Токтомдор

Кара-Бак айылдык кеңешинин VII чакырылышынын кезектеги XIV сессиясынын №44 токтому

ТОКТОМ №44

 
Кара-Бак айылы                                                           
2022-жылдын  20-май 
             Кара-Бак айылдык кеңешинин VII чакырылышынын кезектеги XIV
сессиясы
 
Жер аянтын трансформациялоого макулдук берүү жөнүндө
 
 
Кыргыз Республикасынын 2013-жылдын 15-июль айындагы                        № 145  "Жерлерди которуу ( трансформациялоо) жөнүндөгү" мыйзамын, Кыргыз Республикасынын Жер Кодексинин 13-беренесинин жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2014-жылдын 19-мартындагы № 169 сандуу токтомун жетекчиликке алып, калктын социалдык объектиге болгон муктаждыгын чечүү үчүн  жер аянтын которуу(трансформациялоо)  максатында Кара-Бак айылдык кеңеши
Токтом кылат 
1. Кара-Бак айыл өкмөтүнүн Кызыл-Бел айылынын батыш тарабындагы №47,49,50,51,119,120,124,125,126,128,129,130,132,133,144, 155,156,157,158, 159,160,161,164 контурларда 74,0 га таштуу жайыт жер,  №46,47,49,50,51,52,53,54,55,76, 119, 120, 122, 124, 125, 126, 127,128,129,130, 131,132,133,156,157,158,159,160,161,164,170,173 контурлардагы 60,60 га таштуу жайыт жер жана №152,154-контурларда жайгашкан 12,6 га  мелиоративдик курулуш астындагы жер, жалпы 147,20 га жер аянтын социалдык объектилерди куруу үчүн “Айыл чарба багытындагы жерлер” категориясынан “Калктуу конуштун жерлери” категориясына которууга макулдук берилсин.
2. Жогоруда белгиленген жер аянтынын мындан аркы трансформациялоо иш кагаздарын даярдоо жагы Кара-Бак айыл өкмөтүнүн башчысына жүктөлсүн.
3.  Ушул  токтомдун  аткарылышын  көзөмөлдөө жагы Кара-Бак айылдык кеңешинин жер маселелери боюнча туруктуу комиссиянын төрагасына тапшырылсын. 
 
 
Айылдык кеңештин төрайымы                                   Ж.Шадиманова

 

ТОКТОМ №45

 
Кара-Бак айылы                                                           
2022-жылдын  20-май 


       Кара-Бак айылдык кеңешинин VII чакырылышынын кезектеги XIV
сессиясы
 
Жер аянтын трансформациялоого макулдук берүү жөнүндө
 
 
Кыргыз Республикасынын 2013-жылдын 15-июль айындагы                        № 145  "Жерлерди которуу ( трансформациялоо) жөнүндөгү" мыйзамын, Кыргыз Республикасынын Жер Кодексинин 13-беренесинин жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2014-жылдын 19-мартындагы № 169 сандуу токтомун жетекчиликке алып, жеке менчик турак жайга болгон муктаждыгын чечүү үчүн  жер аянтын которуу(трансформациялоо)  максатында Кара-Бак айылдык кеңеши
Токтом кылат 
1. Кара-Бак айыл өкмөтүнүн Кызыл-Бел айылынын батыш тарабындагы №191-контурдагы 17,13 га таштуу жайыт жер, №196-контурда 0,67 га таштуу жайыт жер, жалпы 17,80 га жер аянтын жеке менчик         турак-жай куруу үчүн “Айыл чарба багытындагы жерлер” категориясынан “Калктуу конуштун жерлери” категориясына которууга макулдук берилсин.
2. Жогоруда белгиленген жер аянтынын мындан аркы трансформациялоо иш кагаздарын даярдоо жагы Кара-Бак айыл өкмөтүнүн башчысына жүктөлсүн.
3.  Ушул  токтомдун  аткарылышын  көзөмөлдөө жагы Кара-Бак айылдык кеңешинин жер маселелери боюнча туруктуу комиссиянын төрагасына тапшырылсын. 
 
 
Айылдык кеңештин төрайымы                                   Ж.Шадиманова