Токтомдор

24-июн2022-жыл Кара-Бак айылдык кеңешинин кезектеги XV сессиясынын токтомдору.

ТОКТОМ №46

 
Кара-Бак айылы                                                           
2022-жылдын  26-июну
             Кара-Бак айылдык кеңешинин VII чакырылышынын кезектеги XV
сессиясы

Пайдаланып жүргөн жер аянттарын жеке менчикке бекитип берүүгө макулдук берүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” мыйзамына ылайык, Кара-Бак айылдык кеңешинин жер маселелери боюнча комитетинин билдирүүсүн угуп, талкуулап пайдаланып жүргөн жер аянттарын жеке менчикке бекитип берүүгө макулдук берүү максатында      Кара-Бак айылдык кеңеши
ТОКТОМ  КЫЛАТ:
1.Кара-Бак айыл өкмөтүнүн аймагындагы төмөнкү тургундардын:
 
1.Сапаров Абдималик Жакипович – 12 га,
2.Ибрахимова Зулфия Зайналова - 0,15 га;
3.Ахмедова Ойумгүл -  0,15 га;
4. Каламбекова Бийсулуу  0,15 га;
5. Мурзакаримова Гулнара
6.Абдурайымова Зулфия -  0,15 га;
7.Сатыбалдыева Бактыгүл - 0,15 га;
8.Кудрат кызы Арзикан -  0,15 га;
9. Кожалиева Бегимай – 0,10 га ;
10.Матмуратова Захиратхан - 0,10 га;
11.Орозбай кызы Сапаргүл - 0,15 га,
12.Маматова Бахтигул  Бектемировна - 0,15 га,
13.Эралиева Арзикан - 0,10 га;
14. Маматова Гүлчехрахан - 0,08 га;
15.Мамашарипова Базаргүл – 0,15 га;
16.Ахмедова Садагүл -0,10 га;
17.Полотова Бууширин – 0,15 га;
18.Орозова Гүлчийра Закировна – 0,15 га;
19.Муратова Буужамал – 0,15 ;
20. Баширова Мастура – 0,15 га;
21. Умаралиева Райхан – 0,15 га;
22. Сайдимарова Жумагүл ;
23. Жапарова Сафахан ;
24.Бектурсун уулу Амангел – 0,15 га;
25.Асамидинова Гүлсүнай – 0,15 га;
26. Джураева Сафия – 0,10 га;
27. Каразакова Замира
28.Казаков Дилшод Абдумаликович
   

мурдатан бери турак-жай салып  пайдаланып келген жер аянттарын мыйзам чегинде жеке менчикке бекитип берүүгө макулдук берилсин.
2. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы  Кара-Бак айылдык кеңешинин жер маселелери боюнча туруктуу комиссиясынын төрагасы З.Осмоновго тапшырылсын.
 
Айылдык кеңештин төрайымы                                   Ж.Шадиманова

ТОКТОМ №47

 
Кара-Бак айылы                                                           
2022-жылдын  26-июну
             Кара-Бак айылдык кеңешинин VII чакырылышынын кезектеги XV
сессиясы

Жер аянтынын багытын өзгөртүүгө макулдук берүү жөнүндө
 
Кара-Бак айыл өкмөтүнүн сунушунун негизинде,   Кара-Бак айылдык кеңешинин жер маселелери боюнча комитетинин билдирүүсүн эске алып, угуп жана талкуулап Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” мыйзамына ылайык муниципалдык менчиктеги жер аянтынын багытын өзгөрүүгө макулдук берүү максатында Кара-Бак айылдык кеңеши
 
ТОКТОМ  КЫЛАТ
 
  1. Кара-Бак айыл өкмөтүнүн муниципалдык менчигиндеги  Мончо иштетилбей келе жаткандыктан,  0,12 га жер  аянтынын “Мончо” багытынан “реаблитациялык борбор” багытына өзгөртүүгө макулдук берилсин.
2. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы  Кара-Бак айылдык кеңешинин жер маселелери боюнча туруктуу комиссиясынын төрагасы З.Осмоновго тапшырылсын.
 
Айылдык кеңештин төрайымы:                                     Ж.Шадиманова
 

ТОКТОМ №48

 
Кара-Бак айылы                                                           
2022-жылдын  26-июну
             Кара-Бак айылдык кеңешинин VII чакырылышынын кезектеги XV
сессиясы

Муниципалдык менчик эсебиндеги 0,03 га жер аянтын аукцион аркылуу сатууга макулдук берүү жөнүндө
 
Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” мыйзамына ылайык, Кара-Бак айылдык кеңешинин жер маселелери боюнча комитетинин билдирүүсүн эске алып, угуп жана талкуулап Муниципалдык менчик эсебиндеги 0,03 га жер аянтын аукцион аркылуу сатууга макулдук берүүмаксатында  Кара-Бак айылдык кеңеши
 
Токтом кылат 
 1. 1.Кара-Бак айыл өкмөтүнүн Кара-Бак айылынын Кырман-Жай участкасынын 0,30 га жер аянтынын ичинен социалдык борбор курууга    0,03 га жер аянтын аукцион аркылуу жеке менчикке сатууга макулдук макулдук берилсин.
 2. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Кара-Бак айылдык кеңешинин жер маселелери боюнча комитетинин төрагасы З.Осмоновго тапшырылсын.
 
 
 
 
Айылдык кеңештин төрайымы                                   Ж.Шадиманова
 

ТОКТОМ №49

 
Кара-Бак айылы                                                           
2022-жылдын  26-июну
             Кара-Бак айылдык кеңешинин VII чакырылышынын кезектеги XV
сессиясы

Алты-Адыр участкасындагы  жер аянттарды аукцион аркылуу сатууга макулдук берүү жөнүндө
 
Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” мыйзамына ылайык, Кара-Бак айылдык кеңешинин жер маселелери боюнча комитетинин билдирүүсүн эске алып, угуп жана талкуулап Алты-Адыр участкасындагы жер аянттарын аукцион аркылуу сатууга макулдук берүү максатында  Кара-Бак айылдык кеңеши
 
Токтом кылат 
  1. Кара-Бак айыл өкмөтүнүн аймагындагы Алты –Адыр участкасындагы артык баш жана атайын калтырылган муниципалдык менчиктеги жерлерди баалатып аукциондун негизинде жеке менчикке сатууга жана ижарага берүүгө макулдук берилсин.
2. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Кара-Бак айылдык кеңешинин жер маселелери боюнча комитетинин төрагасы З.Осмоновго тапшырылсын.
 
 
Айылдык кеңештин төрайымы                                   Ж.Шадиманова
 

ТОКТОМ №50

 
Кара-Бак айылы                                                           
2022-жылдын  26-июну
             Кара-Бак айылдык кеңешинин VII чакырылышынын кезектеги XV
сессиясы

Жер аянтын трансформациялоого макулдук берүү жөнүндө
 
 
           Кыргыз Республикасынын 2013-жылдын 15-июль айындагы    145  "Жерлерди которуу ( трансформациялоо) жөнүндөгү" мыйзамын, Кыргыз Республикасынын Жер Кодексинин 13-беренесинин жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2014-жылдын 19-мартындагы № 169 сандуу токтомун жетекчиликке алып, өндүрүш ишканаларды куруу үчүн жер аянтын которууга макулдук берүү  максатында Кара-Бак айылдык кеңеши
 
Токтом кылат
 
1. Кара-Бак айыл өкмөтүнүн Кызыл-Бел айылынан 100,0 га жер аянтын өндүрүш ишканаларын куруу үчүн “Айылчарба багытындагы жерлер” категориясынан “Өнөр жайынын, транспорттун, байланыштын, энергетиканын, коргонуунун жерлери жана башка багыттагы жерлер” категориясына которууга макулдук берилсин.
2. Жогоруда белгиленген жер аянтынын мындан аркы трансформациялоо иш кагаздарын даярдоо жагы Кара-Бак айыл өкмөтүнүн башчысына жүктөлсүн.
3.  Ушул  токтомдун  аткарылышын  көзөмөлдөө жагы Кара-Бак айылдык кеңешинин жер маселелери боюнча туруктуу комиссиянын төрагасына тапшырылсын. 
 
 
Айылдык кеңештин төрайымы                                   Ж.Шадиманова
 

ТОКТОМ №51

 
Кара-Бак айылы                                                           
2022-жылдын  26-июну
             Кара-Бак айылдык кеңешинин VII чакырылышынын кезектеги XV
сессиясы

Кара-Бак айыл  өкмөтүнүн жергиликүү бюджетинин сметасына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө
Кара-Бак айыл  өкмөтүнүн жергиликүү бюджетинин сметасына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө Кара-Бак айылдык кеңешинин финансы комитетинин билдирүүсүн угуп жана талкуулап,                             Кара-Бак айылдык кеңеши
ТОКТОМ  КЫЛАТ:
1.Кара-Бак айыл өкмөтүнун апаратынын 2211 статьясына 2221 статьясынан 100,0 миң сом жылдырылсын.
2.Чет –Кызыл айылын жолуна 3111 статьясына 3112 статьясынан 180,0 миң сом жылдырылсын.
3.Чет-Кызыл айылынын бала-бакчасынын 3111 статьясына 2215 статьясынан 1000,0 миң сом жылдырылсын.
4.Дөбө айылына курулуп жаткан мектептин 3111 статьясына 3112 статьясынан 300,0 миң сом жылдырылсын.
5.Караа-Бак айыл аймагынын айылдарына интернет кызматтары үчүн  2212 статьясыга  80,0 миң сомду апараттын ремонт жумуштарына каралган 221 статьясынан жылдырылсын.
6.Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы,  Кара-Бак айылдык кеңешинин бюджет жана экономикалык маселелер боюнча комитетинин туруктуу комиссиясынын төрагасы Р.Султановго тапшырылсын.
 
 
Айылдык кеңештин төрайымы                                   Ж.Шадиманова
 

ТОКТОМ №52

 
Кара-Бак айылы                                                           
2022-жылдын  26-июну
             Кара-Бак айылдык кеңешинин VII чакырылышынын кезектеги XV
сессиясы

Айылдык кеңешинин регламентин бекитүү жөнүндө
 
 
Кыргыз Республикасынын Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндөгү мыйзамына 34-беренесине ылайык Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу мамлекеттик кызмат жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу боюнча Мамлекеттик агенттиктин 14-март                2022-жылдагы №56 сандуу буйругун негизинде  Кара-Бак айылдык кеңешинин регламентин бекитүү максатында Кара-Бак айылдык кеңеши
Токтом кылат 
 1.    Кара-Бак айылдык кеңешинин Регламенти жактырылсын жана бекитилсин.(регламент тиркелет)
2.    Регламентти негиз кылып иш алып баруу жагы айылдык кеңештин депутаттарына милдеттендирилсин.
3. 6.Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Кара-Бак айылдык кеңешинин мыйзамдуулук боюнча комитетинин туруктуу комиссиясына  тапшырылсын.
 
 
 
Айылдык кеңештин төрайымы                                   Ж.Шадиманова