Токтомдор

Кара-Бак айылдык кеңешинин VII чакырылышынын кезектеги IV сессиясы

     
 
 
ТОКТОМ №28
 
Кара-Бак айылы                                       2021-жылдын 24-августу                                                               
 
Кара-Бак айылдык кеңешинин VII чакырылышынын кезектеги IV
сессиясы
 
Кызыл-Бел айылындагы ички көчөлөргө ат кою   жөнүндө
 
 
 
           Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө” мыйзамына ылайык, Кара-Бак айылдык кеңешинин Укук жана мыйзамдуулук комитетинин депутаты Алтынбек уулу Адилеттин билдирүүсүн эске алып, угуп жана талкуулап ички көчөлөргө ат кою максатында Кара-Бак айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ
1. Кызыл-Бел айылындагы ички көчөлөргө Т.Алимбаев, Т.Маралиев жана И.Шадымановтордун ысымдарын коюга макулдук берилсин.
2. Тиешелүү иш-кагаздарын даярдап каттоо жагы Кара-Бак айыл өкмөтүнө тапшырылсын.
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Кара-Бак айылдык кеңешинин мыйзамдуулук боюнча туруктуу комиссиянын төрагасына тапшырылсын.
 
 
 
Айылдык кеңештин төрайымы                                   Ж.Шадиманова
 
 
 
ТОКТОМ №29
 
Кара-Бак айылы                                       2021-жылдын 24-августу                                                                 
 
Кара-Бак айылдык кеңешинин VII чакырылышынын кезектеги IV
сессиясы
 
Кара-Бак  айылындагы ички көчөгө ат кою   жөнүндө
 
 
 
           Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө” мыйзамына ылайык, Кара-Бак айылындагы тургундардын кайрылуусун карап чыгып,  Кара-Бак айылдык кеңешинин Укук жана мыйзамдуулук комитетинин депутаты Алтынбек уулу Адилеттин билдирүүсүн эске алып, угуп жана талкуулап ички көчөлөргө ат кою максатында Кара-Бак айылдык кеңеши
Токтом кылат 
1. Кара-Бак айылынын Курук-Сай участкасындагы “Ортолук” көчөсүн  “Сайдаров Махамат” атындагы көчө деп аталуусуна макулдук берилсин..
2. Тиешелүү иш-кагаздарын даярдап каттоо жагы Кара-Бак айыл өкмөтүнө тапшырылсын.
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Кара-Бак айылдык кеңешинин мыйзамдуулук боюнча туруктуу комиссиянын төрагасына тапшырылсын.
 
 
Айылдык кеңештин төрайымы                                   Ж.Шадиманова

  
 
 
ТОКТОМ №30
 
Кара-Бак айылы                                       2021-жылдын 24-августу                                                     
 
Кара-Бак айылдык кеңешинин VII чакырылышынын кезектеги IV
сессиясы
 
Ардактуу атуул наамын ыйгаруу жөнүндө
 
 
Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө” мыйзамына ылайык, Кара-Бак айылындагы тургундардын кайрылуусун карап чыгып,  Кара-Бак айылдык кеңешинин Укук жана мыйзамдуулук комитетинин депутаты Алтынбек уулу Адилеттин билдирүүсүн эске алып,угуп жана талкуулап ички көчөлөргө ат кою максатында Кара-Бак айылдык кеңеши
Токтом кылат 
 
 1.Төрөбай Нишановго  “Кара-Бак айыл аймагынын ардактуу атуулу” наамы ыйгарылсын .
2. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Кара-Бак айылдык кеңешинин мыйзамдуулук боюнча туруктуу комиссиянын төрагасына тапшырылсын.
 
 
Айылдык кеңештин төрайымы                                   Ж.Шадиманова
 
 
 
 
 
 
 
 
 
 
 
 

 
ТОКТОМ №31
 
Кара-Бак айылы                                       2021-жылдын 24-августу                                                    
 
Кара-Бак айылдык кеңешинин VII чакырылышынын кезектеги IV сессиясы
 
КЗ  экономикалык пландалуучу зоналар үчүн зоналык коэффицентинин өлчөмүн белгилөө жөнүндө
 
 
Кыргыз Республикасынын Салык Кодексинин 339-беренесине ылайык айыл чарба багытындагы эмес жерлерге төлөнүүчү жер салыгынын ставкалары КЗ  экономикалык пландалуучу зоналар үчүн зоналык коэффицентинин мааниси айылдык Кенеш тарабынан калктуу конуштун экономикалык-пландоо зоналарынын өзгөчөлүктөрүнө жараша жылына бир жолудан көп эмес 0,3 төн 1,2 чейинки өлчөмдө белгиленишин эске алып, талкуулап максатында Кара-Бак айылдык кеңеши
 
Токтом кылат
 
1. Калктуу конуштардын жерлерин жана айыл чарба багытындагы эмес жерлерди пайдалангандыгы үчүн жер салыгынын зоналык коэффицентин жана мүлк салыгынын 1,2,3 топтору боюнча коэфиценти КЗ 0,4  коэффиценти менен бекитилсин.
2.Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Кара-Бак айылдык кеңешинин орун басары Ж.Тулановго милдеттендирилсин.  
 
 
Айылдык кеңештин төрайымы                                   Ж.Шадиманова
 
 
 
 
 
 
 
      
 
ТОКТОМ №32
 
Кара-Бак айылы                                       2021-жылдын 24-августу                                                               
 
Кара-Бак айылдык кеңешинин VII чакырылышынын кезектеги IV сессиясы
 
Кара-Бак айыл аймагынын жайыт пайдалануучулар бирикмесинин жылдык планын бекитүү жөнүндө
 
 
 
           Кара-Бак айыл аймагынын жайыт пайдалануучулар бирикмесинин  жайыт комитетинин төрагасынын кайрылуусунун негизинде, Кара-Бак айыл аймагынын жайыт пайдалануучулар бирикмесинин 2021-жылга карата түзүлгөн жылдык планын бекитүү жөнүндө жайыт комитетинин билдирүүсүн угуп талкуулап,  бекитип берүү максатында Кара-Бак айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ
1. Кара-Бак айыл аймагынын жайыт пайдалануучулар бирикмесинин 2021-жылга карата түзүлгөн жылдык планы  бекитилсин (тиркеме тиркелет). 
2. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Кара-Бак айылдык кеңешинин экономика-финансы маселелери боюнча туруктуу комиссиянын төрагасына тапшырылсын.
 
 
 
 
 
Айылдык кеңештин төрайымы                                   Ж.Шадиманова
 
 
 
 
 
 
 
 
 

 
 
ТОКТОМ №33
 
Кара-Бак айылы                                       2021-жылдын 24-августу    
 
 
Кара-Бак айылдык кеңешинин VII чакырылышынын кезектеги IV
сессиясы
                                                          
Күбөлүктүн мөөнөтүн узартуу жөнүндө
 
 
Кара-Бак айыл өкмөтүнүн аксакалдар сотунун кайрылуусунуни негизинде,  Кара-Бак айылдык кеңешинин Укук жана мыйзамдуулук комитетинин депутаты Алтынбек уулу Адилеттин билдирүүсүн эске алып,угуп жана талкуулап аксакалдар сотунун  күбөлүгүнүн мөөнөтүн узартуу максатында Кара-Бак айылдык кеңеши
Токтом кылат 
 
1. Кара-Бак айыл өкмөтүнүн аксакалдар сотугнун төрагасы А.Бааназаровтун күбөлүгүнүн мөөнөтүн 3 жылга узартууга макулдук берилсин.
 
2. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Кара-Бак айылдык кеңешинин мыйзамдуулук боюнча туруктуу комиссиянын төрагасына тапшырылсын.
 
 
 
 
Айылдык кеңештин төрайымы                                   Ж.Шадиманова
 
 
 
 
 
 
 
 

 
 
ТОКТОМ №34
 
Кара-Бак айылы                                       2021-жылдын 24-августу  
 
 
Кара-Бак айылдык кеңешинин VII чакырылышынын кезектеги IV
сессиясы
                                                          
Аксакалдар сотунун жана КААБтын курамына өзгөртүү киргизүү жөнүндө
 
 
Кара-Бак айыл өкмөтүнүн аксакалдар сотунун төрагасы А.Бааназаровтун кайрылуусунун негизинде,  Кара-Бак айылдык кеңешинин Укук жана мыйзамдуулук комитетинин депутаты Алтынбек уулу Адилеттин билдирүүсүн эске алып,угуп жана талкуулап аксакалдар сотунун  жана КААБтын курамына өзгөртүү киргизүү максатында Кара-Бак айылдык кеңеши
Токтом кылат 
 
1. Кара-Бак айыл өкмөтүнүн Аксакалдар сотунун  жана КААБтын курамынан  Ж.Туланов мүчөлүктөн чыгарылып, ордуна Д.Кошбаевти мүчөлүккө алууга макулдук берилсин.
 
2. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Кара-Бак айылдык кеңешинин мыйзамдуулук боюнча туруктуу комиссиянын төрагасына тапшырылсын.
 
 
 
 
Айылдык кеңештин төрайымы                                   Ж.Шадиманова
 
 
 
 
 
 

 
 
ТОКТОМ №35
 
Кара-Бак айылы                                       2021-жылдын 24-августу  
 
 
Кара-Бак айылдык кеңешинин VII чакырылышынын кезектеги IV сессиясы
                                                          
Жер аянтын трансформациялоого макулдук берүү жөнүндө
 
 
Кыргыз Республикасынын 2013-жылдын 15-июль айындагы                        № 145  "Жерлерди которуу ( трансформациялоо) жөнүндөгү" мыйзамын, Кыргыз Республикасынын Жер Кодексинин 13-беренесинин жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2014-жылдын 19-мартындагы № 169 сандуу токтомун жетекчиликке алып, айыл өкмөтүнүн сунушунун негизинде жер аянтын которуу(трансформациялоо)  максатында Кара-Бак айылдык кеңеши
Токтом кылат 
 
1. Кызыл-Бел айылынын аймагында №246 контурда жайгашкан 0,30 га жайыт жер аянтын мейманкана куруу үчүн “Айыл чарба багытындагы жерлер” категориясынан “Өнөр жайынын, транспорттун, байланыштын, энергетиканын, коргонуунун жерлери жана башка багыттагы жерлер” категориясына которууга макулдук берилсин.
2. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Кара-Бак айылдык кеңешинин жер маселелери боюнча туруктуу комиссиянын төрагасына тапшырылсын.
 
 
 
 
Айылдык кеңештин төрайымы                                   Ж.Шадиманова
 
 
 
 

 
ТОКТОМ №36
 
Кара-Бак айылы                                       2021-жылдын 24-августу  
 
 
Кара-Бак айылдык кеңешинин VII чакырылышынын кезектеги IV
сессиясы
                                                          
Ш.Ташкожоеванын арызынын негизинде жер аянтын трансформациялоого макулдук берүү жөнүндө
 
Кыргыз Республикасынын 2013-жылдын 15-июль айындагы                        № 145  "Жерлерди которуу ( трансформациялоо) жөнүндөгү" мыйзамын, Кыргыз Республикасынын Жер Кодексинин 13-беренесинин жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2014-жылдын 19-мартындагы № 169 сандуу токтомун жетекчиликке алып, Ш.Ташкожоеванын арызын карап чыгып, Жер комитетинин төрагасы З.Осмоновтун билдирүүсүн талкуулап жер аянтын которуу(трансформациялоо)  максатында Кара-Бак айылдык кеңеши
 
Токтом кылат 
 
1. Кызыл-Бел айылынын түндүк тарабындагы 8-01-09-0022-0351 идентификациялык коду менен катталган 1,51 га жана 8-01-09-0022-0333 идентификациялык коду менен катталган 0,25га  башка(прочий) жер аянттарын, жалпы №228 контурда жайгашкан 1,76 га башка прочий жер аянтын терминал куруу үчүн “Айыл чарба багытындагы жерлер” категориясынан “Өнөр жайынын, транспорттун, байланыштын, энергетиканын, коргонуунун жерлери жана башка багыттагы жерлер” категориясына которууга макулдук берилсин.
2. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Кара-Бак айылдык кеңешинин жер маселелери боюнча туруктуу комиссиянын төрагасына тапшырылсын. 
 
 
Айылдык кеңештин төрайымы                                   Ж.Шадиманова
 
 
          
 
ТОКТОМ №37
 
Кара-Бак айылы                                       2021-жылдын 24-августу  
 
 
Кара-Бак айылдык кеңешинин VII чакырылышынын кезектеги IV
сессиясы
                                                          
Кара-Бак айыл өкмөтүнун аймагындагы жер аянтын трансформациялоо жөнүндө
 
Кыргыз Республикасынын   "Жерлерди которуу ( трансформациялоо) жөнүндөгү" 2013-жылдын 15-июль айындагы №145-мыйзамын, Кыргыз Республикасынын  Жер Кодексинин 13-беренесинин жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2014-жылдын 19-мартындагы № 169 сандуу токтомун жетекчиликке алып, Кара-Бак айыл өкмөтүнүн Зардалы айылын электр   энергия   менен   камсыз кылуу үчүн ГЭС куруу  максатында   Кара-Бак айылдык кеңеши
 
Токтом кылат 
1.Кара-Бак айыл өкмөтүнүн Зардалы айылынын Талаа участкасына кубаттуулугу 40 М/Вт болгон  ГЭС куруу үчүн №972-контурунда жайгашкан  11,5 га жер аянтын “Суу фондусунун жерлери” категориясынан “Өнөр жайынын, транспорттун, байланыштын, энергетиканын, коргонуунун жерлери жана башка багыттагы жерлер” категориясына которууга макулдук берилсин.
2. Жогоруда белгиленген жер аянтынын мындан аркы трансформациялоо иш кагаздарын даярдоо жагы Кара-Бак айыл өкмөтүнүн башчысына тапшырылсын.
 
3.  Ушул  токтомдун  аткарылышын  көзөмөлдөө жагы Кара-Бак айылдык кеңешинин жер маселелери боюнча туруктуу комиссиянын төрагасына тапшырылсын. 
 
 
Айылдык кеңештин төрайымы                                   Ж.Шадиманова