Токтомдор

Кара-Бак айылдык кеңешинин VI чакырылышынын кезектеги XXXX сессиясынын токтомдору

ТОКТОМ №117
 
2019-жылдын 30-декабрь                                                                Кара-Бак айылы
 
 
 
Кара-Бак айылдык кеңешинин VI чакырылышынын кезектеги XXXX  сессиясы
 
 
 
 
 
“Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык Баткен аймактык шайлоо комиссиясынын курамына (резервине) сунуштоо максатында Кара-Бак айылдык кеңешинин кезектеги VI чакырылышынын  кезектеги XXXX сессиясы  
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Баткен аймактык шайлоо жана референдум  өткөрүү боюнча комиссиянын курамына (резервине) Кара-Бак айылынын тургуну Мамасапаева Акбермет Садыковна, Курбанова Эльмира Жаныбековна жана Заилова Тураргүл Жусупбаевналар  сунушталсын.
        2. Баткен райондук шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиясына  жөнөтүү жагы катчы Н.Мамазакировага милдеттендирилсин.
 
 
 
Кеңештин төрагасы:                                                                       А.Каламбеков
 
 
 
 
 
 
 
 ТОКТОМ № 118
 
2019-жылдын 30-декабрь                                                                Кара-Бак айылы                                                                                                                                  
 
Кара-Бак айылдык кеңешинин VI чакырылышынын кезектеги XXXX сессиясы
 
 
 
Айылдык кенештин кабыл алынган токтомдорунун аткарылышы  жөнүндө.
 
Кара-Бак айылдык кенеши 2019-жыл ичинде 116 токтом кабыл алынып,  алардын ичинен 69 токтом айыл өкмөтүнө аткарылууга жиберилген болсо 64 токтом аткарылып, 5 токтом аткарылуу алдында турат.
Айылдык кенештин токтомдорунун аткарылышы боюнча талкуулап чыгып Кара-Бак айыл аймагынын айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ
1. Кара-Бак айылдык кеңешинин  2019-жылдагы кабыл алынган токтомдорунун аткарылышы айрым кемчиликтер менен канааттандыраарлык деп табылсын.
2. Жүөөлүү себептер менен аткарылбай калган 2019-жылдагы  токтомдор аткарууга алынсын.
3. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Кара-Бак айылдык кеңешинин төрагасынын орун басарына милдеттендирилсин.
 
 
 
Кенештин төрагасы                                                                А.Каламбеков
 
 
 
 
 

 
ТОКТОМ № 119
 
2019-жылдын 30-декабрь                                                                Кара-Бак айылы                                                                       
 
Кара-Бак айылдык кеңешинин VI чакырылышынын кезектеги XXXX сессиясы
 
Кара-Бак айыл өкмөтүнүн социалдык-экономикалык өнүгүү программасынын аткарылышы жөнүндө.
 
Кара-Бак айыл өкмөтүнүн социалдык-экономикалык өнүгүү программасынын аткарылышы боюнча Кара-Бак айыл өкмөтүнүн милдетин аткаруучу Т.Матурайымовдун маалыматын угуп жана талкуулап Кара-Бак айыл аймагынын айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ
1. Кара-Бак айыл өкмөтүнүн социалдык-экономикалык өнүгүү программасынын аткарылышы айрым кемчиликтер менен канааттандыраарлык деп табылсын.
2. Кара-Бак айыл өкмөтүнүн социалдык-экономикалык өнүгүү программасынын 2020-жылына төмөндөгүдөй сунуштар киргизилси:
1. Дөбө айылына ФАП;
2.Кызыл-Бел айылынын айыл башчысынын имаратын оңдоо;
3.Айыл аймагындагы ички арыктарын тазалоо;
4.Айыл аймактагы жөө адамдар жүрүүчү жолдорду ачуу;
3. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы социалдык маселелер боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылат.
 
 
Кенештин төрагасы                                                                А.Каламбеков
 
                          


ТОКТОМ № 120
 
2019-жылдын 30-декабрь                                                                Кара-Бак айылы                                                                                 
 
Кара-Бак айылдык кеңешинин VI чакырылышынын кезектеги XXXX сессиясы
 
Кара-Бак айыл өкмөтүнө айрым мамлекеттик ыйгарым укуктарды өткөрүп берүү жөнүндө келишимди бекитүү  жөнүндө.
         
Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө” Мыйзамынын 20-беренесине жана Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына айрым мамлекеттик ыйгарым укуктарды берүүнүн тартиби жөнүндө” Мыйзамынын 3-беренесине ылайык, Мыйзам жана укук маселелери боюнча туруктуу комиссиянын баяндамасында сунушун угуп жана талкуулап, Кара-Бак  айылдык кеңеши 
ТОКТОМ КЫЛАТ
1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик каттоо кызматынын алдындагы Калкты жана жарандык абалдын актыларын каттоо департаментинин айрым мамлекеттик ыйгарым укуктарды Кара-Бак айыл өкмөтүнө өткөрүп берүү жөнүндө келишим №1 тиркемеге ылайык бекитилсин жана келишим 2020-жылдын 1-январынан тартып күчүнө кирсин.
2. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик каттоо кызматынын алдындагы Калкты жана жарандык абалдын актыларын каттоо департаментинин айрым мамлекеттик ыйгарым укуктарды Кара-Бак айыл өкмөт аймагында аткаруу милдетине айыл өкмөттүн жооптуу катчысы Мамазакирова Назгүл Мамазакировна бекитилсин.
3.Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жана аткаруу жагы  Кара-Бак айыл өкмөтүнүн башчысынын милдетин аткаруучу Т.Матурайымовго милдеттендирилсин.
 
 
 
 
Кенештин төрагасы                                                                А.Каламбеков