Токтомдор

Кара-Бак айылдык кеңешинин VI чакырылышынын кезексиз IХ сессиясынын токтомдору

ТОКТОМ №58
 
Кара-Бак айылы                                                                              2020-жылдын 5-ноябры                                                                 
 
Кара-Бак айылдык кеңешинин VI чакырылышынын кезексиз IX
сессиясы
 
“Ак-Буура Групп” ЖЧК тарабынан 40 МВТ кубаттуулуктагы ГЭСти курууга атайын токтом  кабыл алуу жөнүндө
 
 
 
Кыргыз Республикасынын Президентинин “2020-жыл Аймактарды өнүктүрүү, өлкөнү санариптештирүү жана балдарды колдоо жылы” деп жарыялаган жарлыгына ылайык “Ак-Буура Групп” ЖЧКнун 2020-жылдын 2-ноябрындагы №61/004 сандуу катын карап чыгып, Кыргыз Республикасынын Жер Кодексинин 92-беренесине таянып Кара-Бак айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ
1. Кара-Бак айыл аймагынын Зардалы айылындагы Сох дарыясына куйган Мамый суусунан 4 км аралыкта жайгашкан Талаа участкасына “Ак-Буура Групп” ЖЧК тарабынан кубаттуулугу 40 МВТ ГЭСти курууга макулдук берилсин.
2. “Ак-Буура Групп” ЖЧК тарабынан кубаттуулугу 40 МВТ ГЭСти курууга атайын токтом кабыл алуу үчүн тиешелүү иш-кагаздарын даярдап мыйзам чегинде Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө кайрылуу жагы Кара-Бак айыл өкмөтүнө тапшырылсын.
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Кара-Бак айылдык кеңешинин жер боюнча туруктуу комиссиянын төрагасы А.Дилишатовго тапшырылсын.
 
 
Айылдык кеңештин төрагасы                                 А.Айдаров
                                               ТОКТОМ № 59
 
  2020- жылдын 05-ноябры                                              Кара-Бак айылы 
 
Кара-Бак айылдык кеңешинин VI чакырылышынын кезексиз IХ
сессиясы
Баткен облусунун, Баткен районунун Карабак айыл аймагынын Кара-Бак айылынын №215 контурундагы соц объектилердин курулушун жергиликтүү бюджеттин эсебинен каржылоо жөнүндө
 
Баткен облусунун, Баткен районунун Карабак айыл аймагынын Кара-Бак айылындагы калктуу конушунун ортосунда жайгашкан айыл-чарба жерлеринин мамлекеттик фондунун эсебиндеги №215 контурундагы 7,0 га суугат-айдоо жерге  билим берүү, саламаттык сактоо объектерин жана дене тарбия ден соолукту чыңдоо комплекстерин куруу максатында “Айыл чарба багытындагы жерлер” категориясынан “Калктуу конуштардын жерлери” категориясына которуу трансформациялоо үчүн даярдалган башкы пландын негизинде курулуучу курулуштарга кетүүчү каржы маселесин  чечүү максатында Кара-Бак айылдык кеңеши    токтом кылат:                                            
  1. Баткен облусунун, Баткен районунун Кара-Бак айыл аймагынын Кара-Бак айылындагы айыл-чарба жерлеринин Мамлекеттик Фондунун эсебиндеги №215 контурундагы 7,0 га суугат-айдоо жерге билим берүү, саламаттык сактоо объектерин жана дене тарбия ден соолукту чыңдоо комплекстерин куруу максатында “Айыл чарба багытындагы жерлер” категориясынан “Калктуу конуштардын жерлери” категориясына которууга  (трансформациялоого) даярдалган башкы планда көрсөтүлгөн курулуштарга акча каражаты Кара-Бак айыл өкмөтүнүн 2021-2022-2023-жылкы жергиликтүү бюджетинин эсебинен    каржылоого макулдук берилсин.
  2. Баткен облусунун, Баткен районунун Карабак айыл аймагынын Кара-Бак айыл  өкмөтүнүн 2021-2022-2023-жылдардагы бюджетине бекитүүгө сунушталсын.
  3. Курулушка керектелүүчү  каражаттарды бөлүү, каржылоо жана сунуштоо  Кара-Бак айыл  өкмөтүнө жана каржы экономика бөлүмүнө милдеттендирилсин.
  4. Токтомдун аткарылышын контролдоо Баткен облусунун, Баткен районунун Карабак айыл аймагынын Кара-Бак айылдык кеңешинин бюджет маселелери боюнча туруктуу комиссиясынын төрагасына жүктөлсүн.
 
 
Кенештин төрагасы                                                                  А.Айдаров
                                               ТОКТОМ № 60
 
  Кара-Бак айылы                                                    2020- жылдын 05-ноябры
 
Кара-Бак айылдык кеңешинин VI чакырылышынын кезексиз IХ
сессиясы
Баткен облусунун, Баткен районунун Карабак айыл аймагынын Бай-Кара-Бак айылынын №495 контурундагы соц объектилердин курулушун жергиликтүү бюджеттин эсебинен каржылоо жөнүндө
 
Баткен облусунун, Баткен районунун Кара-Бак айыл аймагынын Бай-Кара-Бак айылындагы  калктуу конушунун ортосунда жайгашкан айыл-чарба жерлеринин мамлекеттик фондунун эсебиндеги №495 контурунда жайгашкан 4,0 га жерлерди билим берүү, саламаттык сактоо объектерин жана дене тарбия ден соолукту чыңдоо комплекстерин куруу максатында «Айыл чарба багытындагы жерлер» категориясынан «Калктуу конуштардын жерлери категориясына которуу трансформациялоо үчүн даярдалган башкы пландын негизинде курулуучу курулуштарга кетүүчү каржы маселесин  чечүү максатында Кара-Бак айылдык кеңеши токтом кылат:                                           
  1. Баткен облусунун, Баткен районунун Кара-Бак айыл аймагынын Бай-Кара-Бак айылындагы айыл-чарба жерлеринин мамлекеттик фондунун эсебиндеги №495 контурунда жайгашкан 4,0 га жерлерди билим берүү, саламаттык сактоо объектерин жана дене тарбия ден соолукту чыңдоо комплекстерин куруу максатында «Айыл чарба багытындагы жерлер» категориясынан «Калктуу конуштардын жерлери категориясына которуу трансформациялоо үчүн даярдалган башкы планда көрсөтүлгөн курулуштарга акча каражаты Кара-Бак айыл өкмөтүнүн 2021-2022-2023-жылкы жергиликтүү бюджетинин эсебинен    каржылоого макулдук берилсин.
  2. Баткен облусунун, Баткен районунун Карабак айыл аймагынын Кара-Бак айыл  өкмөтүнүн 2021-2022-2023-жылдардагы бюджетине бекитүүгө сунушталсын.
  3. Курулушка керектелүүчү  каражаттарды бөлүү, Каржылоо жана сунуштоо  Кара-Бак айыл  өкмөтүнүн каржы экономика бөлүмүнө милдеттендирилсин.
  4. Токтомдун аткарылышын контролдоо Баткен облусунун, Баткен районунун Кара-Бак айыл аймагынын Кара-Бак айылдык кеңешинин бюджет маселелери боюнча туруктуу комиссиясынын төрагасына жүктөлсүн. 
 
 
Кенештин төрагасы                                                                  А.Айдаров