Жаңылыктар

Кара-Бак айылдык кеңешинин катчысы кызматына конкурс жарыяланат!

    Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн  2016-жылдын 29-декабрындагы №706 токтому  менен бекитилген «Кыргыз Республикасынын мамлекеттик жарандык жана муниципалдык кызматына конкурс өткөрүүнүн жана кызматка көтөрүлүүнүн тартиби жөнүндө Жобого ылайык төмөндөгү  бош ваканттык административдик муниципалдык кызмат ордуна сынак жарыялайт.


 Айылдык кеңештин жоопту катчысы:
 
1) Кесиптик билимдин деңгээли:
- жогорку билим (Мамлекеттик жана муниципалдык башкаруу, Юриспруденция, Финансылык экономикалык, Айыл чарба, Ветеринардык, Гуманитардык, Табигый илимдер, Техникалык, Курулуш, Энергетика тармактарында)
2) Иш стажы жана тажрыйбасы:
- жалпысынан 3 жылдан кем эмес мамлекеттик жана/же муниципалдык кызмат стажы же тиешелүү кесиптик чөйрөдөгү 5 беш жылдан кем эмес иш стажы;
3) Кесиптик компетенттүүлүгү:
- Төмөнкүлөрдү билүү:
 
Кыргыз Республикасынын жалпы мыйзамдарын:
  • Кыргыз Республикасынын Конституциясы;
  • Кыргыз Республикасынын “Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат жөнүндө”;
  • “Коррупцияга каршы аракеттенүү жөнүндө”;
  • “Жарандардын кайрылууларын кароо тартиби жөнүндө” мыйзамдары;
  • Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат боюнча кеңештин 2016-жылдын 19-августундагы № 43 токтому менен бекитилген “Кыргыз Республикасынын мамлекеттик жана муниципалдык кызматчыларынын этикасынын Кодекси.
Тиешелүү тармактагы мыйзамдарын:
  • Кыргыз Республикасынын “Кыргыз Республикасында инвестициялар жөнүндө”
  • Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө”
  • Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү кеңештердин депутаттарынын статусу жөнүндө” Мыйзамдары
  •              Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2012-жылдын 23-июлундагы N 517 токтому менен бекитилген “Кыргыз Республикасында иш кагаздарын жүргүзүү боюнча типтүү нускамасы”
Кызматтык милдеттерин аткаруу үчүн зарыл болгон көлөмдө мамлекеттик (Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2017-жылдын 21-ноябрындагы № 757 токтомуна ылайык) жана расмий тилдерди;
- Билгичтиги:
иштин артыкчылыктуу багыттарын аныктоо жана стратегиялык пландарды иштеп чыгуу;
түзүмдүк бөлүмчөлөрдүн проблемаларын талдоо, божомолдоо, жалпылоо, мониторинг жүргүзүү, контролдоо жана аларды чечүүгө жаңы ыкмаларды киргизүү;
башкаруучулук чечимдерди ыкчам кабыл алуу жана алардын натыйжалары үчүн жоопкерчилик тартуу;
кызыкчылыктардын кагылышына алып келүүчү проблемалуу кырдаалдарды өз убагында көрө билүү жана чечүү;
алдыга коюлган милдеттерди чечүү максатында жаңы ыкмаларды колдонуу үчүн мүмкүнчүлүктөрдү издөө;
өз ишин жана түзүмдүк бөлүмчөнүн ишин натыйжалуу пландаштыруу;
ведомстволор аралык өз ара аракеттенүү;
чыр-чатактуу кырдаалдарды жөнгө салуу;
- Көндүмдөрү:
аналитикалык жана стратегиялык документтерди иштеп чыгуу;
түзүмдүк бөлүмчөнү башкаруу (баш ийген кызматкерлердин ортосунда тапшырмаларды жана милдеттерди туура бөлүштүрүү, мамлекеттик органдын жетекчилигинин стратегиялык максаттарын жана көз караштарын өзүнө баш ийген кызматкерлерге сапаттуу жеткирүү, башкаруучулук чечимдерди ыкчам даярдоо, кабыл алуу жана жүзөгө ашыруу, иштин жаңы формаларын жана методдорун издөө);
маалыматты талдоо, системалаштыруу жана жалпылоо;
ченемдик укуктук актылар менен иш алып баруу жана аларды тажрыйбада колдоно билүү;
натыйжалуу өз ара мамилелерди түзүү, иштиктүү этикеттин ыкмаларын, кеңешмелерди, жолугушууларды өткөрүүнүн ыкмаларын билүү, элдин алдында сүйлөө, мамлекеттик жана расмий тилдерде ишкердик кат алышуу;
компьютердик жана уюштуруу техниканы, керектүү программалык продуктуларды колдоно билүү.
 
 
 
ТАЛАП КЫЛЫНУУЧУ ДОКУМЕНТТЕР:
 - арыз;
- өздүк баракча;
- 3х4 өлчөмүндөгү 2 даана сүрөт (түстүү формада);
- паспорттун көчүрмөсү:
-билими тууралуу документтин көчүрмөсү (нотариус аркылуу же иштеген жеринен күбөлөндүрүлгөн);
-эмгек китепчесинин көчүрмөсү (нотариус аркылуу же иштеген жеринен күбөлөндүрүлгөн);
- резюме;
- өмүр баяны (соттолгондугу/соттолбогондугу тууралуу маалыматты көрсөтүү менен).
 
Документтер: жарыя чыккан күндөн баштап 10 жумушчу күндүн ичинде (23.11.2020-ж чейин) Кара-Бак айыл өкмөтүнүн кеңсесинде  кабыл алынат.
 
Кошумча маалымат алуу үчүн:  0777 07-08-21