Токтомдор

Кара-Бак айылдык кеңешинин VII чакырылышынын кезектеги ХI сессиясы

ТОКТОМ №3
 
Кара-Бак айылы                                                           
2022-жылдын 9-февралы 
                                                              
 
Кара-Бак айылдык кеңешинин VII чакырылышынын кезектеги ХI
сессиясы
Достук айылынын атын    “Суу - Бою – Карабак” айылы деп өзгөртүү жөнүндө
 
Кара-Бак айыл өкмөтүнүн Достук айылынын жашоочуларынын арызын жана мыйзамуулук боюнча комиссиясынын чечимин угуп,  жана талкуулап, Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” мыйзамына ылайык Кара-Бак айылдык кеңеши
 
ТОКТОМ  КЫЛАТ
 
1. Кара-Бак айыл өкмөтүнүн “Достук” айылынын  атын  “Суу - Бою – Карабак” деп өзгөртүүгө  макулдук берилсин.
 
2.Ушул токтом 2022-жылдагы «Эл жана турак жай фондун каттоо” аяктагандан кийин күчүнө кирсин.  
 
3. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы,  Кара-Бак айылдык кеңешинин Мыйзамдуулук боюнча туруктуу комиссиясынын төрагасына тапшырылсын.
 
 
Айылдык кеңештин төрайымы                                  Ж.Шадиманова
 
 

ТОКТОМ №4
 
Кара-Бак айылы                                                           
2022-жылдын 9-февралы 
                                                              
 
Кара-Бак айылдык кеңешинин VII чакырылышынын кезектеги ХI
сессиясы
Достук айылындагы көчөлөрдүн атын өзгөртүүгө макулдук берүү жөнүндө
 
Кара-Бак айыл өкмөтүнүн Достук айылынын жашоочуларынын арызын жана мыйзамуулук боюнча комиссиясынын чечимин угуп,  жана талкуулап, Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” мыйзамына ылайык Кара-Бак айылдык кеңеши
 
ТОКТОМ  КЫЛАТ
 
1. Кара-Бак айыл өкмөтүнүн Достук айылындагы:
Достук-3” көчө “Абдирайым казы” атындагы көчө,
“Достук” көчө “Молдо Нармат” атындагы көчө,
“Достук-1”  “Абдилла Ажы” атындагы көчө деп өзгөртүүгө макулдук берилсин.
 
2.Ушул токтом 2022-жылдагы «Эл жана турак жай фондун каттоо” аяктагандан кийин күчүнө кирсин.
3. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы,  Кара-Бак айылдык кеңешинин Мыйзамдуулук боюнча туруктуу комиссиясынын төрагасына тапшырылсын.
 
 
Айылдык кеңештин төрайымы                                     Ж.Шадиманова
 

ТОКТОМ №5
 
Кара-Бак айылы                                                           
2022-жылдын 9-февралы 
                                                              
 
Кара-Бак айылдык кеңешинин VII чакырылышынын кезектеги ХI
сессиясы
Кара-Бак  айыл аймагынын «Ардактуу атуулу» наамын ыйгаруу жөнүндө
 
Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” мыйзамына ылайык, Кара-Бак айылдык кеңешинин мыйзамдуулук комитетинин билдирүүсүн эске алып, угуп жана талкуулап Төлөнбаев Кыялбек Жоробаевичке Кара-Бак  айыл аймагынын «Ардактуу атуулу» наамын ыйгарууга   макулдук берүү максатында  Кара-Бак айылдык кеңеши
Токтом кылат 
1. Баткен облусунун жана Кара-Бак айыл аймагынын чек арасын коргоого кошкон зор салымы үчүн , КР Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин Чек ара кызматынын Баткен облусу боюнча башкармалыгынын башчысы Төлөнбаев Кыялбек Жоробаевичке               Кара-Бак  айыл аймагынын «Ардактуу атуулу» наамы ыйгарылсын.
2.Ушул токтомдун аткарылышын камсыз кылуу жагы Кара-Бак айыл өкмөтүнүн башчысына тапшырылсын.
2. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Кара-Бак айылдык кеңешинин төрагасынын орун басарына жүктөлсүн тапшырылсын.
 
 
 
Айылдык кеңештин төрайымы                                  Ж.Шадиманова
 

ТОКТОМ №6
 
Кара-Бак айылы                                                           
2022-жылдын 9-февралы 
                                                              
 
Кара-Бак айылдык кеңешинин VII чакырылышынын кезектеги ХI
сессиясы
Пайдаланып жүргөн жер аянттарын жеке менчикке бекитип берүүгө макулдук берүү жөнүндө
 
 
Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” мыйзамына ылайык, Кара-Бак өкмөтүнүн башчысынын билдирүүсүн угуп, талкуулап пайдаланып жүргөн жер аянттарын жеке менчикке бекитип берүүгө макулдук берүү максатында  Кара-Бак айылдык кеңеши
 
ТОКТОМ  КЫЛАТ:
1.Кара-Бак айыл өкмөтүнүн аймагындагы төмөнкү тургундардын:
 
1.Ташимбетова Ырысбүбү   
2.Рахмонова Гулимхон
3.Нурматов Давуд Дусматович
4.Абдураимова Шарапат
5.Жолдошова Канышай
6.Чутанов Кимсанбой
7.Мамунов Уланбек
8.Эркебаева Сайдагүл
9.Кушмуродов Жавлонбек
10.Шарапова Уулжан
11.Абдраймова Кансылуу
12.Эргешова Үмүткан
 13.Иркабаева Садатхон
14.Момунова Ихболхон
15.Кенжебаева Жаңылай

 
мурдатан бери турак-жай салып  пайдаланып келген жер аянттарын мыйзам чегинде жеке менчикке бекитип берүүгө макулдук берилсин.
2. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы,  Кара-Бак айылдык кеңешинин жер маселелери боюнча туруктуу комиссиясынын төрагасы З.Осмоновго тапшырылсын.
 
 
Айылдык кеңештин төрайымы                                     Ж.Шадиманова
 

 

ТОКТОМ №7
 
Кара-Бак айылы                                                           
2022-жылдын 9-февралы 
                                                              
 
Кара-Бак айылдык кеңешинин VII чакырылышынын кезектеги ХI
сессиясы
Үй-бүлөлүк даарыгерлер тобуна – 2,0 га жер аянтын, ал эми Стадион жана көк бөрү ат-майданын куруу үчүн 3,0 га жер аянтын бөлүп берүүгө макулдук жөнүндө
Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” мыйзамына ылайык, Кара-Бак өкмөтүнүн башчысынын билдирүүсүн угуп, талкуулап   Кара-Бак айылдык кеңеши
 
ТОКТОМ  КЫЛАТ:
 1.Кара-Бак айылылынын Курук-Сай участкасынан социалдык объектилерге ташталган жер аянтынан Үй-бүлөлүк даарыгерлер тобуна – 2,0 га жер аянтын, ал эми Стадион жана көк бөрү ат-майданын куруу үчүн 3,0 га жер аянтын бөлүп берүүгө макулдук берилсин.
 
2. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы,  Кара-Бак айылдык кеңешинин жер маселелери боюнча туруктуу комиссиясынын төрагасы З.Осмоновго тапшырылсын.
 
 
Айылдык кеңештин төрайымы                                  Ж.Шадиманова
 

ТОКТОМ №8
 
Кара-Бак айылы                                                           
2022-жылдын 9-февралы 
                                                              
 
Кара-Бак айылдык кеңешинин VII чакырылышынын кезектеги ХI
сессиясы
Жер аянтын трансформациялоого макулдук берүү жөнүндө
 
 
Кыргыз Республикасынын 2013-жылдын 15-июль айындагы                        № 145  "Жерлерди которуу ( трансформациялоо) жөнүндөгү" мыйзамын, Кыргыз Республикасынын Жер Кодексинин 13-беренесинин жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2014-жылдын 19-мартындагы № 169 сандуу токтомун жетекчиликке алып, Кара-Бак айыл өкмөтүнүн сунушунун негизинде  жер аянтын которуу(трансформациялоо)  максатында Кара-Бак айылдык кеңеши
Токтом кылат 
1. Кара-Бак айыл өкмөтүнүн Алты-Адыр участкасынан 2,0 га жайыт жер аянтына тоок ферма куруу үчүн “Айыл чарба багытындагы жерлер” категориясынан “Өнөр жайынын, транспорттун, байланыштын, энергетиканын, коргонуунун жерлери жана башка багыттагы жерлер” категориясына которууга макулдук берилсин.
2. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Кара-Бак айылдык кеңешинин жер маселелери боюнча туруктуу комиссиянын төрагасына тапшырылсын.
 
 
 
Айылдык кеңештин төрайымы                                     Ж.Шадиманова
 

ТОКТОМ №9
 
Кара-Бак айылы                                                           
2022-жылдын 9-февралы 
                                                              
 
Кара-Бак айылдык кеңешинин VII чакырылышынын кезектеги ХI
сессиясы

Аукцион аркылуу убактылуу жеңил типтеги даарыкана курууга сатылуучу жер аянтынын баштапкы баасын белгилөө жөнүндө
 
Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” мыйзамына ылайык, Кара-Бак айылдык кеңешинин жер комитетинин төрагасы З.Осмоновтун билдирүүсүн эске алып, угуп жана талкуулап  №6        Үй-бүлөлүк дарыгерлер тобуну жайгашкан жер аянтынын ичинен жнл типтеги  дарыкана курууга убактылуу пайдаланууга жер берүүгө баштапкы баасын белгилөө  максатында  Кара-Бак айылдык кеңеши
 
ТОКТОМ  КЫЛАТ:
1.№6 ҮДТ жайгашкан жер участогуна жеңил типтеги даарыкана куруу үчүн убактылуу пайдаланууга берилүүчү 50 м2  жер аянтын  аукцион аркылуу сатууга баштапкы баасы 1 жылга  1200 сомго баалансын.
2. Ушул токтомдун негизинде жер аянтын мыйзам чегинде аукцион аркылуу убактылуу пайдаланууга мыйзам чегинде берүү жагы айыл өкмөтүнө тапшырылсын.
3. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы,  Кара-Бак айылдык кеңешинин жер маселелери боюнча туруктуу комиссиясынын төрагасы З.Осмоновго тапшырылсын.
 
 
Айылдык кеңештин төрайымы                                     Ж.Шадиманова

 

ТОКТОМ №10
 
Кара-Бак айылы                                                           
2022-жылдын 9-февралы 
                                                              
 
Кара-Бак айылдык кеңешинин VII чакырылышынын кезектеги ХI
сессиясы

Айылдык      кеңештин     2022-жылга карата иш планын бекитүү жөнүндө
 
 
Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” мыйзамына ылайык, Кара-Бак айылдык кеңешинин төрайымы Ж.Шадиманованын билдирүүсүн угуп талкуулап айылдык кеңештин      2022-жылга карата иш планын бекитүү максатында Кара-Бак айылдык кеңеши
 
 
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1.Кара-Бак айылдык кеңешинин 2022-жылга түзүлгөн иш планы бекитилсин (2 барак тиркеме тиркелет).
2. Ушул иш пландын негизинде иш алып баруу айылдык кеңештин туруктуу комиссияларына тапшырылсын.
3. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө айылдык кеңештин төрагасынын орун басары Ж.Тулановго жүктөлсүн.
 
 
Айылдык кеңештин төрайымы                                  Ж.Шадиманова

Бекитеми:                  
Кара-Бак айылдык кеңешинин
төрайымы ______________ Ж.Шадиманова
“____” _______________ 2022-жыл
 
 
Кара-Бак айылдык кеңешинин 2022-жыл ичинде аткарыла турган 
ИШ ПЛАНЫ
 
Иш чаранын аталышы Аткаруу мөөнөтү Аткарууга жооптуулар Аткарыла тургандыгы жөнүндө  маалымат
1 Жыл ичинде аткарылуучу иш чаранын планын түзү жана бекитүү Январь Төрайым  
2 Коомдук угууларды өткөрүү. Жыл башында бюджетти бекитүү. Сессия өткөрүү Февраль Финансы комитети  
3 Элден түшкөн арыздар менен иштөө. Сессияга даярдоо. Февраль Соц. маселелер боюнча туруктуу комиссия  
4 Жазга даярдык. Сугат суу таза суу системасын көзөмөлдөө Март Мыйзамдуулук боюнча туруктуу комиссия, тиешелүү мекемелердин жетекчилери  
5 Инвестициялык долбоорлор менен иштөө,  Тиешелүү министрликке жана ишканаларга кайрылуу. Март Инвестиция боюнча туруктуу комиссия  
  Элден түшкөн арыздар менен иштөө.
Кылмыштуулуктун алдын алуу.
Апрель Мектеп жамааты. Участкалык бөлүм. Өспүрүмдөр менен иштөө  
6 Бала-Бакчалардын 2022-жылга карата тамак ашын жана санитардык абал-тазалыктарын көзөмөлдөө Май Жаштар комитети, туруктуу комиссия  
7 Мектептердин 2022-жылга карата  кышка даярдык тамак-ашын, санитардык абал-тазалыктарын көзөмөлдөө Октябрь Соц.  жана финансы маселелер боюнча туруктуу комиссия  
8 Аксакалдар кеңеши жана аялдар кеңеши менен иш алып баруу. Октябрь Аксакалдар соту Мыйзамдуулук боюнча туруктуу комиссия  
9 Кара-Бак айыл өкмөтүнүн 9 айлык отчётун угуу.
Жер маселелери боюнча арыздарды кароо
Сентябрь Мыйзамдуулук жана жер маселелери боюнча туруктуу комиссия  
10 Жаңы-жылга карата бюджеттин долбоорун каароо. Талкулоо, сунуш киргизүү, бекитүү. Ноябрь Финансы маселелер боюнча туруктуу комиссия  
11 Кара-Бак айыл өкмөтүнүн, айыл башчылардын – жыл ичинде аткарган иштеринин отчётун угуу. Декабрь Ишкана жетекчилери.
Өкмөт башчы.
Айыл башчылар
 
12 Жыл ичинде комитет башчыларынын аткарган иштеринин отчёту, чыгарылган чечимдердин аткарылышын көзөмөлдөө Декабрь Комитет башчылар Төраганын орун басары  
       
 
 
 

ТОКТОМ №11
 
Кара-Бак айылы                                                           
2022-жылдын 9-февралы 
                                                              
 
Кара-Бак айылдык кеңешинин VII чакырылышынын кезектеги ХI
сессиясы

Кара-Бак айылдык кеңешинин туруктуу комиссиясынын курамын өзгөртүү толуктоо менен бекитүү жөнүндө
 
 
Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” мыйзамына ылайык, Кара-Бак айылдык кеңешинин туруктуу комиссиясынын курамын өзгөртүү толуктоо менен бекитүү максатында Кара-Бак айылдык кеңеши
 
ТОКТОМ  КЫ ЛАТ:
1. Кара-Бак айылдык кеңешинин туруктуу комиссиясынын курамын өзгөртүү толуктоо менен бекитилсин  (1 барак тиркеме тиркелет).
2. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы,  Кара-Бак айылдык кеңешинин төрагасынын орун басары Ж.Тулановго тапшырылсын.
 
 
Айылдык кеңештин төрайымы                                     Ж.Шадиманова
 
 
Кара-Бак айыл аймагынын айылдык                 Кеңешинин 
2022-жылдын  9-февралындагы
№11 токтомуна тиркеме
 
Кара-Бак айыл аймагынын айылдык Кеңешинин  туруктуу комиссиясынын курамы
1. Экономика-финансы, бюджет, салык маселелери боюнча  туруктуу комиссиясынын курамы:
  1. Султанов Рахманали – төрага
  2. Имаралиева Дурия
  3. Абдиев Азамат
  4. Тупчилов Касым
  1. Убаев Суйунбай
  2. Жапар уулу Айбек
  3. Исаков Айбек
 
2. Социалдык-маданий, байланыш жана комуналдык чарба менен иштөө боюнча туруктуу комиссиянын курамы:
  1. Абдисаламова Кансулуу - төрайым
  2. Пайзуллаева Омина
  3. Эгемберди кызы Гуласал
  4. Жамалова Бурмагул
  5. Садирова Гулжамал
3. Мыйзамдуулук, укук тартибин чындоо, этика, комдук, саясий жана  мамлекеттик эмес уюмдар менен иштөө  боюнча туруктуу комиссиянын курамы:
  1. Марахимов Таирбек - төрага
  2. Алтынбек уулу Адилет
  3. Нишанбаева Айжамал
  4. Эргешова Гулайым
  5. Акматалиев Файзулла
4. Транспорт, курулуш, өнөрр жай, суу чарбасы жана жер маселелери  боюнча туруктуу комиссиянын курамы:
  1. Осмонов Замирбек - төрага
  2. Дилишатов Акылбек
  3. Казыбеков Азимбай
  4. Надирова Мастира
  5. Суюнов Мамрасул
  6. Жээнбекова Абазхан
  7. Каримов Болотбек
 
  5. Инвестициялар боюнча туруктуу комиссиянын курамы:
  1. Темиркулов Мундузбек — терага
  2. Сапаров Данияр
  3. Абдиллаева Рахат
  4. Сапарова Гулзат
  5. Джолматов Равшанбек
 

 

ТОКТОМ №12
 
Кара-Бак айылы                                                           
2022-жылдын 9-февралы 
                                                              
 
Кара-Бак айылдык кеңешинин VII чакырылышынын кезектеги ХI
сессиясы 
Кызыл-Бел айылындагы Кызыл-Конуш ИСКАКБ боюнча арызды кароо жөнүндө
 
Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” мыйзамына ылайык, Кара-Бак айылдык кеңешинин финансы комитетинин чечимин эске алып, угуп жана талкуулап Баткен районунун Кызыл-Бел айылындагы Кызыл-Конуш ИСКАКБнын ишмердүүлүгү жөнүндө  Кара-Бак айылдык кеңеши
 
ТОКТОМ  КЫЛАТ:
1.Кызыл-Бел айылынын келечек кварталынын тургундары бир жылга таза суу акысы төлөөдөн бошотуу жагы Кызыл-Конуш ИСКАКБна сунушталсын.
2.Кызыл-Бел айылындагы Кызыл-Конуш ИСКАКБ кайрадан ин ивентаризациялансын.
3.Кызыл-Бел айылынын таза суу тарифи ар бир жанга 1 айлык таза суу акысы 13 сомго бекитилсин.
4.Кызыл-Конуш ИСКАКБ ревизиялык комисииясын түзүп мындан ары ар жыл сайын элге отчёт берип турсун.
5.Токтомду аткарылышын көзөмөлдөө Кара-Бак айылдык кеңешинин финансы комитетине жүктөлсүн
 
 
Айылдык кеңештин төрайымы                                     Ж.Шадиманова
 
 

ТОКТОМ №13
 
Кара-Бак айылы                                                           
2022-жылдын 9-февралы 
                                                              
 
Кара-Бак айылдык кеңешинин VII чакырылышынын кезектеги ХI
сессиясы

Кара-Бак айыл өкмөтүнүн  2022-жылга карата бюджетинин бекитүү жөнүндө
 
Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” мыйзамына ылайык, Кара-Бак айыл өкмөтүнүн ФЭБ башчысы С.Курбановтун билдирүүсүн эске алып, угуп жана талкуулап Кара-Бак айыл өкмөтүнүн  бюджетинин 2020-жылга карата аткарылышы, 2022-жылга карата бюджетинин, жана 2023-2024-жылдарга болжолдуу бекитүү максатында  Кара-Бак айылдык кеңеши
 
ТОКТОМ КЫЛАТ:
 
1.Кара-Бак айыл өкмөтүнүн 2021-жылга карата такталган бюджетинин планы 26077,2 миң сомго, аткарылышы факт 28055,4 миң сом суммасында 107,6 % га же болбосо 1978,2 миң сомго ашыкча аткарылгандыгы бекитилсин.
2.Кара-Бак айыл өкмөтүнүн 2022-жылга карата жергиликтүү бюджетинин киреше бөлүгү 23308,1 миң сом жана чыгаша бөлүгү 23308,1 миң сом суммасында бекитилсин.
3.Кара-Бак айыл өкмөтүнүн 2023-жылга карата болжолдуу бюджетинин жалпы киреше бөлүгү 22153,7 миң сом жана чыгаша бөлүгү 22153,7 миң сом суммасында бекитилсин.
 4.Кара-Бак айыл өкмөтүнүн, 2024-жылга карата болжолдуу бюджетинин жалпы киреше бөлүгү 22312,7 миң сом жана чыгаша бөлүгү 22312,7 миң сом суммасында бекитилсин.
5. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы бюджет боюнча туруктуу комиссиянын төрагасына милдеттендирилсин
 
Айылдык кеңештин төрайымы                                     Ж.Шадиманова