Токтомдор

Кара-Бак айылдык кеңешинин VI чакырылышынын кезектеги X сессиясы

 
ТОКТОМ № 66
 
 
Кара-Бак айылы                                                2020 жылдын 30-декабры                                                                     
 
 
Кара-Бак айылдык кеңешинин VI чакырылышынын кезектеги X сессиясы
 
 
 
Кара-Бак айыл өкмөтүнүн жылдык отчетун кароо  жөнүндө
 
Кара-Бак айыл өкмөтүнүн 2020-жылдын жыл ичинде аткарган иштерин угуп жана талкуулап   Кара-Бак айылдык кенеши
 
ТОКТОМ КЫЛАТ:
 
1. Кара-Бак айыл өкмөтүнүн 2020-жылдын жыл ичиндеги аткарган иштери айрым кемчиликтер менен канааттандыраарлык деп табылсын.
2. Туура эмес маалымат берген айыл өкмөтүнүн кызматкерлерине чара көрүү жагы айыл өкмөтүнө сунушталсын.
3. Аталган кемчиликтерди жоюу жагы  айыл өкмөткө милдеттендирилсин.
4.Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык кенешинин төрагасынын орун басарына тапшырылсын.
 
 
Кенешинин төрагасы                                                          А.Айдаров
 
 
ТОКТОМ № 67
 
Кара-Бак айылы                                                       2020 жылдын 30-декабры                                                                 
Кара-Бак айылдык кеңешинин VI чакырылышынын кезектеги X сессиясы
 
Кара-Бак айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн 2021-жылдагы бюджетин жана 2022-2023-жылдарга бюджетинин божомолдорун бекитүү жөнүндө
 
Кара-Бак айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн финансы-экономика бөлүмүнүн башчысы С.Курбановдун Кара-Бак айыл өкмөтүнүн                           2020-жылдагы бюджетинин аткарылышы жана 2021-жылга  түзүлгөн бюджеттин сметасы боюнча даярдалган маалыматын угуп жана талкуулап,  Кара-Бак айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кара-Бак айыл өкмөтүнүн 2021-жылдагы жергиликтүү бюджеттин жалпы киреше бөлүгү 23249,7 миң сомго, ал эми чыгаша бөлүгүнүн аткарылышы 23249,7 миң сомго бекитилсин.
Анын ичинен жергиликтүү бюджеттин киреше бөлүгү 11322,7 миң сом суммасында бекитилсин. Ал эми республикалык бюджеттен түшүүчү теңдөөчү гранттын суммасы 11927,0 миң сомго бекитилсин.
2. Кара-Бак айыл өкмөтүнүн 2023-жылга жергиликтүү бюджетинин жалпы божомол боюнча киреше бөлүгү 24145,2 миң сом, ал эми чыгашалар бөлүгү 24145,2 миң сомго бекитилсин.
3. Кара-Бак айыл өкмөтүнүн 2022-жылга жергиликтүү бюджетинин жалпы божомол боюнча киреше бөлүгү 23820,6 миң сом, ал эми чыгашалар бөлүгү 23820,6 миң сомго бекитилсин.
4. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Бюджет боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.    
5. Ушул токтомдун аткарылышын камсыз кылуу жагы айыл өкмөтүнүн финансы жана экономика бөлүмүнүн башчысы С.Курбановко милдеттендирилсин.
 
Кенештин төрагасы                                                           А.Айдаров
 

 
ТОКТОМ № 68
 
 
Кара-Бак айылы                                                 2020 жылдын 30-декабры                                                                      
 
 
Кара-Бак айылдык кеңешинин VI чакырылышынын кезектеги X сессиясы
 
 
Жайыт жерлерди башка багытка пайдалануу  жөнүндө
 
Кара-Бак айылынын тургуну Тойчуев Токтогулдун Алты-Адыр участогунун №683-контурундагы 10,0 га жайыт жер аянтын бак өстүрүүгө токтом чыгарып берүү боюнча жазган арызын канаттардыруу максатында  Кара-Бак айылдык кеңеши
 
ТОКТОМ КЫЛАТ:
 
1. Кара-Бак айылынын тургуну Тойчуев Токтогулдун Алты-Адыр участогунун №683-контурундагы 10,0 га жайыт жер аянтын бак өстүрүүгө токтом чыгарып берүү боюнча жазган арызын канаттардыруу максатында башка багытка өзгөртүүгө макулдук берилсин.
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы жер маселелери боюнча туруктуу комиссиянын төрагасына милдеттендирилсин.
 
 
 
Кеңештин төрагасы                                                            А.Айдаров
 

 
ТОКТОМ № 69
 
 
Кара-Бак айылы                                                 2020 жылдын 30-декабры                                                                                
 
Кара-Бак айылдык кеңешинин VI чакырылышынын кезектеги X
сессиясы
 
Жайыт жерлерди башка багытта пайдалангандыгы үчүн тарифин бекитүү жөнүндө
 
 
КРнын Жер кодексинин 18-беренесинин 7-бөлүмчөсүн, Жайыт мыйзамынын 10-беренесинин 5-бөлүмчөсүн жетекчиликке алып, жайыттын аянт бирдигине, инфраструктурасына, ошондой эле продуктуулугуна жана алыс жайгашкандыгына карата оптималдуу ишти эске алуу менен жайыттарды башка максаттарда пайдаланганы үчүн акы төлөөнүн өлчөмүн белгилөө максатында Кара-Бак айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Жайыттарды башка максаттарда пайдалануу тууралуу келишимдердин негизинде жүзөгө ашырылсын.
2. Жайыттарды башка максаттарда пайдаланганы үчүн акы төлөө төмөнкүдөй аныкталат:
- иши жайыт кыртышын бузууга алып келген участоктордо - Мыйзамдарда белгиленген айыл чарба өндүрүшүнүн жоготууларынын ордун толтуруунун наркынын ченемдерине ылайык жакынкы жайыттар бир гектарына 1500 сом;
- иши мал жаюуну болтурбоочу, бирок жайыт кыртышын бузууга алып келбеген участоктордо  мал жаюу үчүн бул участокту пайдалануу үчүн акыга барабар өлчөмдө бир гектарына 100 сом;
- иши мал жаюуну алып салбаган жана жайыт кыртышы бузулбаган участоктордо төлөм алынбайт.
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы бюджет  маселелери боюнча туруктуу комиссиянын төрагасына милдеттендирилсин.
 
Кеңештин төрагасы                                                            А.Айдаров
 
 
ТОКТОМ № 70
 
 
Кара-Бак айылы                                                 2020 жылдын 30-декабры                                                                                
 
Кара-Бак айылдык кеңешинин VI чакырылышынын кезектеги X
сессиясы
 
Муниципалдык менчикке кабыл алуу жөнүндө
 
 
 
 Кызыл-Бел айылынын тургуну Ашуров Абдукадыр Шарифовичтин өз арызынын  негизинде  Кара-Бак айыл өкмөтү тарабынан 04.09.2002-жылы №9-123 сандуу токтому менен берилген 0,15 га жер аянтынан баш тарткандыгына байланыштуу  Кара-Бак айыл өкмөтүнүн муниципалдык менчигинин турак-жай фондуна кабыл алуу максатында Кара-Бак айылдык кеңеши  
 
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кызыл-Бел айылынын тургуну Ашуров Абдукадыр Шарифовичтин өз арызынын  негизинде  Кара-Бак айыл өкмөтү тарабынан 04.09.2002-жылы №9-123 сандуу токтому менен берилген 0,15 га жер аянтынан баш тарткандыгына байланыштуу    Кара-Бак айыл өкмөтүнүн муниципалдык менчигинин турак-жай фондуна кабыл алууга макулдук берилсин.
2. Тийиштүү болгон документтерди даярдоо жагы Кара-Бак айыл өкмөтүнө жүктөлсүн.
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Кара-Бак айылдык кеңешинин жер маселелери боюнча туруктуу комиссиянын төрагасына тапшырылсын.
 
 
Кенештин төрагасы                                                                  А.Айдаров

 
 
ТОКТОМ № 71
 
 
Кара-Бак айылы                                                 2020 жылдын 30-декабры                                                                               
 
Кара-Бак айылдык кеңешинин VI чакырылышынын кезектеги X
сессиясы
 
Муниципалдык менчикке кабыл алуу жөнүндө
 
 
 
 Кызыл-Бел айылынын тургуну Умаралиев Содикжон Сидиковичтин өз арызынын  негизинде  Кара-Бак айыл өкмөтү тарабынан 26.04.2001-жылы №4-57 сандуу токтому менен берилген 0,15 га жер аянтынан баш тарткандыгына байланыштуу  Кара-Бак айыл өкмөтүнүн муниципалдык менчигинин турак-жай фондуна кабыл алуу максатында Кара-Бак айылдык кеңеши  
 
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кызыл-Бел айылынын тургуну Умаралиев Содикжон Сидиковичтин өз арызынын  негизинде  Кара-Бак айыл өкмөтү тарабынан 26.04.2001-жылы №4-57 сандуу токтому менен берилген 0,15 га жер аянтынан баш тарткандыгына байланыштуу    Кара-Бак айыл өкмөтүнүн муниципалдык менчигинин турак-жай фондуна кабыл алууга макулдук берилсин.
2. Тийиштүү болгон документтерди даярдоо жагы Кара-Бак айыл өкмөтүнө жүктөлсүн.
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Кара-Бак айылдык кеңешинин жер маселелери боюнча туруктуу комиссиянын төрагасына тапшырылсын.
 
 
Кенештин төрагасы                                                                  А.Айдаров


 
ТОКТОМ № 72
 
 
Кара-Бак айылы                                                 2020 жылдын 30-декабры                                                                                
 
Кара-Бак айылдык кеңешинин VI чакырылышынын кезектеги X
сессиясы
 
Муниципалдык менчикке кабыл алуу жөнүндө
 
 
 
 Баткен шаарынын тургуну Исламов Абдурахман Шарафовичтин өз арызынын  негизинде  Кара-Бак айыл өкмөтү тарабынан 27.07.2003-жылы №6-130 сандуу токтому менен берилген 0,10 га жер аянтынан баш тарткандыгына байланыштуу  Кара-Бак айыл өкмөтүнүн муниципалдык менчигинин турак-жай фондуна кабыл алуу максатында Кара-Бак айылдык кеңеши  
 
Токтом кылат 
 
1. Баткен шаарынын тургуну Исламов Абдурахман Шарафовичтин өз арызынын  негизинде  Кара-Бак айыл өкмөтү тарабынан 27.07.2003-жылы №6-130 сандуу токтому менен берилген 0,10 га жер аянтынан баш тарткандыгына байланыштуу Кара-Бак айыл өкмөтүнүн муниципалдык менчигинин турак-жай фондуна кабыл алууга макулдук берилсин.
2. Тийиштүү болгон документтерди даярдоо жагы Кара-Бак айыл өкмөтүнө жүктөлсүн.
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Кара-Бак айылдык кеңешинин жер маселелери боюнча туруктуу комиссиянын төрагасына тапшырылсын.
 
 
Кенештин төрагасы                                                                  А.Айдаров
 
    
 
ТОКТОМ № 73
 
 
Кара-Бак айылы                                                 2020 жылдын 30-декабры                                                                                
 
Кара-Бак айылдык кеңешинин VI чакырылышынын кезектеги X
сессиясы
Достук  айылынын тургуну М.Нарматованын арызын кароо жөнүндө
 
 
 Достук айылынын тургуну М.Нарматованын өзүнүн жеке менчик    0,36 га жер участогун өзүнүн арызынын негизинде комерсиялык багытта пайдалануу үчүн “Калктуу конуштун жерлери” категориясынан “Өнөр жайынын, транспорттун, байланыштын, энергетиканын, коргонуунун жерлери жана башка жерлер” категориясына которуу максатында Кара-Бак айылдык кеңеши  
Токтом кылат 
 
1. Достук айылынын тургуну М.Нарматованын өзүнүн жеке менчик     8-01-09-1004-0116  идентификациялык кодундагы 0,12 га,  8-01-09-1004-0117  идентификациялык кодундагы 0,12 га, 8-01-09-1004-0118  идентификациялык кодундагы 0,12 га жер участокторун,  жалпы 0,36 жер аянтын комерсиялык багытта пайдалануу үчүн “Калктуу конуштун жерлери” категориясынан “Өнөр жайынын, транспорттун, байланыштын, энергетиканын, коргонуунун жерлери жана башка жерлер” категориясына  которууга макулдук берилсин.
2. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы жер маселелери боюнча туруктуу комиссиянын төрагасы А.Дилишатовго милдеттендирилсин.
 
 
Кенештин төрагасы                                                                  А.Айдаров
 

 
ТОКТОМ № 74
 
 
Кара-Бак айылы                                                 2020 жылдын 30-декабры                                                                                
 
Кара-Бак айылдык кеңешинин VI чакырылышынын кезектеги X
сессиясы
 
Кз зоналдык коэффициентинин маанисинин өлчөмүн белгилөө  жөнүндө
 
Кыргыз Республикасынын Салык Кодексине өзгөртүүлөрду киргизүү” жөнүндөгү Мыйзамынын №339 беренесинин негизинде калктуу конуштардын жерлерин жана айыл чарба багытында болбогон жердерди пайдалангандык үчүн жер салыгынын Кз зоналдык коэффициентин белгилөө максатында Кара-Бак айылдык кенешинин VI чакырылышынын кезектеги X сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кара-Бак айыл аймагындагы калктуу конуштардын жерлерин жана айыл чарба багытында болбогон жердерди пайдалангандык үчүн жер салыгынын Кз зоналдык коэффициентинин мааниси 0,4 пайыздык өлчөмүндө өзгөртүү киргизилсин. 
3. Токтомдун аткарылышын бюджет боюнча туруктуу комиссиянын төрагасына милдеттендирилсин.
 
 
 
 
 
Кенештин төрагасы                                                                  А.Айдаров
 
 
ТОКТОМ № 75
 
 
Кара-Бак айылы                                                 2020 жылдын 30-декабры                                                                                
 
Кара-Бак айылдык кеңешинин VI чакырылышынын кезектеги X
сессиясы
 
АВП Кызыл-Кыр ишканасынын 25% кредиттик кайтарымдын тарифин бекитуу жөнүндө
 
Кара-Бак айыл өкмөтүнө караштуу Кызыл-Кыр ишканасынын жетекчисинин билдирүүсүн эске алуу менен Кара-Бак айыл аймагына караштуу Кызыл-Бел айылынын 1150 га жер аянтына кирген ар бир сотых жер үчүн жарандардын 25%дык насыянын кайтарым төлөмүн Кыргыз Республикасынын жарандык кодексинин 299-беренесинин негизинде 108 сом өлчөмүндө бекитүү максатында Кара-Бак айылдык кеңешинин VI чакырылышынын кезектеги X сессиясы
 
ТОКТОМ КЫЛАТ:
  1. Кара-Бак айыл аймагына караштуу Кызыл-Бел айылынын 1150 га жер аянтына кирген ар бир сотых жер үчүн жарандардын 25%дык насыянын кайтарым төлөмүн Кыргыз Республикасынын жарандык кодексинин 299-беренесинин негизинде 108 сом өлчөмүндө бекитилсин.
  2. Тариф боюнча түшүндүрүү иштерин жүргүзүү жагы Кара-Бак айыл өкмөтүнө тапшырылсын.
  3.   Токтомду аткаруу жагы АВП Кызыл-Кыр ишканасынын жетекчисине милдеттендирилсин.
Кеңештин төрагасы                                                            А.Айдаров

 

 
ТОКТОМ № 76
Кара-Бак айылы                                                 2020 жылдын 30-декабры                                                                                
 
Кара-Бак айылдык кеңешинин VI чакырылышынын кезектеги X
сессиясы
 
Кара-Бак айыл өкмөтүнүн кызматтык унаасын баланстан чыгаруу жөнүндө
 
 
 
 ВАЗ 21214, идентификациялык номери ХТА 21214061807104, 0333АS номурлуу Нива автоунаасын Кара-Бак айыл өкмөтүнүн муниципалдык менчигинен чыгаруу жана аукциондун негизинде сатуу максатында Кара-Бак айылдык кеңеши  
 
Токтом кылат 
 
1. ВАЗ 21214, идентификациялык номери ХТА 21214061807104, 0333АS номурлуу Нива автоунаасын Кара-Бак айыл өкмөтүнүн муниципалдык менчигинен чыгарууга жана аукциондун негизинде сатууга макулдук берилсин.
2. Тийиштүү болгон документтерди даярдоо жагы Кара-Бак айыл өкмөтүнө жүктөлсүн.
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Кара-Бак айылдык кеңешинин бюджет маселелери боюнча туруктуу комиссиянын төрагасына тапшырылсын.
 
 
 
Кенештин төрагасы                                                                  А.Айдаров
 

 
ТОКТОМ № 77
Кара-Бак айылы                                                 2020 жылдын 30-декабры                                                                                
 
Кара-Бак айылдык кеңешинин VI чакырылышынын кезектеги X
сессиясы
 
Кара-Бак айыл өкмөтүнүн кызматтык унаасын баланска алуу жөнүндө
 
 
 
 ВАЗ 21214, идентификациялык номери ХТА 212140FU035609, 03KG260АВТ номурлуу Нива автоунаасын Кара-Бак айыл өкмөтүнүн муниципалдык менчигине алуу максатында Кара-Бак айылдык кеңеши  
 
Токтом кылат 
 
1. ВАЗ 21214, идентификациялык номери ХТА 212140FU035609, 03KG260АВТ номурлуу Нива автоунаасын Кара-Бак айыл өкмөтүнүн муниципалдык менчигине кабыл алууга макулдук берилсин.
2. Тийиштүү болгон документтерди даярдоо жагы Кара-Бак айыл өкмөтүнө жүктөлсүн.
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Кара-Бак айылдык кеңешинин бюджет маселелери боюнча туруктуу комиссиянын төрагасына тапшырылсын.
 
 
Кенештин төрагасы                                                                  А.Айдаров
 
 
 

 
ТОКТОМ № 78
Кара-Бак айылы                                                 2020 жылдын 30-декабры                                                                                
 
Кара-Бак айылдык кеңешинин VI чакырылышынын кезектеги X
сессиясы
 
Кара-Бак айыл өкмөтүнүн туруктуу жер комиссиясынын курамын бекитүү жөнүндө
 
 
 
 Кара-Бак айыл өкмөтүнө караштуу Алты-Адыр участкасындагы жерди бөлүштүрүү боюнча туруктуу жер комиссиясынын курамын бекитүү максатында Кара-Бак айылдык кеңеши  
 
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кара-Бак айыл өкмөтүнө караштуу Алты-Адыр участкасындагы жерди бөлүштүрүү боюнча туруктуу жер комиссиясынын курамы төмөнкүдөй курамда бекитилсин:
Айылдык кеңештин депутаттары
  1. Мапаев Ш.
  2. Дилишатов А.
  3. Бердибаев К.
  4. Ноорузов Н.
  5. Козуев Э.
  6. Нажимидинов К.
  7. Тойчуев Т.
  8. Надирова Ж.
  9. Жалилов Ө.
  10. Темиркулов Ж.
  11. Каламбеков К.
  12. Саидов Ш.
  13. Тайлаков М.
Айыл өкмөтүнүн аппарат кызматкерлери
  1. Матурайымов Т.
  2. Амиракулов К.
  3. Садыков К.
  4. Орунбаев О.
  5. Пиржанов К.
  6. Жарматов Ш.
  7. Пайзуллаева О.
  8. Абдиманап у У.
  9. Нажимидинов Ө.
  10. Каламбеков Т.
  11. Райымов Д.
  12. Калматов Ж.
  13. Маатов А.
2. Тийиштүү болгон документтерди даярдоо жагы Кара-Бак айыл өкмөтүнө жүктөлсүн.
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Кара-Бак айылдык кеңешинин жер маселелери боюнча туруктуу комиссиянын төрагасына тапшырылсын.
 
 
Кенештин төрагасы                                                                  А.Айдаров