Токтомдор

Кара-Бак айылдык кеңешинин VII чакырылышынын кезексиз XX Сессиясы

ТОКТОМ №1

Кара-Бак айылы                                                          2022-жылдын  26-январы               
       Кара-Бак айылдык кеңешинин VII чакырылышынын кезексиз XX Сессиясы
Социалдык шаарча куруу үчүн жер участогун ажыратып берүү жөнүндө.
 
Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” мыйзамына ылайык, Кара-Бак айылдык кеңешинин жер маселелери боюнча комитетинин билдирүүсүн эске алып, угуп жана талкуулап, Кара-Бак айыл өкмөтүнүн сунушунун  негизинде Алты-Адыр участкасынан жетим-жесирлерди жана мүмкүнчүлүгү чектелген жарандарды турак жай жана жумуш менен камсыз кылуу максатында социалдык шаарча куруу үчүн 
 
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кара-Бак айыл өкмөтүнүн Алты-Адыр участкасынан генералдык план боюнча 14,48 га жер аянтына  социалдык шаарча куруу үчүн «Халича» коомдук фондусуна жер участоктору ажыратылып берилсин.
Анын ичинен:
1. Административдик имарат куруу үчүн - 0,40 га;
2. Социалдык турак үй куруу үчүн - 8,20 га;
3. Мончо куруу үчүн 0,14 га;
4. ФАП жана аптека куруу үчүн 0,085 га;
5. Тигүү цехи 0,15 га;
6. Кондитердик цех 0,06 га;
7. Мектеп жана спорт зал куруу 2,40 га;
8. Бала бакча куруу 0,93 га;
9. Мечит, медресе жана иптар өткөрүүчү каана 0,64 га;
10. Автоунаа оңдоочү, жуучу жана май алмаштыруучу жай 0,18 га;
11. Өрт өчүрүү имараттары 0,29 га;
12. Тоголок жетимдерге турак үй куруу үчүн 1,0 га.
2. Тиешелүү болгон документтерди даярдап берүү жана жерге болгон укугун каттоо жагы «Кадастр» мамлекеттик мекемесинин Баткен филиалынан жана Баткен регионалдык шаар куруу жана архитектура башкармалыгынын башчысынан суралсын.
3. Халича коомдук фондусу тарабынан имараттар курулуп бүтүп ишке берилгенден кийин толугу менен айыл өкмөтүнүн муниципалдык менчигинин реестирине катоо жагы айыл өкмөтүнө жүктөлсүн.
4. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Кара-Бак айылдык кеңешинин жер маселелери боюнча туруктуу комиссиясынын төрагасы З.Осмоновго тапшырылсын.
 
Айылдык кеңештин төрайымы:                                    Ж.Шадиманова

ТОКТОМ №2
Кара-Бак айылы                                                          2022-жылдын  26-январы               
       Кара-Бак айылдык кеңешинин VII чакырылышынын кезексиз XX Сессиясы
Алты-Адыр участкасынын аймагынан жер аянтын трансформациялоого макулдук берүү жөнүндө
 
           Кыргыз Республикасынын 2013-жылдын 15-июль айындагы    145  "Жерлерди которуу ( трансформациялоо) жөнүндөгү" мыйзамын, Кыргыз Республикасынын Жер Кодексинин 13-беренесинин жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2014-жылдын 19-мартындагы № 169 сандуу токтомун жетекчиликке алып, калкты жеке менчик турак-жай менен камсыздоо максатында жер аянтын которууга макулдук берүү үчүн          Кара-Бак айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кара-Бак айыл өкмөтүнүн Алты-Адыр участкасынын №651 -контурундагы 92,9 га, №654-контурундагы 57,3 га, №655-контурундагы 86,9 га жер аянттары таштуу жайыт жерлер жана №652контурундагы 2,7 га, №65З-контурундагы 4,7 га, №656-контурундагы 16,5 га жер аянттары чополуу жайыт жерлер, жалпы аянты 261,0 га жер аянты жеке менчик турак-жай куруу үчүн “Айылчарба багытындагы жерлер” категориясынан “Калктуу коштун жерлери” категориясына которууга макулдук берилсин.
2. Жогоруда белгиленген жер аянтынын мындан аркы трансформациялоо иш кагаздарын даярдоо жагы Кара-Бак айыл өкмөтүнүн башчысына жүктөлсүн.
3.  Ушул  токтомдун  аткарылышын  көзөмөлдөө жагы Кара-Бак айылдык кеңешинин жер маселелери боюнча туруктуу комиссиянын төрагасына тапшырылсын. 
 
Айылдык кеңештин төрайымы                                   Ж.Шадиманова

ТОКТОМ №3
Кара-Бак айылы                                                          2022-жылдын  26-январы               
       Кара-Бак айылдык кеңешинин VII чакырылышынын кезексиз XX Сессиясы
Жер аянтын трансформациялоого макулдук берүү жөнүндө
 
           Кыргыз Республикасынын 2013-жылдын 15-июль айындагы    145  "Жерлерди которуу ( трансформациялоо) жөнүндөгү" мыйзамын, Кыргыз Республикасынын Жер Кодексинин 13-беренесинин жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2014-жылдын 19-мартындагы № 169 сандуу токтомун жетекчиликке алып, өндүрүш ишканаларды куруу үчүн жер аянтын которууга макулдук берүү  максатында Кара-Бак айылдык кеңеши
 
ТОКТОМ КЫЛАТ:
 
1Кара-Бак айыл өкмөтүнүн Алты-Адыр участкасынын №581-контурунда жайгашкан №1-участок 1,58 га жана №3-участок 0,45 га жер аянттары жайыт жерлер, №574-контурунда жайгашкан №2-участок 1,63 га жер аянты таштуу жайыт жерлер, жалпы аянты 3,66 га жер аянтын өндүрүш ишканаларын куруу үчүн “Айылчарба багытындагы жерлер” категориясынан “Өнөр жайынын, транспорттун, байланыштын, энергетиканын, коргонуунун жерлери жана башка багыттагы жерлер” категориясына которууга макулдук берилсин.
2. Жогоруда белгиленген жер аянтынын мындан аркы трансформациялоо иш кагаздарын даярдоо жагы Кара-Бак айыл өкмөтүнүн башчысына жүктөлсүн.
3.  Ушул  токтомдун  аткарылышын  көзөмөлдөө жагы Кара-Бак айылдык кеңешинин жер маселелери боюнча туруктуу комиссиянын төрагасына тапшырылсын. 
 
Айылдык кеңештин төрайымы                                   Ж.Шадиманова

ТОКТОМ №4
Кара-Бак айылы                                                          2022-жылдын  26-январы               
       Кара-Бак айылдык кеңешинин VII чакырылышынын кезексиз XX Сессиясы
 
Жер аянтын трансформациялоого макулдук берүү жөнүндө
 
           Кыргыз Республикасынын 2013-жылдын 15-июль айындагы    145  "Жерлерди которуу ( трансформациялоо) жөнүндөгү" мыйзамын, Кыргыз Республикасынын Жер Кодексинин 13-беренесинин жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2014-жылдын 19-мартындагы № 169 сандуу токтомун жетекчиликке алып, өндүрүш ишканаларды куруу үчүн жер аянтын которууга макулдук берүү    максатында Кара-Бак айылдык кеңеши
Токтом кылат
 
1. Кара-Бак айыл өкмөтүнүн Алты-Адыр участкасынын №683-контурунда жайгашкан 5,29 га жер аянты таштуу жайыт жер, №685-контурунда жайгашкан 1,43 га жер аянты таштуу жайыт жерлер, жалпы аянты 6,72 га жер аянтын өндүрүш ишканаларын куруу үчүн “Айыл чарба багытындагы жерлер” категориясынан “Өнөр жайынын, транспорттун, байланыштын, энергетиканын, коргонуунун жерлери жана башка багыттагы жерлер” категориясына которууга макулдук берилсин.