Токтомдор

Кара-Бак айылдык кеңешинин VII чакырылышынын кезексиз VI сессиясы


 

ТОКТОМ №43
 
Кара-Бак айылы                                              2021-жылдын 28-октябры     
                                                        
 
Кара-Бак айылдык кеңешинин VII чакырылышынын кезектеги VI
сессиясы
 
Жеке менчик турак жайга кеткен чыгымдарды огород жер алуучулардын өз эсебинен төгүүгө макулдук берүү жөнүндө
 
 
 
           Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө” мыйзамына ылайык, Кара-Бак айылдык кеңешинин финансы комитетинин төрагасы Р.Султановтун билдирүүсүн эске алып, угуп жана талкуулап Кара-Бак айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ
1. Кара-Бак айыл өкмөтүнүн  Алты-Адыр участкасынан берилүүчү жеке менчик турак жайга кеткен чыгымдарды огород жер алуучулардын өз эсебинен төгүүгө макулдук берилсин.
2.Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Кара-Бак айылдык кеңешинин финансы комитетинин төрагасы Р.Султанов тапшырылсын.
 
 
 
Айылдык кеңештин төрайымы                                   Ж.Шадиманова


 

ТОКТОМ №44

 

Кара-Бак айылы                                              2021-жылдын 28-октябры    

Кара-Бак айылдык кеңешинин VII чакырылышынын кезектеги VI
сессиясы
                                                                      
 
Баткен - Кара-Бак  жана Баткен - Кызыл-Бел маршруттук каттамынын жол акысынын тарифин бекитүү жөнүндө
 
 
 
           Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө” мыйзамына ылайык, “Баткен” акционердик коомунун кайрылуусун карап чыгып,  Кара-Бак айылдык кеңешинин финансы комитетинин төрагасы Р.Султановтун билдирүүсүн эске алып, угуп жана талкуулап маршруттук каттамдын тарифине макулдук берүү максатында Кара-Бак айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ
1. Баткен - Кара-Бак  жана Баткен - Кызыл-Бел маршруттук каттамынын жол акысын тарифи бир кишиге 20 сомдон болуусуна макулдук берилсин.
2.Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Кара-Бак айылдык кеңешинин финансы комитетинин төрагасы Р.Султанов тапшырылсын.
 
 
Айылдык кеңештин төрайымы                                   Ж.Шадиманова


ТОКТОМ №45

 

Кара-Бак айылы                                              2021-жылдын 28-октябры                                                                  

 
Кара-Бак айылдык кеңешинин VII чакырылышынын кезектеги VI
сессиясы
 
Кара-Бак айылынын Курук-Сай участкасына спорт зал куруу үчүн бюджеттен каржы бөлүүгө макулдук берүү жөнүндө         
 
Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө” мыйзамына ылайык, Кара-Бак  айлдык кеңеши Р.Джолматовтун  кайрылуусун карап чыгып,  Кара-Бак айылдык кеңешинин финансы комитетинин төрагасы Р.Султановтун билдирүүсүн эске алып, угуп жана талкуулап спорт зал куруу үчүн иш кагаздарын даярдоого каржы бөлүүгө макулдук берүү максатында Кара-Бак айылдык кеңеши

ТОКТОМ КЫЛАТ

 1. Кара-Бак айылынын Курук-Сай участкасына спорт зал куруу үчүн иш кагаздарын даярдоого Кара-Бак айыл өкмөтүнүн  2022-жылдын бюджетинин 1-кварталынан бөлүнүп берилсин.
2.Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Кара-Бак айылдык кеңешинин финансы комитетинин төрагасы Р.Султанов тапшырылсын.
 
 
Айылдык кеңештин төрайымы                                   Ж.Шадиманова


ТОКТОМ №46

 

Кара-Бак айылы                                              2021-жылдын 28-октябры                                                                  

 
Кара-Бак айылдык кеңешинин VII чакырылышынын кезектеги VI
сессиясы
 
“Алты-Адыр” ичүүчү суу керектөөчүлөрдүн айылдык коомдук бирикмеси түзүү жөнүндө
 
 
Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө” мыйзамына ылайык, Кара-Бак  айыл өкмөтүнүн Алты-Адыр аймагындагы калктуу конушту ичүүчү таза суу менен камсыз кылууну уюштурууга  “Алты-Адыр” ичүүчү суу керектөөчүлөрдүн айылдык коомдук бирикмесин түзүү  максатында Кара-Бак айылдык кеңеши
 

ТОКТОМ КЫЛАТ

 
1. “Алты-Адыр” ичүүчү суу керектөөчүлөрдүн айылдык коомдук бирикмеси түзүлсүн.
2. А.Дилишатовтун "Алты-Адыр" ИСКАКБна жетекчи болуусуна макулдук берилсин.   
3.Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Кара-Бак айылдык кеңешинин төрагасынын орун басары Ж.Тулановго милдеттендирилсин.  
 
 
Айылдык кеңештин төрайымы                                   Ж.Шадиманова