Кара-Бак айылдык кеңешинин VII чакырылышынын кезексиз V сессиясы
ТОКТОМ №38
Кара-Бак айылы 2021-жылдын 15-сентябры
Кара-Бак айылдык кеңешинин VII чакырылышынын кезексиз V
сессиясы
Кара-Бак айыл өкмөтүнүн жергиликүү бюджетинин сметасына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө
Кара-Бак айыл өкмөтүнүн жергиликүү бюджетинин сметасына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө Кара-Бак айыл өкмөтүнүн башчысы А.Каламбековтун билдирүусүн угуп жана талкуулап, Кара-Бак айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1.Кара-Бак айыл өкмөтүнүн, апарат, мектеп жана балдар бакчасынын 2222 статьясынан 852,0 (сегиз жүз элүү эки) миң сом кыскартылсын.
2. Кара-Бак айыл өкмөтүнүн, апаратынын 2215 статьясына 852,0 (сегиз жүз элүү эки) миң сом акча каражаты кошулуп бекитилсин.
3.Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы, Кара-Бак айылдык кеңешинин бюджет жана экономикалык маселелер боюнча комитетинин туруктуу комиссиясынын төрагасы Р.Султановго тапшырылсын.
Айылдык кеңештин төрайымы Ж.Шадиманова
ТОКТОМ №39
Кара-Бак айылы 2021-жылдын 15-сентябры
Кара-Бак айылдык кеңешинин VII чакырылышынын кезексиз V
сессиясы
Курук-Сай участкасындагы элдин муктаждыгын чечүү максатында “Билим берүү комплексин” куруу үчүн жер аянтын бөлүп берүүгө макулдук берүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө” мыйзамына ылайык, Кара-Бак айыл өкмөт башчысы А.Каламбековтун билдирүүсүн эске алып, угуп жана талкуулап “Билим берүү комплексин” куруу үчүн жер аянтын бөлүп берүүгө макулдук берүү максатында Кара-Бак айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ
1. Кара-Бак айыл өкмөтүнүн Курук-Сай участкасындагы калктуу конуштун ортосундагы социалдык объектилерди куруу үчүн трансформация болгон 7,0 га жер аянтынын түштүк-чыгыш тарабынан “Билим берүү комплексин” куруу үчүн 2,0 га жер аянтын бөлүүгө макулдук берилсин.
2. Аталган жер аянтына курулган мектепке “Кара-Бак”башталгыч мектеби аты ыйгарылсын.
3.Б.Байназаров башталгыч мектебинен окуучулар “Кара-Бак”башталгыч мектебине сыйымдуулугуна жараша бөлүнсүн.
4.“Кара-Бак”башталгыч мектебине штаттык бирдик бөлүп берүү жагы Баткен райондук билим берүү бөлүмүнөн суралсын.
5.Тиешелүү иш-кагаздарын даярдап каттоо жагы Кара-Бак айыл өкмөтүнө тапшырылсын.
6. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Кара-Бак айылдык кеңешинин төрагасынын орун басарына тапшырылсын.
Айылдык кеңештин төрайымы Ж.Шадиманова
ТОКТОМ №40
Кара-Бак айылы 2021-жылдын 15-сентябры
Кара-Бак айылдык кеңешинин VII чакырылышынын кезексиз V
сессиясы
1999-2000-жылдары Баткен коогалаңында курман болгон аскерлердин урматына тургузулган эстекликти ачуу аземин каржылоо жөнүндө
Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө” мыйзамына ылайык, 1999-2000-жылдары Баткен коогалаңында курман болгон аскерлердин урматына тургузулган эстекликти ачуу аземин өткөрүүгө каржы бөлүүгө макулдук берүү максатында Кара-Бак айылдык кеңеши
Токтом кылат
1999-2000-жж Баткен коогалаңында курман болгон аскерлердин урматына тургузулган эстекликти ачуу аземин өткөрүүгө айыл өкмөтүнүн бюджетинин эсебинен 150 000 сом бөлүү жагы айыл өкмөтунө тапшырылсын.
2. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Кара-Бак айылдык кеңешинин төрагасынын орун басарына тапшырылсын.
Айылдык кеңештин төрайымы Ж.Шадиманова
ТОКТОМ №41
Кара-Бак айылы 2021-жылдын 15-сентябры
Кара-Бак айылдык кеңешинин VII чакырылышынын кезексиз V сессиясы
Достук айылындагы №393 контурда жайгашкан жер аянтын трансформациялоого макулдук берүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын 2013-жылдын 15-июль айындагы 145 "Жерлерди которуу ( трансформациялоо) жөнүндөгү" мыйзамын, Кыргыз Республикасынын Жер Кодексинин 13-беренесинин жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2014-жылдын 19-мартындагы № 169 сандуу токтомун жетекчиликке алып, Чек араны бекемдөө максатында жер аянтын которууга макулдук берүү үчүн Кара-Бак айылдык кеңеши
Токтом кылат
1.Кара-Бак айыл өкмөтүнүн Достук айылынын түштүк тарабындагы №393-контурунда жайгашкан 0,15 га таштуу жер аянтын турак-жай куруу үчүн “Айыл чарба багытындагы жерлер” категориясынан “Калктуу конуштун жерлери” категориясына которууга макулдук берилсин.
2. Жогоруда белгиленген жер аянтынын мындан аркы трансформациялоо иш кагаздарын даярдоо жагы Кара-Бак айыл өкмөтүнүн башчысына тапшырылсын.
3. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Кара-Бак айылдык кеңешинин жер маселелери боюнча туруктуу комиссиянын төрагасына тапшырылсын.
Айылдык кеңештин төрайымы Ж.Шадиманова
ТОКТОМ №42
Кара-Бак айылы 2021-жылдын 15-сентябры
Кара-Бак айылдык кеңешинин VII чакырылышынын кезексиз V
сессиясы
Чет-Кызыл айылына бала бакча куруу үчүн жергиликтүү бюджеттен каржылоо жөнүндө
Кара-Бак айыл өкмөтүнүн кайрылуусунуни негизинде, Кара-Бак өкмөтүнүн билдирүусүн угуп, талкуулап түрткү берүүчү грантын эсебинен каржылануучу жалпы 3912192 сомдун, 912192 сомун Чет-Кызыл айылына бала бакча куруу үчүн жергиликтүү бюджеттен каржылоо максатында Кара-Бак айылдык кеңеши
Токтом кылат
1. Кара-Бак айыл өкмөтүнө караштуу Чет-Кызыл айылына курулуучу балдар бакчасына стимулдук гранттан каралган жалпы 3 912192 сомдук долбоордун 912192 сомун жергиликтүү бюджеттин эсебинен каржылоого макулдук берилсин.
2. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Кара-Бак айылдык кеңешинин төрагасынын тапшырылсын.
Айылдык кеңештин төрайымы Ж.Шадиманова