Токтомдор

Кара-Бак айылдык кеңешинин XVII ctcbzcs


ТОКТОМ №55
 
Кара-Бак айылы                                                                              2022-жылдын 14-октябры                                                  
 
Кара-Бак айылдык кеңешинин VII чакырылышынын кезектеги XVII сессиясы
 
Жергиликтүү Курултайды уюштуруу жана өткөрүү жөнүндө
 
Кыргыз Республикасынын Президентинин 2022-жылдын                              15-августундагы “Элдик Курултайды чакыруу жөнундө” ПЖ №284 Жарлыгын жана Баткен районунун мамлекеттик администрациясынын 2022-жылдын        8-сентябрындагы “Биринчи Элдик Курултайды даярдоого жана өткөрүүгө көмөк көрсөтүү жөнүндө” №224-б буйругун аткаруу максатында, Кара-Бак айылдык кенешинин VII чакырылышынын кезектеги XVII сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ
1.  Кара-Бак айыл аймагында жергиликтүү курултайды уюштуруу жана өткөрү боюнча комиссияларынын курамы 1-тиркемеге ылайык бекитилсин.
2.  Кара-Бак айыл аймагында жергиликтүү курултайга делегаттарды шайлоо боюнча чогулуш жана жыйындар 2-тиркемеге ылайык уюштурулсун.
3.  Кара-Бак айыл аймагында жергиликтүү курултай чакыртылсын
4.   Элдик курултайдын делегаттарын шайлоо боюнча Кара-Бак айыл аймагынын жергиликтүү курултайы Кара-Бак айыл өкмөтүнүн Кара-Бак айылындагы маданият үйүндө(клуб) 2022-жылдын 5-ноябры(ишемби) күнү саат 15:00 гө өткөрүлсүн.
5.  Баткен райондук ички иштер бөлүмүнүн милициянын Кара-Бак аймактык пункту Элдик курултайдын делегаттарын шайлоо боюнча        Кара-Бак айыл аймагынын жергиликтүү курултайында тартипти сактоо чараларын көрсүн.
6.  Кара-Бак айыл аймагында жергиликтүү курултайга делегаттарды шайлоо боюнча чогулуш жана жыйындарды, Жергиликтүү Курултайды даярдоо жана өткөрүүнү уюштуруу жагы айыл өкмөт башчысына милдеттендирилсин.
 
Айылдык кеңештин төрайымы                                   Ж.Шадиманова
 
1-тиркеме
 

ФИО Кызматы
1 Шадиманова  Жамила Комиссиянын төрайымы
2 Амиракулов Келдибек Комиссиянын катчысы
3 Каримов Болотбек Мүчөсү
4 Алтынбек уулу Адилет Мүчөсү
5 Матурайымов Тазабек Мүчөсү
6 Исаков Абдилла Мүчөсү
7 Райымов Дүйшө Мүчөсү
8 Калматов Жаныбек Мүчөсү
9 Каламбеков Түрдали Мүчөсү
10 Убаев Сүйүнбай Мүчөсү
11 Айтбаева Адалат Мүчөс
   
 
 
2-тиркеме
Айылдар Жыйын өтүүчү жер Убагы Калынын саны Шайлануучу делегат Жооптуулар
Күнү сааты
1 Дөбө ФАП 17.10.2022 15:00 782 5 Г.Сапарова
Т.Каламбеков
2 Бай-Кара-Бак ФАП 18.10.2022 15:00 546 4 Г.Эргешова
Ж.Калматов
3 Чет-Кызыл Борбордук мечит 19.10.2022 15:00 2312 16 А.Качыбеков
Д.Райымов
4 Достук Достук штаб 20.10.2022 15:00 393 3 Ж.Шадиманова
А.Айтбаева
5 Кара-Бак Маданият үйү (Клуб) 21.10.2022 15:00 8962 64 Р.Джолматов
Т.Матурайымов
6 Зардалы Мектеп 22.10.2022 15:00 223 2 М.Темиркулов
С.Убаев
7 Кызыл-Бел К.Турмаматов мектеби 23.10.2022 15:00 7803 56 А.Исаков
А.Исаков
 

ТОКТОМ №56
 
Кара-Бак айылы                                                                              2022-жылдын 14-октябры                                                  
 
Кара-Бак айылдык кеңешинин VII чакырылышынын кезектеги XVII сессиясы
 
Кара-Бак айыл  өкмөтүнүн жергиликүү бюджетинин сметасына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө
           Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө” мыйзамына ылайык, Кара-Бак айылындагы тургундардын кайрылуусун карап чыгып,  Кара-Бак айыл өкмөтүнун ФЭБ башчысынын  билдирүүсүн эске алып, угуп жана талкуулап Кара-Бак айылдык кеңеши
Токтом кылат 
1.Кара-Бак айылынын  бинкол жана столбаларына 3112 статьясына 2221статьясынан 160,0 м. сом жылдырылсын.
2.Чет Кызыл айылынын жолуна 3111 статьясына 2221 статьясынан   150,0 м. сом жылдырылсын.
3.Дөбө айылына курулуп жаткан мектептин 3111 статьясына, 2221 статьясынан 60,0 мин сом жылдырылсын
4. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Кара-Бак айылдык кеңешинин финансы маселеси боюнча комиссиянын төрагасына тапшырылсын.
 
 
Айылдык кеңештин төрайымы                                   Ж.Шадиманова
 

 

ТОКТОМ №57
 
Кара-Бак айылы                                                                              2022-жылдын 14-октябры                                                  
 
Кара-Бак айылдык кеңешинин VII чакырылышынын кезектеги XVII сессиясы
 
Кара-Бак  айылына электр энергиясын тартуу  жөнүндө
 
 
 
           Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө” мыйзамына ылайык, Кара-Бак айылындагы тургундардын кайрылуусун карап чыгып,  Кара-Бак айылдык кеңешинин Кара-Бак айылдык кеңешинин финансы маселеси боюнча комиссиянын төрагасы Р.Султановтун билдирүүсүн эске алып, угуп жана талкуулап Кара-Бак айылдык кеңеши
Токтом кылат 
1. Кара-Бак айылындагы Орто-Сай, Г.Ниязов жана Таштан көчөлөрүнө электр энергиясын тартуу үчүн  2022-жылдагы жергиликтүү бюджеттен 20 шт стольба, 20 шт траверс жана 60 шт чайнек алынсын.
2. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Кара-Бак айылдык кеңешинин финансы маселеси боюнча комиссиянын төрагасына тапшырылсын.
 
 
Айылдык кеңештин төрайымы                                   Ж.Шадиманова


ТОКТОМ №58
 
Кара-Бак айылы                                                                              2022-жылдын 14-октябры                                                  
 
Кара-Бак айылдык кеңешинин VII чакырылышынын кезектеги XVII сессиясы
 
«Баткен согушунун ардагерлерине» октябрь айындагы  майрамдык иш чараны каржылоо жөнүндө
 
 
 
           Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө” мыйзамына ылайык, .«Баткен согушунун ардагерине» кайрылуусун карап чыгып,  Кара-Бак айылдык кеңешинин Кара-Бак айылдык кеңешинин финансы маселеси боюнча комиссиянын төрагасы Р.Султановтун билдирүүсүн эске алып, угуп жана талкуулап Кара-Бак айылдык кеңеши
Токтом кылат 
1.«Баткен согушунун ардагерлерине» октябрь айындагы  эскерүү күнүнө майрамдык иш чарага 2022-жылдагы жергиликтүү бюджетинен 100 000 сом бөлүнүп берилсин.
2. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Кара-Бак айылдык кеңешинин финансы маселеси боюнча комиссиянын төрагасына тапшырылсын.
 
 
Айылдык кеңештин төрайымы                                   Ж.Шадиманова


 

ТОКТОМ №59
 
Кара-Бак айылы                                                                               2022-жылдын 14-октябры                                                  
 
Кара-Бак айылдык кеңешинин VII чакырылышынын кезектеги XVII сессиясы
 
 
Курук-Сай участкасындагы Сакы-Баба көсөсүнө электр энергиясын тартуу жөнүндө
 
 
 
           Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө” мыйзамына ылайык, Кара-Бак айылындагы тургундардын кайрылуусун карап чыгып,  Кара-Бак айылдык кеңешинин финансы маселеси боюнча комиссиянын төрагасы Р.Султановтун билдирүүсүн эске алып, угуп жана талкуулап ички көчөлөргө ат кою максатында Кара-Бак айылдык кеңеши
Токтом кылат 
1. Кара-Бак айылынын Курук-Сай участкасындагы Сакы-Баба көсөсүнө электр энергиясын тартуу үчүн  2022-жылдагы жергиликтүү бюджеттен 4 шт винкол, 4 шт травес жана 300 метр зым алынсын.
2. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Кара-Бак айылдык кеңешинин финансы маселеси боюнча комиссиянын төрагасына тапшырылсын.
 
 
Айылдык кеңештин төрайымы                                   Ж.Шадиманова




ТОКТОМ №60
 
Кара-Бак айылы                                                                              2022-жылдын 14-октябры                                                  
 
Кара-Бак айылдык кеңешинин VII чакырылышынын кезектеги XVII сессиясы
 
 
Таза суу тарифин бекитүү    жөнүндө
 
 
           Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө” мыйзамына ылайык, Кара-Бак айылындагы Анар-Суу ИСКАКБнын төрагасы К.Дүйшөевтин кайрылуусун карап чыгып,  Кара-Бак айылдык кеңешинин финансы комитетинин билдирүүсүн эске алып, угуп жана талкуулап таза суу тарифин бекитүү максатында Кара-Бак айылдык кеңеши
Токтом кылат 
1. Анар-Суу ИСКАКБнын ичүүчү  таза суу үчүн элдерден жыйылуучу акчанын  тарифи бекитилсин.
2. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Кара-Бак айылдык кеңешинин финансы маселеси боюнча комиссиянын төрагасына тапшырылсын.
 
 
 
Айылдык кеңештин төрайымы                                   Ж.Шадиманова
 


ТОКТОМ №61
 
Кара-Бак айылы                                                                              2022-жылдын 14-октябры                                                  
 
Кара-Бак айылдык кеңешинин VII чакырылышынын кезектеги XVII сессиясы
 
 
Б.Байназаров мектебинин директорунун арызын кароо   жөнүндө
 
 
 
           Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө” мыйзамына ылайык, Кара-Бак айылдык кеңешинин финансы маселеси боюнча комиссиянын төрагасынын билдирүүсүн эске алып, угуп жана талкуулап ички көчөлөргө ат кою максатында Кара-Бак айылдык кеңеши
Токтом кылат 
1. Б.Байназаров мектебинин электр зымдарынын эскилиги жеткендигине байланыштуу Айыл өкмөтү тиешелүү мекмелер менен сүйлөшүп,  зымдарды кышка чейин алмаштыруу иштери жүргүзүлсүн.
2. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Кара-Бак айылдык кеңешинин финансы маселеси боюнча комиссиянын төрагасына тапшырылсын.
 
 
Айылдык кеңештин төрайымы                                   Ж.Шадиманова
 


ТОКТОМ №62
 
Кара-Бак айылы                                                                               2022-жылдын 14-октябры                                                  
 
Кара-Бак айылдык кеңешинин VII чакырылышынын кезектеги XVII сессиясы
 
 
Кызыл-Бел айылындагы жолдорду оңдоп түздөөгө каражат бөлүү жөнүндө
 
           Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө” мыйзамына ылайык, Кара-Бак айылдык кеңешинин финансы маселеси боюнча комиссиянын төрагасынын билдирүүсүн эске алып, угуп жана талкуулап Кызыл-Бел айылындагы жолдорду оңдоп түздөөгө каражат бөлүү максатында Кара-Бак айылдык кеңеши
Токтом кылат
1. Кызыл-Бел айылынын маршраттук каттам жүрүү үчүн ички жолдорун жана айланма жолду оңдоп түздөөгө 2022-жылдагы жергиликтүү бюджеттен 100 000 сом бөлүнсүн.
2. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Кара-Бак айылдык кеңешинин финансы маселеси боюнча комиссиянын төрагасына тапшырылсын.
 
 
Айылдык кеңештин төрайымы                                   Ж.Шадиманова

ТОКТОМ №63
 
Кара-Бак айылы                                                                               2022-жылдын 14-октябры  
 
Кара-Бак айылдык кеңешинин VII чакырылышынын кезектеги XVII сессиясы
 
Жер аянтын трансформациялоого макулдук берүү жөнүндө
 
 
Кыргыз Республикасынын 2013-жылдын 15-июль айындагы                        № 145  "Жерлерди которуу ( трансформациялоо) жөнүндөгү" мыйзамын, Кыргыз Республикасынын Жер Кодексинин 13-беренесинин жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2014-жылдын 19-мартындагы № 169 сандуу токтомун жетекчиликке алып, айыл өкмөтүнүн сунушунун негизинде жер аянтын которуу(трансформациялоо)  максатында Кара-Бак айылдык кеңеши
Токтом кылат 
1.   Кара-Бак айыл өкмөтүнүн Кызыл-Бел айылынан 8-01-09-0022-0363 идентификациялык кодунда жайгашкан  4,8 га жер аянтын  “Айылчарба багытындагы жерлер” категориясынан “Өнөр жайынын, транспорттун, байланыштын, энергетиканын, коргонуунун жерлери жана башка багыттагы жерлер” категориясына которууга макулдук берилсин.
 
2. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Кара-Бак айылдык кеңешинин жер маселелери боюнча туруктуу комиссиянын төрагасына тапшырылсын.
 
 
Айылдык кеңештин төрайымы                                   Ж.Шадиманова




ТОКТОМ №64
 
Кара-Бак айылы                                                                              2022-жылдын 14-октябры                                                  
 
Кара-Бак айылдык кеңешинин VII чакырылышынын кезектеги XVII сессиясы
 
Кара-Бак айылындагы мурдагы эски базардын айланасындагы жер аянттарынын башкы планын өзгөртүү  жөнүндө
 
 
           Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө” мыйзамына ылайык, Кара-Бак айылындагы тургундардын кайрылуусун карап чыгып,  Кара-Бак айылдык кеңешинин жер маселелери боюнча комитеттинин билдирүүсүн эске алып, угуп жана талкуулап башкыпланга өзгөртүү киргизүүгө макулдук максатында Кара-Бак айылдык кеңеши
Токтом кылат 
 
1. Кара-Бак айыл өкмөтүнүн Кара-Бак айылындагы мурдагы эски базардын айланасындагы жер аянттарынын башкы планын өзгөртүү киргизүүгө макулдук берилсин.
2.Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Кара-Бак айылдык кеңешинин жер маселелери боюнча туруктуу комиссиянын төрагасына тапшырылсын.
 
 
 
Айылдык кеңештин төрайымы                                   Ж.Шадиманова


ТОКТОМ №65
 
Кара-Бак айылы                                                                               2022-жылдын 14-октябры                                                  
 
Кара-Бак айылдык кеңешинин VII чакырылышынын кезектеги XVII сессиясы
 
Кара-Бак айылындагы АВМ жана Жаны короо участкаларындагы жер аянттарынын башкы планын өзгөртүү  жөнүндө
 
 
           Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө” мыйзамына ылайык, Кара-Бак айылындагы тургундардын кайрылуусун карап чыгып,  Кара-Бак айылдык кеңешинин жер маселелери боюнча комитеттинин билдирүүсүн эске алып, угуп жана талкуулап башкы планга өзгөртүү киргизүүгө макулдук берүү максатында Кара-Бак          айылдык кеңеши
 
Токтом кылат
 
1. Кара-Бак айылындагы АВМ жана Жаны короо участкаларындагы мечит курулуучу жер аянттарынын башкы планына өзгөртүү киргизүүгө макулдук берилсин.
2.Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Кара-Бак айылдык кеңешинин жер маселелери боюнча туруктуу комиссиянын төрагасына тапшырылсын.
 
 
 
 
Айылдык кеңештин төрайымы                                   Ж.Шадиманова


ТОКТОМ №66
 
Кара-Бак айылы                                                                              2022-жылдын 14-октябры                                                  
Кара-Бак айылдык кеңешинин VII чакырылышынын кезектеги XVII сессиясы
 
Пайдаланып жүргөн жер аянттарын жеке менчикке бекитип берүүгө макулдук берүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” мыйзамына ылайык, Кара-Бак айылдык кеңешинин жер маселелери боюнча комитетинин билдирүүсүн угуп, талкуулап пайдаланып жүргөн жер аянттарын жеке менчикке бекитип берүүгө макулдук берүү максатында      Кара-Бак айылдык кеңеши
ТОКТОМ  КЫЛАТ:
1.Кара-Бак айыл өкмөтүнүн аймагындагы төмөнкү тургундардын:
1.Мурзараимова Уулкан Имаровна - 8-01-09-1001-1526     
2.Ысакова Бермет Авазбековна - 8-01-09-1001-1487           
3.Гапар кызы Тахмина - 8-01-09-1002-0072
4.Ташбаева Токтокан Абдулахадовна - 8-01-09-1001-1892
5.Мажит кызы Умсунай - 8-01-09-1003-0401
6.Алпамышова Жазгул Абдижапаровна - - 8-01-09-1003-0131
7.Сайипова Ашырбүбү Чалабаевна- 8-01-09-1001-0955
8.Искандарова Зулайка Сыражовна - 8-01-09-1003-0139
9.Топчубай кызы Бүажар- 8-01-09-1001-1585
10.Матмуратова Айсалкын Абыталиповна - 8-01-09-1001-0317
11.Жапарова Айсырга Абдилдаевна- 8-01-09-1001-0419
12.Кодирова Махфуза Ашурбоевна-0,10га,
13.Урустамова Марупад Кенжаевна- 0,15 га,
14.Кудрат кызы Арзыкан - 8-01-09-1001-1535
15. Мурзараимова Айтбүбү Имаровна - 8-01-09-1001-1701
16.Махамат кызы Бурулай- 8-01-09-1001-1306
17.Эгемберди кызы Бурмагүл- 8-01-09-1001-0131
18.Умурзокова Замира Солиевна -  8-01-09-1002-0925
19.Шайдылаева Азада Жолчабековна – 0,15 га,
20.Матраимова Чынарбүбү Сыдыковна -8-01-09-1001-0621
21.Айдарова Тажигүл Суюновна - 8-01-09-1001-0701
22. Жамалова Жылдызхан Пайзиллаевна -8-01-09-1004-0132
23.Орозова Бүүрайкан Закировна 8-01-09-1001-1366
24.Зиябидинова Бааргүл Жунусалиевна - 8-01-09-1003-0289
25.Муталиб уулу Рахим- 8-01-09-1002-2406
26.Матураимова Гүлбүбү Амирабаевна- 8-01-09-1003-0440
27.Тухтабоева Махфират Авкаюмовна- 8-01-09-1001-0966
28.Абдилла кызы Зарбүбү - 8-01-09-1001- 0289
29.Бердибоева Саноргул Медеровна-8-01-09-1002-2235
30.ММуталиб кызы Махпирет8-01-09-1002-2384
31.Артыкова Ибадат Тургунбаевна- 8-01-09-1002-2383
32. Газыева Айнура Махмудовна- 8-01-09-1002-2382
33.Нурмамат кызы Нуржамал - 8-01-09-1002-2385
34.Нишанбаева Айсулуу – 8-01-09-1001-0787
мурдатан бери турак-жай салып  пайдаланып келген жер аянттарын мыйзам чегинде жеке менчикке бекитип берүүгө макулдук берилсин.
2. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы  Кара-Бак айылдык кеңешинин жер маселелери боюнча туруктуу комиссиясынын төрагасына тапшырылсын.
 
Айылдык кеңештин төрайымы                                   Ж.Шадиманова

ТОКТОМ №67
 
Кара-Бак айылы                                                                              2022-жылдын 14-октябры                                                  
 
Кара-Бак айылдык кеңешинин VII чакырылышынын кезектеги XVII сессиясы                                                         
Достук заставасына ысым берүү жөнүндө
 
 
           Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө” мыйзамына ылайык, Кара-Бак айыл өкмөтүнүн сунушун карап чыгып,  Кара-Бак айылдык кеңешинин Укук жана мыйзамдуулук комитетинин депутаты Алтынбек уулу Адилеттин билдирүүсүн эске алып, угуп жана талкуулап Достук заставасына ысым берүү максатында Кара-Бак айылдык кеңеши
Токтом кылат 
1. Кара-Бак айыл өкмөтүнүн Достук айылындагы заставасы  “Бектонов Гүлжигит” деп аталуусуна  макулдук берилсин.
2.Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Кара-Бак айылдык кеңешинин мыйзамдуулук боюнча туруктуу комиссиянын төрагасына тапшырылсын.
 
 
Айылдык кеңештин төрайымы                                     Ж.Шадиманова

ТОКТОМ №68
 
Кара-Бак айылы                                                                              2022-жылдын 14-октябры                                                  
 
Кара-Бак айылдык кеңешинин VII чакырылышынын кезектеги XVII сессиясы                                                         
Кара-Бак  айылындагы көчөнүн атын өзгөртүү жөнүндө
 
 
 
           Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө” мыйзамына ылайык, Кара-Бак айылындагы тургундардын кайрылуусун карап чыгып,  Кара-Бак айылдык кеңешинин Укук жана мыйзамдуулук комитетинин депутаты Алтынбек уулу Адилеттин билдирүүсүн эске алып, угуп жана талкуулап Кара-Бак  айылындагы көчөнүн атын өзгөртүү максатында Кара-Бак айылдык кеңеши
Токтом кылат 
1. Кара-Бак айылындагы “Токмок” көчөсүн  “Базарбаев Мукум” атындагы көчө деп өзгөртүүгө макулдук берилсин.
2. Тиешелүү иш-кагаздарын даярдап каттоо жагы Кара-Бак айыл өкмөтүнө тапшырылсын.
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Кара-Бак айылдык кеңешинин мыйзамдуулук боюнча туруктуу комиссиянын төрагасына тапшырылсын.
 
 
Айылдык кеңештин төрайымы                                   Ж.Шадиманова




ТОКТОМ №69
 
Кара-Бак айылы                                                                              2022-жылдын 14-октябры                                                  
 
Кара-Бак айылдык кеңешинин VII чакырылышынын кезектеги XVII сессиясы
 
Ардактуу атуул наамын ыйгаруу жөнүндө
 
 
           Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө” мыйзамына ылайык, Кара-Бак айылындагы тургундардын кайрылуусун карап чыгып,  Кара-Бак айылдык кеңешинин Укук жана мыйзамдуулук комитетинин депутаты Алтынбек уулу Адилеттин билдирүүсүн эске алып,угуп жана талкуулап ардактуу атуул наамын ыйгаруу максатында Кара-Бак айылдык кеңеши
Токтом кылат 
 
1. Кара-Бак айылынын тургуну Абдраимов Каримге “Кара-Бак айыл аймагынын ардактуу атуулу” наамы ыйгарылсын.
2.Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Кара-Бак айылдык кеңешинин мыйзамдуулук боюнча туруктуу комиссиянын төрагасына тапшырылсын.
 
 
Айылдык кеңештин төрайымы                                   Ж.Шадиманова
 

ТОКТОМ №70
 
Кара-Бак айылы                                                                               2022-жылдын 14-октябры                                                  
 
Кара-Бак айылдык кеңешинин VII чакырылышынын кезектеги XVII сессиясы

Мамлекеттик сыйлыкка көрсөтүү жөнүндө
 
           Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө” мыйзамына ылайык, Кара-Бак айылындагы тургундардын кайрылуусун карап чыгып,  Кара-Бак айылдык кеңешинин Укук жана мыйзамдуулук комитетинин депутаты Алтынбек уулу Адилеттин билдирүүсүн эске алып,угуп жана талкуулап ардактуу атуул наамынн ыйгаруу максатында Кара-Бак айылдык кеңеши
 
Токтом кылат 
 
1. Чек арадагы жаңжалда кызматы үчүн Каламбеков Абдикарим Саалыевич, Кара-Бак чек ара заставасынын башчысы улук лейтанат Бектемир уулу Аманболсун жана  Достукта чек ара заставасынын башчысы курман болгон капитан Гүлжигит Бектонов Мамлекеттик сыйлыктарга  сунуш кылынсын.
2. Аталган токтомдун негизинде тиешелүү иш кагаздарын даярдап Баткен мамлекеттик админстрациясына жөнөтүү жагы Кара-Бак айыл өкмөтүнө тапшырылсын.
3.Жогорудагы жарандардан тышкары   кызмат кылган жарандарды тактап сыйлоо жагы Кара-Бак айыл өкмөтүнө жүктөлсүн.
4.Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Кара-Бак айылдык кеңешинин мыйзамдуулук боюнча туруктуу комиссиянын төрагасына тапшырылсын.
 
Айылдык кеңештин төрайымы                                   Ж.Шадиманова