Токтомдор

Кара-Бак айылдык кеңешинин VII чакырылышынын кезектеги VII сессиясы

ТОКТОМ №47
 
Кара-Бак айылы                                              2021-жылдын 11-ноябры 
 
Кара-Бак айылдык кеңешинин VII чакырылышынын кезектеги VII
сессиясы
 
Кара-Бак айыл  өкмөтүнүн жергиликүү бюджетинин сметасына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө
Кара-Бак айыл  өкмөтүнүн жергиликүү бюджетинин сметасына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө Кара-Бак айыл өкмөтүнүн ФЭБ башчысы С.Курбановтун билдирүусүн угуп жана талкуулап, Кара-Бак айылдык кеңеши
ТОКТОМ  КЫЛАТ:
1.Кара-Бак айыл өкмөтүнүн, аппаратынын 3112 машина обородувания  статьясынан 176,1  миң  сом кыскартылсын.
2. Кара-Бак айыл өкмөтүнүн,  балдар бакчасынын 2215 жана 2218  статьяларына 140,8 миң  сом акча каражаты кошулуп берилсин.
3. Кара-Бак айыл өкмөтүнүн,  мектептердин 2222  статьяларына 35,3 миң  сом акча каражаты кошулуп берилсин.
4. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы,  Кара-Бак айылдык кеңешинин бюджет жана экономикалык маселелер боюнча комитетинин туруктуу комиссиясынын төрагасы Р.Султановго тапшырылсын.
 
 
 
Айылдык кеңештин төрайымы                                  Ж.Шадиманова
 

ТОКТОМ №48
 
Кара-Бак айылы                                              2021-жылдын 11-ноябры 
 
Кара-Бак айылдык кеңешинин VII чакырылышынын кезектеги VII
сессиясы
 
                                                                      
 
Сокулук райондук  мамлекттик администрация тарабынан берилген 542 264 сом акча каражатын бөлүү жөнүндө

 
 
           Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө” мыйзамына ылайык, Кара-Бак айылдык кеңешинин финансы комитетинин төрагасы Р.Султановтун билдирүүсүн эске алып, угуп жана талкуулап Сокулук райондук  мамлекттик администрация тарабынан берилген акча каражатын паркты оңдоого берүүгө Кара-Бак айылдык кеңеши
ТОКТОМ  КЫЛАТ:
1.Сокулук райондук  мамлекттик администрация тарабынан берилген 542 264 сом акча каражаты Кара-Бак айылындагы борбордук паркты оңдоого бөлүүгө макулдук берилсин.
2.Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Кара-Бак айылдык кеңешинин финансы комитетинин төрагасы Р.Султанов тапшырылсын.
 
 
Айылдык кеңештин төрайымы                                   Ж.Шадиманова

ТОКТОМ №49
 
Кара-Бак айылы                                              2021-жылдын 11-ноябры
 
Кара-Бак айылдык кеңешинин VII чакырылышынын кезектеги VII
сессиясы
 
Кара-Бак айыл  өкмөтүнүн жергиликүү бюджетинин сметасына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө
Кара-Бак айыл  өкмөтүнүн жергиликүү бюджетинин сметасына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө Кара-Бак айыл өкмөтүнүн ФЭБ башчысы С.Курбановтун билдирүусүн угуп жана талкуулап, Кара-Бак айылдык кеңеши
ТОКТОМ  КЫЛАТ:
1.Кара-Бак айыл өкмөтү боюнча аппаратынын, библотеканын, клубтун, бала бакчалардын жана мектептердин 221, 222 жана 311 статьяларынан       650,0  миң  сом кыскартылсын.
2. Кара-Бак айыл өкмөтү боюнча аппаратына, бала бакча жана орто мектептердин 221, 222, жана 311 статьяларына 650,0 миң сом акча каражаты кошулуп берилсин.
3. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы,  Кара-Бак айылдык кеңешинин бюджет жана экономикалык маселелер боюнча комитетинин туруктуу комиссиясынын төрагасы Р.Султановго тапшырылсын.
 
 
 
Айылдык кеңештин төрайымы                                  Ж.Шадиманова