Токтомдор

Кара-Бак айылдык кеңешинин VI чакырылышынын кезектеги ХII сессиясы

 
ТОКТОМ № 8
 
  Кара-Бак айылы                                                       2021- жылдын 10-апрели                           
 
Кара-Бак айылдык кеңешинин VI чакырылышынын кезектеги ХII
сессиясы
 
 
Кара-Бак айыл өкмөтүнүн   Алты-Адыр участкасындагы калктуу конушка которулган 300,0 га  жер аянтынын башкы планын бекитүүгө макулдук берүү жөнүндө
 
Кара-Бак айыл өкмөтүнүн   Алты-Адыр участкасындагы калктуу конушка которулган 300,0 га  жер аянтына иштелип чыккан башкы планын карап чыгып, талкуулап  Кара-Бак айылдык кенешинин VI чакырылышынын кезектеги ХI сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
         1. Кара-Бак айыл өкмөтүнүн   Алты-Адыр участкасындагы калктуу конушка которулган 300,0 га  жер аянтына иштелип чыккан башкы планы бекитилсин.
2.Иш кагаздарын бүтүрүп мыйзам негизинде комиссияда карап жер аянттарын бөлүп берүү  жагы Кара-Бак айыл өкмөтүнө тапшырылсын.
     3.Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы жер маселери боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
 
 
Кенештин төрагасы                                                    А.Айдаров
 
 
ТОКТОМ № 9
 
  Кара-Бак айылы                                                         2021- жылдын 10-апрели                           
 
Кара-Бак айылдык кеңешинин VI чакырылышынын кезектеги ХII
сессиясы
 
 Кызыл-Бел айылынын тургуну Эркинова Айчүрөк Абдирашитовнанын арызын кароо жөнүндө. 
         
Кызыл-Бел айылынын тургуну Эркинова Айчүрөк Абдирашитовна Кызыл-Бел айылынын С.Амалов көчөсүндө жайгашкан мурдагы тамеки ферментация кылуучу цехтин жуунучу (душевой) бөлмөсүн 1995-жылдан бери пайдаланып жашап келгендигин жана А.А.Эркинованын II группадагы майыптыгын, №382 социалдык паспорт боюнча өтө жакыр жашаган үй-бүлө экендигин эске алып, курулуш турак жай багытындагы 0,08 жер аянтын өзүнө бекитип берүү максатында Кара-Бак айылдык кеңешинин VI чакырылышынын кезектеги  ХII сессиясы 
ТОКТОМ КЫЛАТ
1. Кызыл-Бел айылынын тургуну Эркинова Айчүрөк Абдирашитовна Кызыл-Бел айылынын С.Амалов көчөсүндө жайгашкан мурдагы тамеки ферментация кылуучу цехтин жуунучу (душевой) бөлмөсүн 1995-жылдан бери пайдаланып жашап келгендигин жана А.А.Эркинованын II группадагы майыптыгын, №382 социалдык паспорт боюнча өтө жакыр жашаган үй-бүлө экендигин эске алып, курулуш турак жай багытындагы 0,08 жер аянтын өзүнө бекитип берүүгө макулдук берилсин .
2. Тийиштүү иш кагаздарын даярдоо жагы Кара-Бак айыл  өкмөтүнүн жер адисине тапшырылсын.
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы жер маселери боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
 
 
Айылдык кеңештин төрагасы                                                    А.Айдаров

 
ТОКТОМ № 10
 
  Кара-Бак айылы                                                            2021- жылдын 10-апрели
 
 
Кара-Бак айылдык кеңешинин VI чакырылышынын кезектеги ХII
сессиясы
 
Чет-Кызыл айылынын тургуну Маматумаров Абдирашиттин арызын кароо жөнүндө.
            
Кара-Бак айыл өкмөтүнө караштуу Чет-Кызыл айылынын тургуну Маматумаров Абдирашит Чет-Кызыл айылынын тургундарынын сунушу менен мечит салуу үчүн Н.Суюнов көчөсүндөгү 8-01-09-1003-0052 идентификациялык кодундагы 0,15 га жер аянтын С.Ибраимов көчөсүндөгү 8-01-09-1003-0349 идентификациялык кодундагы 0,30 га жер аянтына багыттары менен алмашууга макулдук берүү максатында Кара-Бак айылдык кеңешинин VI чакырылышынын кезектеги  ХII сессиясы 
 
ТОКТОМ КЫЛАТ
1. Кара-Бак айыл өкмөтүнө караштуу Чет-Кызыл айылынын тургуну Маматумаров Абдирашит Чет-Кызыл айылынын тургундарынын сунушу менен мечит салуу үчүн Н.Суюнов көчөсүндөгү 8-01-09-1003-0052 идентификациялык кодундагы 0,15 га жер аянтын С.Ибраимов көчөсүндөгү 8-01-09-1003-0349 идентификациялык кодундагы 0,30 га жер аянтына багыттары менен алмашууга макулдук берилсин.
2. Кара-Бак айыл өкмөтү жана Маматумаров Абдирашиттин ортосунда алмашуу келишими түзүлсүн.
3. Ушул токтомду көзөмөлдөө жагы   Кара-Бак айыл аймагынын айылдык кенешинин жер маселери боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
 
 
Айылдык кеңештин төрагасы                                                    А.Айдаров
 ТОКТОМ № 11
 
 Кара-Бак айылы                                                          2021- жылдын 10-апрели                           
Кара-Бак айылдык кеңешинин VI чакырылышынын кезектеги ХII
сессиясы
 
Бай-Кара-Бак айылындагы калктуу конуштун башкы планында окуу борбору болуп көрсөтүлгөн жер аянтын жеке менчикке аукцион аркылуу сатууга  макулдук берүү жөнүндө. 
 
Бай-Кара-Бак айылындагы калктуу конуштун башкы планында окуу борбору болуп көрсөтүлгөн жер аянтын жеке менчикке аукцион аркылуу сатууга сунушту карап чыгып талкуулап макулдук   берүү максатында Кара-Бак айылдык кенешинин VI чакырылышынын кезектеги ХI сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Бай-Кара-Бак айылындагы калктуу конуштун башкы планында окуу борбору болуп көрсөтүлгөн 0,18 га жер аянтын жеке менчикке аукцион аркылуу сатууга сунушту карап чыгып талкуулап   макулдук берилсин.
2.Иш кагаздарын бүтүрүп мыйзам негизинде сатуу жагы Кара-Бак айыл өкмөтүнө тапшырылсын.
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы жер маселери боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
 
 
 
Кенештин төрагасы                                                    А.Айдаров
 
 
ТОКТОМ № 12
 
  Кара-Бак айылы                                                           2021- жылдын 10-апрели                                    
Кара-Бак айылдык кеңешинин VI чакырылышынын кезектеги ХII
сессиясы
 
Кара-Бак айыл өкмөтүнүн     Көк-Дөбө участкасындагы 0,70 га жер аянтын Кара-Бак айыл өкмөтүнүн муниципалдык менчигине алуу жөнүндө. 
         
Кара-Бак айыл өкмөтүнүн  Көк-Дөбө участкасындагы курулуш астындагы     0,70 га жер аянтын короо куруу үчүн Кара-Бак айыл өкмөтүнүн муниципалдык менчигине алууга макулдук берүү максатында Кара-Бак айылдык кеңешинин VI чакырылышынын кезектеги  ХI сессиясы 
 
ТОКТОМ КЫЛАТ
1. Кара-Бак айыл өкмөтүнүн  Көк-Дөбө участкасындагы курулуш астындагы 0,70 га жер аянтын короо куруу үчүн Кара-Бак айыл өкмөтүнүн муниципалдык менчигине алууга макулдук берилсин .
 
2. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы жер маселери боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
 
 
 
Кенештин төрагасы                                                    А.Айдаров
 
 
ТОКТОМ № 13
 
              Кара-Бак айылы                                                 2021- жылдын 10-апрели                                   
 
Кара-Бак айылдык кеңешинин VI чакырылышынын кезектеги ХII
сессиясы
 
 
Кара-Бак айыл өкмөтүнүн     Тизгин-Өтөк участкасындагы 0,80 га жер аянтын Кара-Бак айыл өкмөтүнүн муниципалдык менчигине алуу жөнүндө. 
         
Кара-Бак айыл өкмөтүнүн  Тизгин-Өтөк участкасындагы курулуш астындагы     0,80 га жер аянтын короо куруу үчүн Кара-Бак айыл өкмөтүнүн муниципалдык менчигине алууга макулдук берүү максатында Кара-Бак айылдык кеңешинин VI чакырылышынын кезектеги  ХI сессиясы 
 
ТОКТОМ КЫЛАТ
1. Кара-Бак айыл өкмөтүнүн  Тизгин-Өтөк участкасындагы курулуш астындагы 0,80 га жер аянтын короо куруу үчүн Кара-Бак айыл өкмөтүнүн муниципалдык менчигине алууга макулдук берилсин .
 
2. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы жер маселери боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
 
 
 
Кенештин төрагасы                                                           А.Айдаров
 
ТОКТОМ № 14
 
  Кара-Бак айылы                                                            2021- жылдын 10-апрели
 
 
Кара-Бак айылдык кеңешинин VI чакырылышынын кезектеги ХII
сессиясы
 
 
Кара-Бак айыл аймагынын айылдык кенешинин депутаттарынын сунушун кароо жөнүндө.
            
“Ас-Сафа Борбору” Кайрымдуулук фондунун негиздөөчүсү Мухаммад Абдурахман Аль-Шайя, төрагасы Каландаров Ахматжан Инамжановичке жана аталган фонддун Баткен облусундагы координатору Исаев Абдикасыт Абдулакимовичке  Кара-Бак айыл аймагына кощкон салымдары үчүн Кара-Бак айылдык кенешинин депутаттарынын сунушу менен “Кара-Бак айыл өкмөтүнүн ардактуу атуулдары” наамын ыйгаруу максатында Кара-Бак айылдык кеңешинин VI чакырылышынын кезектеги ХII сессиясы
 
ТОКТОМ КЫЛАТ
1. “Ас-Сафа Борбору” Кайрымдуулук фондунун негиздөөчүсү Мухаммад Абдурахман Аль-Шайя, төрагасы Каландаров Ахматжан Инамжановичке жана аталган фонддун Баткен облусундагы координатору Исаев Абдикасыт Абдулакимовичке  Кара-Бак айыл аймагына кощкон салымдары үчүн Кара-Бак айылдык кенешинин депутаттарынын сунушу менен “Кара-Бак айыл өкмөтүнүн ардактуу атуулдары” наамын ыйгарууга макулдук берилсин.
2. Ушул токтомду көзөмөлдөө жагы   Кара-Бак айыл аймагынын айылдык кенешинин төрагасынын орун басарына тапшырылсын.
 
 
 
 
Айылдык кеңештин төрагасы                                                    А.Айдаров
ТОКТОМ № 15
 
  Кара-Бак айылы                                                            2021- жылдын 10-апрели
 
 
Кара-Бак айылдык кеңешинин VI чакырылышынын кезектеги ХII
сессиясы
 
 
Дөбө айылындагы жаңыдан курулуп жаткан 25 орундуу бала бакчаны ишке киргизүү жөнүндө
 
Кара-Бак айыл өкмөтүнө караштуу Дөбө айылындагы мектеп жашына чейинки балдардын билим алуусуна шарт түзүү, билим берүү жана тарбиялоо иштерин өркүндөтүү максатында Кара-Бак айылдык кеңешинин VI чакырылышынын кезектеги ХII сессиясы
 
ТОКТОМ КЫЛАТ:
  1. Кара-Бак айыл өкмөтүнө караштуу Дөбө айылындагы жаңыдан курулуп бүткөрүлүп жаткан 25 орундуу бала бакчасына 1 толук күндүү жана 2 кыска мөөнөттүү тайпа ачууга макулдук берилсин.
  2. Кара-Бак айыл өкмөтүнө караштуу Дөбө айылындагы жаңыдан курулуп бүткөрүлүп жаткан бала бакча “Дөбө” балдар бакчасы деп аталсын.
  3. Ачылган бала бакчанын штаттык бирдигин чечип берүү жагы Баткен райондук билим берүү бөлүмүнөн суралсын.
4. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы социалдык маселелер боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
 
 
 
Айылдык кеңештин төрагасы                                                    А.Айдаров