Токтомдор

Кара-Бак айылдык кеңешинин VII чакырылышынын кезектеги XVIII Сессиясы

ТОКТОМ №74

Кара-Бак айылы                                                          2022-жылдын  25-ноябры              

       Кара-Бак айылдык кеңешинин VII чакырылышынын кезектеги XVIII
Сессиясы
 
Жер аянтынын башкы планын өзгөртүүгө макулдук берүү жөнүндө
 
Кара-Бак айылдык кеңешинин жер маселелери боюнча комитетинин билдирүүсүн эске алып, угуп жана талкуулап Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” мыйзамына ылайык Кара-Бак айыл өкмөтүнүн Алты-Адыр участкасындагы жер аянтынын башкы планын өзгөртүүгө  макулдук берүү максатында Кара-Бак айылдык кеңеши
 

ТОКТОМ  КЫЛАТ:

 
1.       Кара-Бак айыл өкмөтүнүн   Алты-Адыр участкасындагы калктуу конуштун башкы планына өзгөртүү киргизүүгө макулдук берилсин.
2.       Токтомдун негизинде иш алып барып, кеткен чыгымдарын каржылоо айыл өкмөтүнө милдеттендирилсин.
3. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы  Кара-Бак айылдык кеңешинин жер маселелери боюнча туруктуу комиссиясынын төрагасы З.Осмоновго тапшырылсын.
 
 
Айылдык кеңештин төрайымы:                                  Ж.Шадиманов


ТОКТОМ №75

Кара-Бак айылы                                                          2022-жылдын  25-ноябры             

              
       Кара-Бак айылдык кеңешинин VII чакырылышынын кезектеги XVIII
Сессиясы
Пайдаланып жүргөн жер аянттарын жеке менчикке бекитип берүүгө макулдук берүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” мыйзамына ылайык, Кара-Бак айылдык кеңешинин жер маселелери боюнча комитетинин билдирүүсүн угуп, талкуулап пайдаланып жүргөн жер аянттарын жеке менчикке бекитип берүүгө макулдук берүү максатында      Кара-Бак айылдык кеңеши

ТОКТОМ  КЫЛАТ:

1.Кара-Бак айыл өкмөтүнүн аймагындагы төмөнкү тургундардын:
1.Джеенбекова Касагүл 0,02  Кара-Бак 8-01-09-1001-1525
2.Бутаев Авазбек 0,15га Кара-Бак  8-01-09-1001-0722
3. Айкынова Токто Колчуевна 0,10 га Кызыл-Бел
4.Саттарова Рызваны Жарматовна 0,15 га 8-01-09-1001-0931
5. Жееналиева Сапаргүл Садыкбаевна 0,15 Кызыл-Бел 
6.Асланова Парчагүл Масалиевна Кызыл-Бел 0,12 га
7. Маматова Анара Ибрагимовна  0,12 га
8. Тухтаев Мухидин Кубанычбекович-0,10 Кызыл-Бел
9. Масалимова  Турдугүл Мамажановна-0,15га 8-01-09-1002-0397
10. Азамбаева Садат Анарбаевна-Кызыл-Бел
11.Макаматжан кызы Аида-0,15 Кызыл-Бел 8-01-09-1002-0397
12.Ширинова Бүрайкан Мухтаровна -0,15  8-01-09-1001-1081
13.Жапарова Патма Алтымышовна 0,08 га
14.Муратова Айтбүбү Айдаровна 0,10 га
15.Эргешова Гүлдаста Тайировна-0,10 га 8-01-09-1001-1670
16. Баширова Баринса Баитовна-0,15 Кара-Бак 8-01-09-1001-0748     
17. Базарбаева Сара-0,10 га  8-01-09-1001-1794
мурдатан бери турак-жай салып  пайдаланып келген жер аянттарын мыйзам чегинде жеке менчикке бекитип берүүгө макулдук берилсин.
2. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы  Кара-Бак айылдык кеңешинин жер маселелери боюнча туруктуу комиссиясынын төрагасы З.Осмоновго тапшырылсын.
 
Айылдык кеңештин төрайымы                                      Ж.Шадиманова


 

ТОКТОМ №76

Кара-Бак айылы                                                          2022-жылдын  25-ноябры             

            
       Кара-Бак айылдык кеңешинин VII чакырылышынын кезектеги XVIII
Сессиясы
 
Достук айылындагы жер аянтын трансформациялоого макулдук берүү жөнүндө
 
 
           Кыргыз Республикасынын 2013-жылдын 15-июль айындагы    145  "Жерлерди которуу ( трансформациялоо) жөнүндөгү" мыйзамын, Кыргыз Республикасынын Жер Кодексинин 13-беренесинин жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2014-жылдын 19-мартындагы № 169 сандуу токтомун жетекчиликке алып, калктын муктаждыгы үчүн жер аянтын которууга макулдук берүү үчүн  Кара-Бак айылдык кеңеши
 
ТОКТОМ  КЫЛАТ:
1.Кара-Бак айыл өкмөтүнүн Достук айылыны аймагынан                             №12-контурундагы   0,30 га  жер  аянты, №559-контурундагы  0,80 га  жер,   №560-контурундагы  0,50 га  жер, №561-контурундагы  0,20 га  жер,  №707-контурундагы  1,60 га  жер,   №708-контурундагы  0,60 га  жер, №709-контурундагы  0,10 га  жер  аянттары  таштуу  жайыт  жер,   №706-контурундагы  0,10 га  жер  аянты  айдоо жер (парник) жалпы 5,7 га жер аянтын социалдык обьектилерди жана турак-жай куруу үчүн “Айылчарба багытындагы жерлер” категориясынан “Калктуу коштун жерлери” категориясына которууга макулдук берилсин .
 
2.Жогоруда белгиленген жер аянтынын мындан аркы трансформациялоо иш кагаздарын даярдоо жагы Кара-Бак айыл өкмөтүнүн башчысына жүктөлсүн.
3.  Ушул  токтомдун  аткарылышын  көзөмөлдөө жагы Кара-Бак айылдык кеңешинин жер маселелери боюнча туруктуу комиссиянын төрагасына тапшырылсын. 
 
 
Айылдык кеңештин төрайымы                                   Ж.Шадиманова
 

ТОКТОМ №77

Кара-Бак айылы                                                          2022-жылдын  25-ноябры              
       Кара-Бак айылдык кеңешинин VII чакырылышынын кезектеги XVIII
Сессиясы
 
Жер аянтынын башкы планын өзгөртүугө макулдук берүү жөнүндө
 
Кара-Бак айылдык кеңешинин жер маселелери боюнча комитетинин билдирүүсүн эске алып, угуп жана талкуулап Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” мыйзамына ылайык Кара-Бак айыл өкмөтүнүн Кызыл-Бел айылындагы муниципалдык менчиктеги жер аянтынын башкы планын өзгөртүүгө  макулдук берүү максатында Кара-Бак айылдык кеңеши
 

ТОКТОМ  КЫЛАТ:

 
1. Кызыл-Бел айылындагы К.Турмаматов мектебинин түндүк тарабындагы муниципалдык менчикттеги жер аянтынын башкы планына өзгөртүү киргизүүгө макулдук берилсин.
2.Токтомдун негизинде иш алып барып, кеткен чыгымдарын каржылоо айыл өкмөтүнө милдеттендирилсин.
         3.Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы  Кара-Бак айылдык кеңешинин жер маселелери боюнча туруктуу комиссиясынын төрагасы З.Осмоновго тапшырылсын.
 
 
Айылдык кеңештин төрайымы:                                  Ж.Шадиманова



ТОКТОМ №78

Кара-Бак айылы                                                          2022-жылдын  25-ноябры              
       Кара-Бак айылдык кеңешинин VII чакырылышынын кезектеги XVIII
Сессиясы
 
 
 
  Кара-Бак айыл  өкмөтүнүн жергиликүү бюджетинин сметасына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө
 
Кара-Бак айыл  өкмөтүнүн жергиликүү бюджетинин сметасына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө Кара-Бак айыл өкмөтүнүн ФЭБ башчысы С.Курбановтун билдирүусүн угуп жана талкуулап, Кара-Бак айылдык кеңеши
 

ТОКТОМ  КЫЛАТ:

 
1.Айыл өкмөтүнүн аймагындагы соц.обьектилеринин жалпы чыгымдарына 1535,0 мин сомду, кызмат көрсөтүү жана түрдүү чыгымдар боюнча 2215 статьясына жылдырылып, бекитилүүсүнө макулдук берилсин
2.Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы,  Кара-Бак айылдык кеңешинин бюджет жана экономикалык маселелер боюнча комитетинин туруктуу комиссиясынын төрагасы А.Абдиевке тапшырылсын.
 
 
 
Айылдык кеңештин төрайымы                                   Ж.Шадиманова

 

ТОКТОМ №79

Кара-Бак айылы                                                          2022-жылдын  25-ноябры               
       Кара-Бак айылдык кеңешинин VII чакырылышынын кезектеги XVIII
Сессиясы
 
Кара-Бак  айылындагы көчөнүн атын өзгөртүү жөнүндө
 
 
 
           Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө” мыйзамына ылайык, Кара-Бак айылындагы тургундардын кайрылуусун карап чыгып,  Кара-Бак айылдык кеңешинин Укук жана мыйзамдуулук комитетинин депутаты Алтынбек уулу Адилеттин билдирүүсүн эске алып, угуп жана талкуулап Кара-Бак  айылындагы көчөнүн атын өзгөртүү максатында Кара-Бак айылдык кеңеши

ТОКТОМ  КЫЛАТ:

1. Кара-Бак айылындагы “Достук” көчөсүн  “Саттаров Турдубай” атындагы көчө деп өзгөртүүгө макулдук берилсин.
2. Тиешелүү иш-кагаздарын даярдап каттоо жагы Кара-Бак айыл өкмөтүнө тапшырылсын.
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Кара-Бак айылдык кеңешинин мыйзамдуулук боюнча туруктуу комиссиянын төрагасына тапшырылсын.
 
 
Айылдык кеңештин төрайымы                                   Ж.Шадиманова

 

ТОКТОМ №80

 

Кара-Бак айылы                                                          2022-жылдын  25-ноябры            

       Кара-Бак айылдык кеңешинин VII чакырылышынын кезектеги XVIII
Сессиясы
 
Бала-Бакчага ат коюу жөнүндө
 
 
           Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө” мыйзамына ылайык, Кара-Бак өкмөтүнүн кайрылуусун карап чыгып,  Кара-Бак айылдык кеңешинин Укук жана мыйзамдуулук комитетинин депутаты Алтынбек уулу Адилеттин билдирүүсүн эске алып, угуп жана талкуулап Кара-Бак  айылындагы көчөнүн атын өзгөртүү максатында          Кара-Бак айылдык кеңеши
 
ТОКТОМ  КЫЛАТ:
 
1.Четкызыл айылындагы жаңы курулган бала бакчага “Чет-Кызыл” балдар бакчасы деген ысым берилсин.
 
2.Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Кара-Бак айылдык кеңешинин мыйзамдуулук боюнча туруктуу комиссиянын төрагасына тапшырылсын.
 
 
 
Айылдык кеңештин төрайымы                                   Ж.Шадиманова