Кара-Бак айылдык кеңешинин VI чакырылышынын кезектеги XXXVIII сессиясынын токтомдору
ТОКТОМ №115
2019-жылдын 26-ноябрь Кара-Бак айылы
Кара-Бак айылдык кеңешинин VI чакырылышынын кезектеги XXXVIII сессиясы
Жергиликтүү өз алдынча башкаруу
органдарына салык тармагындагы
укуктук мамилелер боюнча ыйгарым
укуктарын өткөрүп берүү жөнүндө
Типтүү Келишимди бекитүү жөнүндө
органдарына салык тармагындагы
укуктук мамилелер боюнча ыйгарым
укуктарын өткөрүп берүү жөнүндө
Типтүү Келишимди бекитүү жөнүндө
Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына салык тармагындагы укуктук мамилелер боюнча ыйгарым укуктарын өткөрүп берүү боюнча Типтүү Келишимге өзгөртүү киргизилгендигине байланыштуу Кара-Бак айыл аймагынын айылдык Кеңешинин VI чакырылышынын 2019-жылдын 27-июнундагы кезексиз XXXIV сессиясынын №60 токтомуна өзгөртүү киргизүү жөнүндөгү маселени карап чыгып, Кара-Бак айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кара-Бак айыл аймагынын айылдык Кеңешинин VI чакырылышынын 2019-жылдын 27-июнундагы кезексиз XXXIV сессиясынын №60 токтомуна толуктоо жана өзгөртүү киргизилсин.
2.Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына салык тармагындагы укуктук мамилелер боюнча ыйгарым укуктарын өткөрүп берүү жөнүндө Типтүү Келишим бекитилсин.
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы бюджет маселелери боюнча туруктуу комиссиясынын төрагасына жана айыл өкмөтүнүн ФЭБ башчысы С.Курбановго милдеттендирилсин.
Кеңештин төрагасы: А.Каламбеков