Токтомдор

Кара-Бак айылдык кеңешинин VII чакырылышынын кезектеги XXXVI Сессиясы

   
 
ТОКТОМ №15.
 
Кара-Бак айылы                                                 2024-жыл  23-март
 
Кара-Бак айылдык кеңешинин VII чакырылышынын кезектеги XXXVI
Сессиясы
 
Кара-Бак айылдык кеңешинин VII чакырылышынын кезектеги XVIII
сессиясы 2022-жылдын 25-сентябрыдагы № 74 токтомуна толуктоо киргизүү жөнүндө.
 
Кара-Бак айылдык кеңешинин жер маселелери боюнча комитетинин билдирүүсүн эске алып, угуп жана талкуулап Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” мыйзамына ылайык Кара-Бак айыл өкмөтүнүн Алты-Адыр участкасындагы жер аянтынын башкы планын өзгөртүүгө  макулдук берүү максатында Кара-Бак айылдык кеңеши
 
ТОКТОМ  КЫЛАТ:
 
  1. Кара-Бак айылдык кеңешинин VII чакырылышынын кезектеги XVIII сессиясы 2022-жылдын 25-сентябрыдагы № 74 токтомунун 1-бөлүмү төмөндөгү сөздөр менен толукталсын: “Алты-Адыр участогуна даярдалган  2020-жылы №55 сандуу башкы планда каралган №2 мектеп, №3 бала бакча, №12 аптека, №14 ФАП жана 144 турак жай”.
  1. Токтомдун негизинде иш алып барып, кеткен чыгымдарын каржылоо айыл өкмөтүнө милдеттендирилсин.
3. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы  Кара-Бак айылдык кеңешинин жер маселелери боюнча туруктуу комиссиясынын төрагасы З.Осмоновго тапшырылсын.
 
 
 
Айылдык кеңештин төрайымы                                     Ж.Шадиманова.
 
 
 
 

 
ТОКТОМ №16.
 
Кара-Бак айылы                                                           2024-жыл  23-март
 
Кара-Бак айылдык кеңешинин VII чакырылышынын кезектеги XXXVI
Сессиясы
 
Кара-Бак айылдык кеңешинин VII чакырылышынын 2023-жылдын  26-январындагы  кезексиз XX сессиясынын №5 токтомуна толуктоо киргизүү жөнүндө.
 
           Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” мыйзамына ылайык, Кара-Бак айылдык кенешинин Транспорт, курулуш, өнөр жай, суу чарбасы жана жер маселелери боюнча туруктуу комиссиясынын мүчөсү А.Дилишатовдун  билдирүүсүн эске алып №2 протоколунун негизинде, Кара-Бак айылдык кеңеши
 
Токтом кылат
 
  1. Кара-Бак айылдык кеңешинин VII чакырылышынын 2023-жылдын  26-январындагы  кезексиз XX сессиясынын №5 токтомунун биринчи бөлүмүндөгү “28,0га” деген цифра “242863,9м2” менен алмаштырылсын, “тамчылатып сугаруу” деген сөз алып салынсын.
  2. Токтомдун негизинде иш алып баруу жагы Кара-Бак айыл өкмөтүнүн башчысына милдеттендирилсин.
  3. Ушул  токтомдун  аткарылышын  көзөмөлдөө жагы Кара-Бак айылдык кеңешинин жер маселелери боюнча туруктуу комиссиянын төрагасы З.Осмоновго тапшырылсын. 
 
 
Айылдык кеңештин төрайымы                                      Ж.Шадиманова.
 
 
 
 
 

 
ТОКТОМ  №17.
 
Кара-Бак айылы                                                           2024-жыл  23-март
 
Кара-Бак айылдык кеңешинин VII чакырылышынын кезектеги XXXVI
Сессиясы
 
Кара-Бак айылдык кеңешинин VII чакырылышынын кезектеги XXI сессиясы  2023-жылдын  16-февралындагы №11 токтомуна толуктоо киргизүү жөнүндө.
                                              
                       
   Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” мыйзамына ылайык, Кара-Бак айылдык кенешинин Транспорт, курулуш, өнөр жай, суу чарбасы жана жер маселелери боюнча туруктуу комиссиясынын мүчөсү А.Дилишатовдун  билдирүүсүн эске алып №2 протоколунун негизинде, Кара-Бак айылдык кеңеши
ТОКТОМ  КЫЛАТ:
 
1. Кара-Бак айылдык кеңешинин VII чакырылышынын кезектеги XXI сессиясы        2023-жылдын  16-февралындагы №11 токтомунун биринчи бөлүмү жокко чыгарылып төмөнкү сөздөр менен толукталсын:
“Алты-Адыр участкасындагы “242863,9м2 жер аянтын “Алты-Адыр” ичүүчү таза суу муниципалдык ишканасына пайдаланууга берүүгө макулдук берилсин”.
 2. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Кара-Бак айылдык кеңешинин жер маселелер боюнча туруктуу комиссиясынын төрагасы З.Осмоновго тапшырылсын.
 
 
 
Айылдык кеңештин төрайымы                                      Ж.Шадиманова