Токтомдор

Кара-Бак айылдык кеңешинин VII чакырылышынын кезексиз III сессиясы

ТОКТОМ №22
 
Кара-Бак айылы                                              2021-жылдын 6-июлу                                                                     
 
Кара-Бак айылдык кеңешинин VII чакырылышынын кезексиз III
сессиясы
 
Кызыл-Бел айылындагы жайкы маданият үйүнүн айланасындагы мунципалдык менчиктеги жер аянтардын башкы планын бекитүү жөнүндө
 
 
 
           Чек арага жакын жайгашкан Кызыл-Бел айылынын тургундарынын коопсуздугу үчүн милициянын таяныч пунктун куруу үчүн жер аянтын бөлүп берүүгө Кара-Бак айыл өкмөтүнүн башчысы А. Каламбековтун билдирүүсүн угуп, талкуулап  Кызыл-Бел айылындагы жайкы маданият үйүнүн айланасынагы мунципалдык менчиктеги жер аянтардын башкы планын бекитүүгө макулдук берүү максатында Кара-Бак айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ
1. Кызыл-Бел айылындагы жайкы маданият үйүнүн айланасында жайгашкан мунципалдык менчиктеги жер аянтардын башкы планын бекитүүгө макулдук берилсин.
2. Тиешелүү иш-кагаздарын даярдап башкы пландын негизинде жер аянтын бөлүп берүү жагы Кара-Бак айыл өкмөтүнө тапшырылсын.
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Кара-Бак айылдык кеңешинин жер боюнча туруктуу комиссиянын төрагасына тапшырылсын.
 
 
 
Айылдык кеңештин төрайымы                               Ж.Шадиманова


ТОКТОМ №23
 
Кара-Бак айылы                                              2021-жылдын 6-июлу                                                                     
 
Кара-Бак айылдык кеңешинин VII чакырылышынын кезексиз III
сессиясы
 
Комиссянын курамына айылдык кеңештин депутаттарынан сунуштоо жөнүндө
 
 
Кара-Бак, Чет-Кызыл, Бай-Кара-Бак, Дөбө жана Зардалы айылдарынын тургундарына жеке менчик турак жай куруу үчүн жер аянтын бөлүп берүү үчүн түзүлгөн комиссиянын курамына айылдык кеңештин депутаттарынан сунуштоо   максатында  Кара-Бак айыл өкмөтүнүн кайрыуусун карап чыгып Кара-Бак айылдык кеңеши  
Токтом кылат 
 
1. Кара-Бак, Чет-Кызыл, Бай-Кара-Бак, Дөбө жана Зардалы айылдарынын тургундарына жеке менчик турак жай куруу үчүн жер аянтын бөлүп берүү үчүн түзүлгөн комиссиянын курамына айылдык кеңештин депутаттары А.Дилишатов, Б.Каримов, А.Качыбеков, Р.Джолматов, К.Абдисаламова, А.Жээнбекова жана С.Убаевтер сунуш кылынсын.
2. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы жер маселелери боюнча туруктуу комиссиянын төрагасына тапшырылсын.
 
 
 
Айылдык кеңештин төрайымы                               Ж.Шадиманова


ТОКТОМ №24
 
Кара-Бак айылы                                              2021-жылдын 6-июлу                                                                     
 
Кара-Бак айылдык кеңешинин VII чакырылышынын кезексиз III
сессиясы
 
Бала бакчанын жер аянтына кошумча имарат курууга жана штаттык бирдигин бекитүү жөнүндө
 
 
 Кызыл-Бел айылындагы “Барчын” балдар бакчасынын жер аянтына кошумча имарат курууга жана штаттык бирдигин бекитип берүү жөнүндөгү Кара-Бак айыл өкмөтүнүн сунушун карап чыгып, талкуулап Кара-Бак айылдык кеңеши  
Токтом кылат 
 
1. Кызыл-Бел айылындагы “Барчын” балдар бакчасынын жер аянтына кошумча имарат курууга жана штаттык бирдигин бекитүүгө  макулдук берилсин.
2. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы социалдык маселелер боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын..
 
 
Айылдык кеңештин төрайымы                               Ж.Шадиманова

  
ТОКТОМ №25
 
Кара-Бак айылы                                              2021-жылдын 6-июлу                                                                     
 
Кара-Бак айылдык кеңешинин VII чакырылышынын кезексиз III
сессиясы
 
Кара-Бак айыл өкмөтүнүн аймагында аткезчиликке каршы күрөшүү үчүн элдик кошуун түзүүгө  макулдук берүү жөнүндө
 
 
Тажик Республикасы менен чек арада болгон жаңжалды эске алып, коомдук тартипти сактоо максатында  Кара-Бак айыл өкмөтүнүн аймагында аткезчиликке каршы күрөшүү үчүн элдик кошуун түзүүгө  Кара-Бак айыл өкмөтүнүн сунушун карап чыгып, талкуулап Кара-Бак айылдык кеңеши 
 
Токтом кылат
 
1. Кара-Бак айыл өкмөтүнүн аймагында аткезчиликке каршы күрөшүү үчүн элдик кошуун түзүүгө  макулдук берилсин.
2. Элдик кошуундун түнкү күзөткө чыгууга күйүүчү май бөлүп берүү жагы Кара-Бак айыл өкмөтүнө тапшырылсын.
3.Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Кара-Бак айылдык кеңешинин орун басары Ж.Тулановго милдеттендирилсин.  
 
 
Айылдык кеңештин төрайымы                               Ж.Шадиманова

ТОКТОМ №26
 
Кара-Бак айылы                                              2021-жылдын 6-июлу                                                                     
 
Кара-Бак айылдык кеңешинин VII чакырылышынын кезексиз III
сессиясы
 
Достук айылын сугат суу менен камсыздоо үчүн  курулган насосту баланска алуу жөнүндө
 
 
 
           Чек арада жайгашкан Достук айылын сугат суу менен камсыздоо үчүн  курулган насосту баланска алуу жөнүндө Кара-Бак айыл өкмөтүнүн башчысы А. Каламбековтун билдирүүсүн угуп, талкуулап Кара-Бак айыл өкмөтүнүн балансына алууга макулдук берүү максатында Кара-Бак айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ
1. Достук айылын сугат суу менен камсыздоо үчүн  курулган насосту   Кара-Бак айыл өкмөтүнүн балансына алууга макулдук берилсин. 
2. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Кара-Бак айылдык кеңешинин жер боюнча туруктуу комиссиянын төрагасына тапшырылсын.
 
 
 
 
 
Айылдык кеңештин төрайымы                               Ж.Шадиманова

ТОКТОМ №27
 
Кара-Бак айылы                                              2021-жылдын 6-июлу                                                                     
 
Кара-Бак айылдык кеңешинин VII чакырылышынын кезексиз III
сессиясы
                                                          
Дөбө мектебинин билим берүү тутумун өзгөртүү жөнүндө
 
 
Дөбө айыл башчысынын арызынын негизинде, Дөбө мектебинин билим берүү тутумун өзгөртүү жөнүндөгү Кара-Бак айыл өкмөтүнүн башчысы А.Каламбековтун  билдирүүсүн угуп , талкуулап Кара-Бак айылдык кеңеши  
Токтом кылат 
 
1. Кара-Бак айыл өкмөтүнүн Дөбө жалпы негизги мектептик билим берүү билим берүү тутумунан орто жалпы мектептик билим берүү билим берүү тутумуна өзгөртүүгө макулдук берилсин.
 
2. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы социалдык маселелер боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын. 
 
 
 
Айылдык кеңештин төрайымы                               Ж.Шадиманова