
208- контурунда жайгашкан 2,0 га жер аянтын
которууга (трансформациялоого) макулдук берүү 
жөнүндө.
        
 
Кыргыз Республикасынын 15.07.2013-жылдагы №145 “Жерлерди которуу (трансформациялоо) жөнүндөгү” Мыйзамына, Кыргыз Республикасынын жер кодексинин 13-беренесинин, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 19.03.2014-жылдагы №169 сандуу токтомун жана “Кыргызмамжердолбоор” Баткен жерге жайгаштыруу экспедициясынын 08.05.2024-жылдагы №01-13/1970 сандуу аныктамасынын негизинде Кара-Бак айыл өкмөтүнө караштуу Кызыл-Бел айылындагы таможнянын жанындагы 208- контурунда жайгашкан 2,0 га жер аянтынын категориясын которуу максатында Кара-Бак айылдык кеңеши
 
ТОКТОМ КЫЛАТ
 
1. Кара-Бак айыл өкмөтүнө караштуу Кызыл-Бел айылындагы таможнянын жанында 208- контурунда жайгашкан 2,0 га жер аянтынын “Таштуу жайыт жерлер” категориясынан “Өнөр жайынын, транспорттун, байланыштын, энергетиканын, коргонуунун жерлери жана башка багыттагы жерлер” категориясына которууга (трасформациялоого) макулдук берилсин.
2. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Кара-Бак айылдык кеңешинин жер маселелери боюнча туруктуу комиссиясынын төрагасына тапшырылсын.
 
  
 
Айылдык кеңештин төрайымы                                   Ж.Шадиманова.
 
 
 

 
ТОКТОМ № 33
Кара-Бак айылы                                                                            21-май  2024-жыл.
 
Кара-Бак айылдык кеңешинин VII чакырылышынын кезектеги XXXIХ сессиясы
 
Пайдаланып жүргөн жер аянтын жеке
менчикке бекитип берүүгө макулдук
берүү жөнүндө
 
Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө”  мыйзамына ылайык, Кара-Бак айылдык кеңешинин жер маселелери боюнча туруктуу комиссиянын №2 протоколунун негизинде  пайдаланып жүргөн жер аянттарын жеке менчикке бекитип берүүгө макулдук берүү максатында  Кара-Бак айылдык кеңеши
 
ТОКТОМ  КЫЛАТ:
 
Кара-Бак айыл өкмөтүнүн аймагындагы төмөнкү тургундардын:
  1. Замирбек кызы Кайыргүл                          8-01-09-1001-1187                -0,15 га
  2. Курбанова Бүрайхан Маматубалиевна     8-01-09-1001-1639                -0,10 га
  3. Маматумаров Абдирашит Маматович      8-01-09-1001-0544                -0,12 га
  4. Марданова Чынара Куттубековна             8-01-09-1001-1218                -0,15 га
  5. Нишанбаева Айсырга Төлөмырзаевна      8-01-09-1001-0612                -0,10 га
  6. Саттарова Каныкей Сулаймановна           8-01-09-1001-1554                -0,10 га
  7. Усманова Акбермет Бахаповна                 8-01-09-1001-1219                -0,15 га
  8. Эралиева Нават Осмоновна                       8-01-09-1002-1163                -0,10 га
мурдатан бери турак-жай салып  пайдаланып келген жер аянттарын мыйзам чегинде жеке менчикке бекитип берүүгө макулдук берилсин.
 
  1. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы,  Кара-Бак айылдык кеңешинин жер маселелери боюнча туруктуу комиссиясынын төрагасына тапшырылсын.
 
Айылдык кеңештин төрайымы:                                  Ж.Шадиманова.
 
 
 
ТОКТОМ № 34
Кара-Бак айылы                                                                           21-май  2024-жыл.
 
Кара-Бак айылдык кеңешинин VII чакырылышынын кезектеги XXXIХ сессиясы
 
Алты-Адыр участкасындагы өнөр жай үчүн
транформацияланган жер аянттарынын
багытын бекитип берүү жөнүндө.
 
Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө”  мыйзамына ылайык, Кара-Бак айылдык кеңешинин жер маселелери боюнча туруктуу комиссиянын №2 протоколунун негизинде  Алты-Адыр участкасындагы өнөр жай үчүн транформацияланган жер аянттарынын багытын бекитип берүү максатында  Кара-Бак айылдык кеңеши
 
ТОКТОМ  КЫЛАТ:
 
Кара-Бак айыл аймагынын Алты-Адыр участкасындагы өнөр жай үчүн транформацияланган жер аянттарынын багыты төмөнкүдөй болуп бекитилсин.
1. Тоокканалар комплекси                          –20,0 га
2. Логистикалык комплекси                       –60,0 га
3. Үлүл таш кесүүчү цех                             - 0,45 га
4. Заправка газ, тех, дүкөн, мойка, тойкана, ашкана – 1,63 га
5. Заправка газ, тех, дүкөн, мойка, тойкана, ашкана – 1,58 га
6. Айыл чарба фермасы                              – 4,0 га
7. Жашылча мөмө жемиш кургатуучу цех, таза суу кампасы – 10,0 га
8. Соода түйүндөрү                                      - 6,7 га
10. Жашылча мөмө жемиш кургатуучу цех, таза суу кампасы, заправка газ, тех, дүкөн, мойка, тойкана, ашкана, соода түйүндөрү, таш кесүүчү цех, логистикалык борбор – 12,0 га
11. Асыл тукум мал чарбасы үчүн             - 10,0  га
 
  1. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы,  Кара-Бак айылдык кеңешинин жер маселелери боюнча туруктуу комиссиясынын төрагасына тапшырылсын.
 
Айылдык кеңештин төрайымы:                                  Ж.Шадиманова.
 
 
 

 
ТОКТОМ № 35
Кара-Бак айылы                                                                           21-май  2024-жыл.
 
Кара-Бак айылдык кеңешинин VII чакырылышынын кезектеги XXXIХ сессиясы
 
Жайыт тарифин бекитүү  жөнүндө
 
           Кара-Бак айыл аймагынын  “Жайыт” комитетинин төрагасы С. Исаковдун сунушунун, Кара-Бак айылдык кеңешинин мыйзамдуулук жана инвестиция тартуу боюнча туруктуу комиссиясынын №4 протоколунун негизинде   Кара-Бак айылдык кеңеши
 
 
ТОКТОМ КЫЛАТ:
  1. Кара-Бак айыл аймагындагы жайыттарды пайдаланууну жакшыртуу максатында түзүлгөн жайыт тарифи төмөнкүдөй бекитилсин.
К № Мал түрү Тариф баасы бир баш үчүн (сом)
  Бодо малга 200
  Майда малга 40
  Жылкыга 200
  Алты айга чейинки төл 0
 
Башка айыл аймактардын малына эки эсе төлөнөт.
 
2.Ушул  токтомдун  аткарылышын  көзөмөлдөө жагы Кара-Бак айылдык кеңешинин төрагасынын орун басарына  тапшырылсын. 
 
 
Айылдык кеңештин төрайымы                                   Ж.Шадиманова.
 
 
 
 
ТОКТОМ № 36
 
Кара-Бак айылы                                                                            21-май  2024-жыл.
 
Кара-Бак айылдык кеңешинин VII чакырылышынын кезектеги XXXIХ сессиясы
 
Муниципалдык ишкана түзүүгө
макулдук берүү жөнүндө
 
            Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө” мыйзамына ылайык, Кара-Бак айыл өкмөтүнүн кайрылуусун карап чыгып,  Кара-Бак айылдык кеңешинин Мыйзамдуулук жана инвестиция тартуу боюнча туруктуу комиссиянын билдирүүсүн эске алып, угуп жана талкуулап Кара-Бак айылдык кеңеши
Токтом кылат 
1. Кара-Бак айыл аймагындагы төмөнкү ишканалар: жайыт комитети, тазалык, агын суу, сугат суу, ишканалары
  1. “Анар-Суу” таза суу муниципалдык ишканасы,
  2. “Ак Суу Кара-Бак” сугат суу муниципалдык ишканасы,
  3. “Кызыл-Конуш” таза суу муниципалдык ишканасы,
  4. “Кызыл-Кыр” сугат суу муниципалдык ишканасы,
  5. “Кара-Бак Жайыт” муниципалдык ишканасы,
  6. “Кара-Бак тазалык” муниципалдык ишканасы,
  7. “Кызыл-Бел тазалык” муниципалдык ишканасы деп түзүп айыл өкмөтүн балансына өткөрүүгө макулдук берилсин.
2. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Кара-Бак айылдык кеңешинин мыйзамдуулук боюнча туруктуу комиссиянын төрагасына тапшырылсын.
 
  
Айылдык кеңештин төрайымы                                   Ж.Шадиманова.
 
 
 
 
 
 
 
ТОКТОМ № 37
 
Кара-Бак айылы                                                                            21-май  2024-жыл.
 
Кара-Бак айылдык кеңешинин VII чакырылышынын кезектеги XXXIХ сессиясы
 
Кара-Бак айыл өкмөтүнө 2003-жылы
алынган товардык кредитин төлөөгө
каражат бөлүп берүү жөнүндө
 
       Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” мыйзамына ылайык, Кара-Бак айылдык кеңешинин Экономика-финансы, бюджет, салык маселелери боюнча туруктуу комиссиясынын чечиминин негизинде Кара-Бак айылдык кеңеши
 
ТОКТОМ  КЫЛАТ:
  1. Кара-Бак айыл өкмөтүнө 2003-жылы алынган товардык кредиттин штраф жана проценттик төлөмдөрүн төлөө үчүн айыл өкмөтүнөн 634810,58 сомду КР финансы-кредиттик фондунун эсебине Зардалы көпүрөсүнө бөлүнгөн акча каражатынан 2221 статьясынан 634810,58 сом акчаны 2215 статьясына жылдырып бекитилсин.
 
  1. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Кара-Бак айылдык кеңешинин Экономика-финансы, бюджет, салык маселелери боюнча  туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
 
 
Айылдык кеңештин төрайымы:                                  Ж.Шадиманова.
 
 
 
 
 

 
ТОКТОМ № 38
 
Кара-Бак айылы                                                                            21-май  2024-жыл.
 
Кара-Бак айылдык кеңешинин VII чакырылышынын кезектеги XXXIХ сессиясы
 
Теплица жана сугат суу каналын куруу
долбооруна салым үчүн каражат бөлүп
берүү жөнүндө
 
Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” мыйзамына ылайык, Кара-Бак айылдык кеңешинин Экономика-финансы, бюджет, салык маселелери боюнча туруктуу комиссиясынын чечиминин негизинде чарбалык долбоорду колдоо максатында Кара-Бак айылдык кеңеши
 
ТОКТОМ  КЫЛАТ:
 
  1. 2024-жылдагы сметада Кызыл-Бел айылындагы спорт залга салым катары бөлүнгөн 150 000 сом акча каражатынан,  теплица курууга салым катары 50 000 сом, жана сугат суу каналын курууга салым катары 100 000 сом жылдырылсын.
 
  1. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Кара-Бак айылдык кеңешинин Экономика-финансы, бюджет, салык маселелери боюнча  туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
 
 
 
Айылдык кеңештин төрайымы:                                  Ж.Шадиманова
 
ТОКТОМ № 39
 
Кара-Бак айылы                                                                            21-май  2024-жыл.
 
Кара-Бак айылдык кеңешинин VII чакырылышынын кезектеги XXXIХ сессиясы
 
Кара-Бак айыл аймагынын 2024-2025-2026-жылдарга карата өнүгүү планын бекитүү жөнүндө
 
 
 
           Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө” мыйзамына ылайык, Кара-Бак айыл аймагынын 2024-2025-2026-жылдарга карата өнүгүү планын карап чыгып,  Кара-Бак айылдык кеңешинин Мыйзамдуулук жана инвестиция тартуу боюнча туруктуу комиссиянын билдирүүсүн эске алып, угуп жана талкуулап Кара-Бак айылдык кеңеши
Токтом кылат 
  1. Кара-Бак айыл аймагынын 2024-2025-2026-жылдарга карата өнүгүү планы бекитилсин.
  2. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Кара-Бак айылдык кеңешинин төрайымынын орун басарына тапшырылсын.
  
 
Айылдык кеңештин төрайымы                                   Ж.Шадиманова.