Токтомдор

Кара-Бак айылдык кеңешинин VII чакырылышынын кезексиз X сессиясы

                           ТОКТОМ №1 

Кара-Бак айылы                                                         2022-жылдын 24-январы     

Кара-Бак айылдык кеңешинин VII чакырылышынын кезексиз X
сессиясы                                                                                                                                                                                                                                                                                 

Кара-Бак айыл айыл өкмөтүнүн аймагындагы өз алдынча мыйзамсыз курулган курулуштардын жер участокторунун аянтын белгилөө жөнүндө
 
       Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө”
мыйзамынын негизинде, Кара-Бак айыл айыл өкмөтүнүн аймагындагы өз алдынча мыйзамсыз курулган курулуштардын жер участокторунун аянтын белгилөө максатында Кара-Бак айылдык кеңеши           
Токтом кылат 
 
1. Кара-Бак айыл айыл өкмөтүнүн аймагындагы өз алдынча мыйзамсыз курулган курулуштардын жер участокторунун аянты 0,10 га болуп белгиленсин.
         2.Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Кара-Бак айылдык кеңешинин жер маселелери боюнча туруктуу комиссиянын төрагасына тапшырылсын.
 
 
 
Айылдык кеңештин төрайымы                                   Ж.Шадиманова

 

                            

ТОКТОМ №2 

Кара-Бак айылы                                                         2022-жылдын 24-январы     

Кара-Бак айылдык кеңешинин VII чакырылышынын кезексиз X
сессиясы       

Кара-Бак айылдык кеңешинин мурда чыккан токтомуна өзгөртүү киргизүү жөнүндө
 
       Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” 
мыйзамынын негизинде, Кара-Бак айылдык кеңешинин 2021-жылдын 16-декабрындагы №51 токтомундагы сөзөрдү алмаштырууга өзгөртүү киргизүү  максатында Кара-Бак айылдык кеңеши           
Токтом кылат 
 
1. Кара-Бак айылдык кеңешинин 2021-жылдын 16-декабрындагы №51 токтомундагы  "школа будущего" деген сөздөр "Инновационно-образовательный модуль" деген сөздөргө алмаштырылсын..
         2.Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Кара-Бак айылдык кеңешинин жер маселелери боюнча туруктуу комиссиянын төрагасына тапшырылсын.

 

 
 
Айылдык кеңештин төрайымы                                   Ж.Шадиманова