Токтомдор

Кара-Бак айылдык кеңешинин VI чакырылышынын кезексиз VIII сессиясы

 

 
ТОКТОМ № 50
 
  Кара-Бак айылы                                                         2020- жылдын 24-июлу                           
 
Кара-Бак айылдык кеңешинин VI чакырылышынын кезексиз VIII
сессиясы
 
Зардалы айылында органикалык аймак түзүү жөнүндө.
 
Кыргыз Республикасынын Баткен районунун Кара-Бак айыл өкмөтүнө караштуу Зардалы айылында органикалык аймак түзүү максатында  Кара-Бак айыл аймагынын айылдык кеңеши
Токтом кылат
1. Кыргыз Республикасынын Баткен районунун Кара-Бак айыл өкмөтүнө караштуу Зардалы айылында органикалык айыл чарбасынын жана жаратылыш ресурстарын үнөмдөөчү технологияларын жайылтуу, айыл жашоочуларына экологиялык таза, органикалык азыктарды өндүрүүгө шарттарды түзүп, аларды таза азыктар менен камсыз кылуу, өндүрүлгөн азыктарды сатууга өбөлгө түзүү менен айыл жашоочуларынын экономикалык абалдарын жакшыртуу аркылуу айыл жеринде туруктуу өнүгүүнү камсыз кылуу максатында Зардалы органикалык аймагы болуп түзүлсүн.
2. Органикалык аймакта органикалык айыл чарба технологияларын жайылтуу, биопрепараттарды, этномофагдарды колдонуу, органикалык жер семирткичтерди өндүрүү, органикалык азыктарды өндүрүү, кайра иштетүү, таңгактоо, сактоо, сатуу стандарттары жана сертификаттоо эрежелери боюнча практикалык жардамдарды алуу жана ошондой эле мындан ары органикалык аймактагы чарбалык иштерди жандандыруу үчүн инвестиция тартуу үчүн Кыргыз Республикасынын Айыл чарба, тамак-аш өнөр жайы жана мелиорация министирлигинин Органикалык айыл чарба департаментинен суралсын..
3. Кабыл алынган токтомдун аткарылышын Кара-Бак айыл өкмөтүнүн башчысына, жер боюнча туруктуу комиссиянын төрагасы А.Дилишатовго жана Органикалык айыл чарба департаментинин Баткен терреториалдык филиалынын директору Т.Төлөмүшовко милдеттендирилсин.
 
 
Кенештин төрагасы                                                  А.Айдаров

 
 
                                               ТОКТОМ № 51
 
  Кара-Бак айылы                                                      2020- жылдын 24-июлу
 
Кара-Бак айылдык кеңешинин VI чакырылышынын кезексиз VIII
сессиясы
 
Чет-Кызыл айылынын тургуну А.Обозовдун арызын кароо жөнүндө
 
 
 Чет-Кызыл айылынын тургуну А.Обозов өзүнүн жеке менчик 0,25 га жер участогуна кайра иштетүүчү цех куруп иштетүү үчүн калктуу конуш багытынан  “Өнөр жайынын, транспорттун, байланыштын, энергетиканын, коргонуунун жерлери жана башка жерлер” категориясына которуп өнөр-жай  багытына которуу максатында Кара-Бак айылдык кеңеши  
Токтом кылат 
 
1. Чет-Кызыл айылынын тургуну А.Обозов өзүнүн жеке менчик 0,25 га жер участогуна кайра иштетүүчү цех куруп иштетүү үчүн калктуу конуш багытынан  “Өнөр жайынын, транспорттун, байланыштын, энергетиканын, коргонуунун жерлери жана башка жерлер” категориясына которуп өнөр-жай  багытына которууга макулдук берилсин.
2. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы жер маселелери боюнча туруктуу комиссиянын төрагасы А.Дилишатовго милдеттендирилсин.
 
 
Кенештин төрагасы                                                                  А.Айдаров
 
 
 
 
                                               ТОКТОМ № 52
 
  Кара-Бак айылы                                                      2020- жылдын 24-июлу
 
Кара-Бак айылдык кеңешинин VI чакырылышынын кезексиз VIII
сессиясы
 
Кара-Бак айылынын тургуну Т.Төлөмүшовдун арызын кароо жөнүндө
 
 
 Кара-Бак айылынын тургуну Т.Төлөмүшов өзүнүн жеке менчик 0,35 га жер участогуна кайра иштетүүчү цех куруп иштетүү үчүн калктуу конуш багытынан  “Өнөр жайынын, транспорттун, байланыштын, энергетиканын, коргонуунун жерлери жана башка жерлер” категориясына которуп өнөр-жай  багытына которуу максатында Кара-Бак айылдык кеңеши  
Токтом кылат 
 
1. Кара-Бак айылынын тургуну Т.Төлөмүшов өзүнүн жеке менчик 0,35 га жер участогуна кайра иштетүүчү цех куруп иштетүү үчүн калктуу конуш багытынан  “Өнөр жайынын, транспорттун, байланыштын, энергетиканын, коргонуунун жерлери жана башка жерлер” категориясына которуп өнөр-жай  багытына которууга макулдук берилсин.
2. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы жер маселелери боюнча туруктуу комиссиянын төрагасы А.Дилишатовго милдеттендирилсин.
 
 
Кенештин төрагасы                                                                  А.Айдаров
 

 
                                               ТОКТОМ № 53
 
  Кара-Бак айылы                                                      2020- жылдын 24-июлу
                                                                                                         
Кара-Бак айылдык кеңешинин VI чакырылышынын кезексиз VIII
сессиясы
 
Кызыл-Бел айылынын тургуну Шадыманов Исабектин арызын кароо жөнүндө
 
 
 Кызыл-Бел айылынын тургуну Шадыманов Исабектин өз арызынын  негизинде  Кара-Бак айыл өкмөтү тарабынан 21.02.2013-жылы          №2-36 сандуу токтомунун менен Кызыл-Бел айылындагы 0,60 га жер аянтын ээлеп турган базар 10 жылдык мөөнөт менен №2 ижара келишиминин негизинде 0,30 га жер аянтына өрүктү кайра иштетүүчү ишкана куруу  максатында Кара-Бак айылдык кеңеши  
Токтом кылат 
 
1. Кызыл-Бел айылынын тургуну Шадыманов Исабектин өз арызынын  негизинде  Кара-Бак айыл өкмөтү тарабынан 21.02.2013-жылы          №2-36 сандуу токтомунун негизинде берилген Кызыл-Бел айылындагы 0,60 га жер аянтын ээлеп турган базардын 0,30 га жер аянтына 49 жылга өрүктү кайра иштетүүчү ишкана курууга макулдук берилсин.
2. Тийиштүү болгон документтерди даярдоо жагы Кара-Бак айыл өкмөтүнө жүктөлсүн.
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Кара-Бак айылдык кеңешинин жер маселелери боюнча туруктуу комиссиянын төрагасына тапшырылсын.
 
Кенештин төрагасы                                                                  А.Айдаров
 

 
                                               ТОКТОМ № 54
 
  Кара-Бак айылы                                                      2020- жылдын 24-июлу
 
Кара-Бак айылдык кеңешинин VI чакырылышынын кезексиз VIII
сессиясы
 
Кара-Бак айылынын тургуну Дилишатов Ураимдин арызын кароо жөнүндө
 
 
 Кара-Бак айылынын тургуну Дилишатов Ураимдин өз арызынын  негизинде  Кара-Бак айыл өкмөтү тарабынан 29.09.2002-жылы          №1-11 сандуу токтому менен менчиктештирилип берилген Кара-Бак айылындагы жайкы клубдун айланасындагы 0,26 га жер участкасынын калктуу конуш багытынан “Өнөр жайынын, транспорттун, байланыштын, энергетиканын, коргонуунун жерлери жана башка жерлер” багытына которуу максатында Кара-Бак айылдык кеңеши  
Токтом кылат 
 
1. Кара-Бак айылынын тургуну Дилишатов Ураимдин өз арызынын  негизинде  Кара-Бак айыл өкмөтү тарабынан 29.09.2002-жылы          №1-11 сандуу токтому менен менчиктештирилип берилген Кара-Бак айылындагы жайкы клубдун айланасындагы 0,26 га жер участкасынын калктуу конуш багытынан “Өнөр жайынын, транспорттун, байланыштын, энергетиканын, коргонуунун жерлери жана башка жерлер” багытына которууга макулдук берилсин.
2. Тийиштүү болгон документтерди даярдоо жагы Кара-Бак айыл өкмөтүнө жүктөлсүн.
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Кара-Бак айылдык кеңешинин жер маселелери боюнча туруктуу комиссиянын төрагасына тапшырылсын.
 
Кенештин төрагасы                                                                  А.Айдаров

                                               ТОКТОМ № 55
 
  Кара-Бак айылы                                                      2020- жылдын 24-июлу
 
 
Кара-Бак айылдык кеңешинин VI чакырылышынын кезексиз VIII
сессиясы
 
 
Муниципалдык менчикке кабыл алуу жөнүндө
 
 
 
 Кара-Бак айылынын тургуну Сапаров Бектурсун Сатыбалдыевич өз арызынын  негизинде  Кара-Бак айыл өкмөтү тарабынан 27.08.2002-жылы          №8-1142 сандуу токтому менен турак жай куруу үчүн берилген 1063м2  жер аянтынан жана 26.06.2002-жылы №6-93 сандуу токтому менен берилген 1500м2 жер аянтынан баш тарткандыгына байланыштуу  Кара-Бак айыл өкмөтүнүн муниципалдык менчигине кабыл алуу максатында Кара-Бак айылдык кеңеши  
 
Токтом кылат 
 
1. Сапаров Бектурсун Сатыбалдыевич  Кара-Бак айыл өкмөтүнүн 27.08.2002-жылы  № 8-1142 сандуу токтому менен турак жай куруу үчүн берилген  1063м2 жер аянтын жана 26.06.2002-жылы №6-93 сандуу токтому менен берилген  1500м2 жер аянты Кара-Бак айыл өкмөтүнүн муниципалдык менчигинин турак жай фондуна  кабыл алууга макулдук берилсин.
2. Тийиштүү болгон документтерди даярдоо жагы Кара-Бак айыл өкмөтүнө жүктөлсүн.
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Кара-Бак айылдык кеңешинин жер маселелери боюнча туруктуу комиссиянын төрагасына тапшырылсын.
 
Кенештин төрагасы                                                                  А.Айдаров

 
                                               ТОКТОМ № 56
 
  Кара-Бак айылы                                                      2020- жылдын 24-июлу
 
 
Кара-Бак айылдык кеңешинин VI чакырылышынын кезексиз VIII
сессиясы
 
 
Пайдаланып жүргөн жер аянтын бекитип берүүгө макулдук берүү жөнүндө
 
 
 
 Кызыл-Бел айылынын тургуну Маматкулов Субхон Сотиболдиевичтин өз арызынын  негизинде  Кызыл-Бел айылында 15 жылдан бери үй салып жашап турган 0,15 га жер аянтын  кезексиз жеке менчикке бекитип берүү максатында Кара-Бак айылдык кеңеши  
 
Токтом кылат 
 
1. Кызыл-Бел айылынын тургуну Маматкулов Субхон Сотиболдиевичтин өз арызынын  негизинде  Кызыл-Бел айылында 15 жылдан бери үй салып жашап турган 0,15 га жер аянтын  кезексиз жеке менчикке бекитип берүүгө макулдук берилсин.
2. Тийиштүү болгон документтерди даярдоо жагы Кара-Бак айыл өкмөтүнө жүктөлсүн.
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Кара-Бак айылдык кеңешинин жер маселелери боюнча туруктуу комиссиянын төрагасына тапшырылсын.
 
Кенештин төрагасы                                                                  А.Айдаров
 
 

 
                                               ТОКТОМ № 57
 
  Кара-Бак айылы                                                      2020- жылдын 24-июлу
 
 
Кара-Бак айылдык кеңешинин VI чакырылышынын кезексиз VIII
сессиясы
 
 
Муниципалдык менчикке кабыл алуу жөнүндө
 
 
 
 Кара-Бак айылынын тургуну Т.Төлөмүшовдун өз арызынын  негизинде  Кара-Бак айыл өкмөтү тарабынан 26.11.2002-жылы №11-174 сандуу токтому менен берилген 0,15 га жер аянтынан баш тарткандыгына байланыштуу  Кара-Бак айыл өкмөтүнүн муниципалдык менчигинин турак-жай фондуна кабыл алуу максатында Кара-Бак айылдык кеңеши  
 
Токтом кылат 
 
1. Кара-Бак айылынын тургуну Т.Төлөмүшовдун өз арызынын  негизинде  Кара-Бак айыл өкмөтү тарабынан 26.11.2002-жылы №11-174 сандуу токтому менен берилген 0,15 га жер аянтынан баш тарткандыгына байланыштуу  Кара-Бак айыл өкмөтүнүн муниципалдык менчигинин турак-жай фондуна кабыл алууга макулдук берилсин.
2. Тийиштүү болгон документтерди даярдоо жагы Кара-Бак айыл өкмөтүнө жүктөлсүн.
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Кара-Бак айылдык кеңешинин жер маселелери боюнча туруктуу комиссиянын төрагасына тапшырылсын.
 
Кенештин төрагасы                                                                  А.Айдаров