Токтомдор

Кара-Бак айылдык кеңешинин VII чакырылышынын кезектеги ХII сессиясы

ТОКТОМ №14
 
Кара-Бак айылы                                                           
2022-жылдын  30-марты                                                      
 
Кара-Бак айылдык кеңешинин VII чакырылышынын кезектеги XII
сессиясы
 
Трансформатор орнотууга макулдук берүү жөнүндө

 Кара-Бак айыл өкмөтүнүн Кара-Бак айылынын тургуну Р.Джолматовдун арызынын негизинде, Кара-Бак айылдык кеңешинин жер маселелри боюнча комитетинин билдирүүсүн эске алып, угуп жана талкуулап Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” мыйзамына ылайык  транформатор курууга макулдук берүү максатында Кара-Бак айылдык кеңеши
 
ТОКТОМ  КЫЛАТ
 
1.Курук-Сай участкасына 16 м2 жер аянтына трансформатор орнотууга макулдук берилсин.
 
 
2. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Кара-Бак айылдык кеңешинин жер маселелери боюнча комитетинин төрагасына тапшырылсын.
 
 
Айылдык кеңештин төрайымы                                   Ж.Шадиманова

 
ТОКТОМ №15
 
Кара-Бак айылы                                                           
2022-жылдын  30-марты                                                      
 
Кара-Бак айылдык кеңешинин VII чакырылышынын кезектеги XII
сессиясы
 
Жер аянттын башкы планына өзгөртүү киргизүүгө макулдук берүү жөнүндө
 
 Кара-Бак айыл өкмөтүнүн Кара-Бак айылынын тургуну Муратбекова Шахринсанын арызынын негизинде,   Кара-Бак айылдык кеңешинин жер маселелери боюнча комитетинин билдирүүсүн эске алып, угуп жана талкуулап Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” мыйзамына ылайык калктуу конуштун башкы планына өзгөртүү киргизүүгө макулдук берүү максатында Кара-Бак айылдык кеңеши
 
ТОКТОМ  КЫЛАТ
 
1.АВМ учаткасындагы 0,10  га жер аянтын участок кылуу үчүн башкы планга өзгөртүү киргизүүгө макулдук берилсин.
2. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Кара-Бак айылдык кеңешинин жер маселелри боюнча комитетинин төрагасына тапшырылсын.
 

 
 
Айылдык кеңештин төрайымы                                      Ж.Шадиманова


ТОКТОМ №16
 
Кара-Бак айылы                                                           
2022-жылдын  30-марты                                                      
 
Кара-Бак айылдык кеңешинин VII чакырылышынын кезектеги XII
сессиясы

Борбордук парктын аянтына өзгөртүү киргизүү жөнундө
 
Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” мыйзамына ылайык, Кара-Бак айылдык кеңешинин жер маселелри боюнча комитетинин билдирүүсүн эске алып, угуп жана талкуулап борбордук парктын 0,20 га аянтын жылдыруу максатында макулдук берүү максатында  Кара-Бак айылдык кеңеши
Токтом кылат 
1. Борбордук парктын териториясынан мурда берилген 0,30 га жер аяттын 0,20 га аянтын Алты-Адыр участкасына жылдырууга макулдук берилсин.
2. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы,  Кара-Бак айылдык кеңешинин жер маселелери боюнча туруктуу комиссиясынын төрагасы З.Осмоновго тапшырылсын.
 
 
 
Айылдык кеңештин төрайымы                                   Ж.Шадиманова
 

ТОКТОМ №17
 
Кара-Бак айылы                                                           
2022-жылдын  30-марты                                                      
 
Кара-Бак айылдык кеңешинин VII чакырылышынын кезектеги XII
сессиясы
Пайдаланып жүргөн жер аянттарын жеке менчикке бекитип берүүгө макулдук берүү жөнүндө
 
 
Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” мыйзамына ылайык, Кара-Бак айылдык кеңешинин жер маселелери боюнча комитетинин билдирүүсүн угуп, талкуулап пайдаланып жүргөн жер аянттарын жеке менчикке бекитип берүүгө макулдук берүү максатында  Кара-Бак айылдык кеңеши
 
ТОКТОМ  КЫЛАТ:
1.Кара-Бак айыл өкмөтүнүн аймагындагы төмөнкү тургундардын:
 
1.Орозалиева Тожихон - 0,15 га,
2.Тунубек кызы Турсунай 0,08 га ,
3.Худайбердиева Бахтигул - 0,15 га,
4.Умурзакова Эркайым - 0,15 га ,
5.Улчаева Арзигул - 0,10 га ,
6.Рахматиллаева Гульмира -  0,10 га ,
7.Исоев Авезмат - 0,10 га ,
8.Чотбаева Дилбархан -  0,15 га ,
9.Махманабиев Абдулло - 0,15 га ,
10.Абдимиталип кызы Махбуба - 0,15 га,
11.Дорукова Бунса  -  0,15 га ,
12.Кыямидинова Буомина  - 0,15 га ,
13.Орозалиева Майизхан - 0,15 га
14.Жунусова Чынара - 0,15 га ,
15.Бердали кызы Тазагул 0,15 га ,
16.Маматумарова Толгонай - 0,15 га ,
17.Маматова Турганбубу - 0,10 га ,
18.Амиракулов Эркин  - 0,15 га ,
19.Абдрахманова Айымкан - 0,15 га ,
20.Сагынбек кызы Нуриза - 0,10 га ,
21.Жамалова Асал - 0,15 га ,
 22.Садыбакасова Малике -  0,15 га ,

 
мурдатан бери турак-жай салып  пайдаланып келген жер аянттарын мыйзам чегинде жеке менчикке бекитип берүүгө макулдук берилсин.
2. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы,  Кара-Бак айылдык кеңешинин жер маселелери боюнча туруктуу комиссиясынын төрагасы З.Осмоновго тапшырылсын.
 
Айылдык кеңештин төрайымы                                      Ж.Шадиманова

 
ТОКТОМ №18
 
Кара-Бак айылы                                                           
2022-жылдын  30-марты                                                      
 
Кара-Бак айылдык кеңешинин VII чакырылышынын кезектеги XII
сессиясы
Жер аятынын пайдалануу багытын өзгөртүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” мыйзамына ылайык, Кара-Бак айылдык кеңешинин жер маселелери боюнча комитетинин билдирүүсүн угуп, талкуулап пайдаланып жүргөн жер аянтынын багытын өзгөртүүгө макулдук берүү максатында      Кара-Бак айылдык кеңеши
 
ТОКТОМ  КЫЛАТ:
 1. Кызыл-Бел айылындагы 8-01-09-1002-2449 иден кодундагы улуттук кызыл ай коомунун менчигиндеги  жериннин “даарыкана”  багытын “мончо” багытына өзгөртүүгө макулдук берилсин.
2. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы,  Кара-Бак айылдык кеңешинин жер маселелери боюнча туруктуу комиссиясынын төрагасы З.Осмоновго тапшырылсын.
 
 
Айылдык кеңештин төрайымы                                   Ж.Шадиманова


 
ТОКТОМ №19
 
Кара-Бак айылы                                                           
2022-жылдын  30-марты                                                      
 
Кара-Бак айылдык кеңешинин VII чакырылышынын кезектеги XII
сессиясы

Айыл чарба багытындагы жеке менчик жер аянтына гидротехникалык курулуштарды курууга макулдук берүү жөнүндө
 
 
Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” мыйзамына ылайык, Кара-Бак айылдык кеңешинин жер маселелери боюнча комитетинин билдирүүсүн угуп, талкуулап Айыл чарба багытындагы жеке менчик жер аянтына гидротехникалык курулуштарды курууга макулдук берүү максатында  Кара-Бак айылдык кеңеши
 
Токтом кылат 
1.Урманова Салияхандын  5 га жер аянтынын ичинен 0,50 га жер аянтына гидротехникалык курулуштарды курууга макулдук берилсин.
2. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Кара-Бак айылдык кеңешинин жер маселелери боюнча туруктуу комиссиянын төрагасына тапшырылсын.
 
 
 
Айылдык кеңештин төрайымы                                      Ж.Шадиманова


 
ТОКТОМ №20
 
Кара-Бак айылы                                                           
2022-жылдын  30-марты                                                      
 
Кара-Бак айылдык кеңешинин VII чакырылышынын кезектеги XII
сессиясы

Кыргыз Республикасынын Президентинин Баткен областы боюнча өкүлүнүн сыйлыктарына сунуш кылуу жөнүндө
 
Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” мыйзамына ылайык, Кара-Бак айылдык кеңешинин инвестиция тартуу боюнча комитетинин билдирүүсүн эске алып, угуп жана талкуулап  Кара-Бак айыл аймагынын социалдык-экономикалык жактан өнүгүүсүнө кошкон салымы үчүн Кара-Бак айылдык аймагынын башчысы Каламбеков Абдикарим Саалыевичти сыйлыкка сунуштоо максатында  Кара-Бак айылдык кеңеши
 
ТОКТОМ  КЫЛАТ:
1.Кара-Бак айыл аймагынын социалдык-экономикалык жактан өнүгүүсүнө кошкон салымы үчүн Кара-Бак айылдык аймагынын башчысы Каламбеков Абдикарим Саалыевичти Кыргыз Республикасынын Президентинин Баткен областы боюнча өкүлүнүн сыйлыктарына сунуш кылынсын.
2. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы  Кара-Бак айылдык кеңешинин  төрагасынын орун басарына тапшырылсын.
 
 
Айылдык кеңештин төрайымы                                   Ж.Шадиманова
 


ТОКТОМ №20
 
Кара-Бак айылы                                                           
2022-жылдын  30-марты                                                      
 
Кара-Бак айылдык кеңешинин VII чакырылышынын кезектеги XII
сессиясы
Кара-Бак айылдык кеңешинин 2022-жылдын 9-февралындагы №13 токтомуна өзгөртүү толуктоолор киргизүү жөнүндө
 
Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” жөнүндө 2021-жылдын 20-октябрындагы №123 мыйзамынын 3-главасынын 34-беренесинин 2-пунтунун 2-пунктчасына ылайык, Кара-Бак айылдык кеңешинин финансы жана экономика маселелер боюнча туруктуу комиссиясынын корутундусуна ылайык, Кара-Бак айылдык кеңешинин 2022-жылдын 9-февралындагы №13 токтомуна өзгөртүү толуктоолор киргизүү максатында  Кара-Бак айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1.Кара-Бак айыл өкмөтүнүн 2022-жылга каралган жергиликтүү бюджетинин киреше бөлүгү жана чыгаша бөлүгү 21135,7 миң сом  жана 2023-жылга болжомолу 21353,7 миң сомго, 2024-жылга болжомолу  21512,7 миң сом суммасында бекитилсин.
2. Кара-Бак айыл өкмөтүнүн жергиликтүү бюджетинин 2022-жылга киреше бөлүгү №1 тиркемеге ылайык бекитилсин.
 3. Кара-Бак айыл өкмөтүнүн менчигине түшүүчү жер салыктарынын чегерүү өлчөмдөрү №2 тиркемеге ылайык бекитилсин.
4. 2022-жылга жергиликтүү бюджетинен каржылануучу  бюджеттик мекемелерге  каралган чыгымдар: (атайын каражаттар менен) жалпы  21135,7 миң сом өлчөмүндө №3 тиркемеге бекитилсин (статьялар боюнча тикелет).
5. 2022-жылга айыл өкмөтүнун кайра бөлүштүрүү фондундагы жерлерден түшкөн ижара акысы 1 156,5 миң сом өлчөмүндө №4 тиркемеге ылайык бекитилсин.
6.  2022 -жылга Кара-Бак айыл өкмөтүнүн резевдик фонду №5 тиркемеге ылайык бекитилсин.
7.Кара-Бак айыл өкмөтүнүн жергиликтүү бюджетинин 2023-2024-жылдарга болжомолу №7 тиркемеге ылайык бекитилсин.
8. 2022-жылга айыл өкмөт аймагында өзгөчө кырдаал катталган учурда, өзгөчө кырдаал үчүн 400,0 миң сомго чейин акча каражаты бөлүнүп берилсин.
9. Айыл өкмөтү жергиликтүү бюджетинин 2022-жылдын жыл башында калган бюджеттин калдыктары №8 тиркемеге ылайык бөлүштүрүлсүн.
10. Токтом мамлекеттик реестрине катталуу үчүн Баткен облустук юстиция башкармасына жиберилсин.
11. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Кара-Бак айылдык кеңешинин финансы жана экономика маселелери боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
 
Айылдык кеңештин төрайымы                                       Ж.Шадиманова