Токтомдор

Кара-Бак айылдык кеңешинин VI чакырылышынын кезектеги ХI сессиясы

 
ТОКТОМ № 1
 
  Кара-Бак айылы                                                         2021- жылдын 26-февралы                                   
 
Кара-Бак айылдык кеңешинин VI чакырылышынын кезектеги ХI
сессиясы
 
 
Алты-Адыр (Көк-Дөбө) участкасындагы 66,8 га бак багытындагы кайра бөлүштүрүү фондундагы  жерди  мурдагы жерине кайтаруу жөнүндө          
 
Кара-Бак айыл өкмөтүнүн Алты-Адыр (Көк-Дөбө) участкасындагы    66,8 га бак багытындагы кайра бөлүштүрүү фондундагы  жерди  мурдагы жерине кайтаруу жөнүндөгү маалыматын угуп жана талкуулап  Кара-Бак айылдык кенешинин VI чакырылышынын кезектеги ХI сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
         1. Кара-Бак айыл өкмөтүнө караштуу Алты-Адыр (Көк-Дөбө) участкасындагы 66,8 га бак багытындагы кайра бөлүштүрүү фондундагы жер 2008-жылы Кара-Бак өкмөтүнүн айыл чарба жерлерин кайра бөлүштүрүү фондунун жерлерин пайдалануу келечек планында картага туура эмес түшкөндүктөн мурда бак тигилген жайына жылдырылсын.
2. Иш кагаздарын бүтүрүп берүү жагы Кара-Бак айыл өкмөтүнө тапшырылсын.
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы жер маселери боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
 
Кенештин төрагасынын орун басары                                       Ш.Мапаев
 
ТОКТОМ № 2
 
 Кара-Бак айылы                                                          2021- жылдын 26-февралы                                   
Кара-Бак айылдык кеңешинин VI чакырылышынын кезектеги ХI
сессиясы
 
Алты-Адыр (Көк-Дөбө) участкасындагы 66,8 га бак багытындагы кайра бөлүштүрүү фондундагы  жерди  түз  ижарага  берүү   жөнүндө          
 
Кара-Бак айыл өкмөтүнүн КБФ эсебиндеги инвестиция талап кылган, Туштук аймактык топурак агрохимиялык станциясынын берген маалматна ылайык бал банитети 19 балл, эл тарабынан талап болбогон   66,8 га жерди  бак тигип, жер кыртышын жакшыртып, жергиликтүү бюджетти көбөйтүү жана  түшкөн пайданы аз камсыз болгон үй-бүлөлөргө жана жарандарга жардам берүү үчүн Ибинов Билал Ибиновичтин ТЭО жана бизнес планын, жер маселелери боюнча туруктуу комиссиянын протоколун угуп  талкуулап Кыргыз Республикасынын “Жер кодексинин” 7-беренесинин 4-пунктуна таянып Алты-Адыр участкасынан №654, №651-контурлардан 66,8 га жерди түз берүү жолу менен  ижарага берүү максатында Кара-Бак айылдык кенешинин VI чакырылышынын кезектеги ХI сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Ибинов Билал Ибиновичке Кара-Бак айыл өкмөтүнүн КБФ эсебиндеги Алты-Адыр участкасынан №654, №651-контурлардан 66,8 га жер аянтын            19 жылдык мөөнөткө түз берүү жолу менен ижарага берүүгө макулдук берилсин.
  1. Ижара акысы түзүлгөн келишимдин негизинде төлөнсүн.
3. Иш кагаздарын бүтүрүп берүү жагы Кара-Бак айыл өкмөтүнө тапшырылсын.
4. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы жер маселери боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
 
Кенештин төрагасынын орун басары                                        Ш.Мапаев
 
ТОКТОМ № 3
 
  Кара-Бак айылы                                                           2021-жылдын 26-февралы                                  
 
 
 
 
Кара-Бак айылдык кеңешинин VI чакырылышынын кезектеги ХI
сессиясы
 
 
Келишимди бекитүү жөнүндө
 
“Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына айрым мамлекеттик ыйгарым укуктарды берүүнүн тартиби жөнүндө” Кыргыз Республикасынын мыйзамын ишке ашыруу жана Баткен райондук статистика бөлүмү менен түзүлгөн келишимди бекитүү максатында Кара-Бак айылдык кенеши
Токтом кылат
1. Кара-Бак айыл өкмөтү менен Баткен райондук статистика бөлүмүнүн ортосунда түзүлгөн  келишим бекитилсин.
2. Ушул токтомду көзөмөлгө алуу жагы Кара-Бак айыл өкмөтүнүн финансы экономика бөлүмүнүн башчысы С.Курбановго тапшырылсын.
3.Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы төраганын орун басарына тапшырылсын.
 
Кенештин төрагасынын орун басары                                        Ш.Мапаев
 
ТОКТОМ № 4
 
  Кара-Бак айылы                                                         2021-жылдын 26-февралы                                    
 
Кара-Бак айылдык кеңешинин VI чакырылышынын кезектеги ХI
сессиясы
 
 
Кара-Бак айылындагы “Кулунчак” балдар бакчасына кошумча штат бекитүү жөнүндө. 
         
Кара-Бак айылындагы “Кулунчак” балдар бакчасына кошумча 2 (эки) тайпа ачууга жана кошумча штат алууга уруксат берүү максатында Кара-Бак айылдык кеңешинин VI чакырылышынын кезектеги  ХI сессиясы 
 
ТОКТОМ КЫЛАТ
1. Кара-Бак айылындагы “Кулунчак” балдар бакчасына кошумча 2 (эки) тайпа ачууга жана кошумча штат алууга уруксат берилсин.
2. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы социалдык маселелер боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
 
 
 
Кенештин төрагасынын орун басары                                        Ш.Мапаев  
   
ТОКТОМ № 5
 
  Кара-Бак айылы                                                           2021- жылдын 26-февралы                                 
Кара-Бак айылдык кеңешинин VI чакырылышынын кезектеги ХI
сессиясы
 
Кара-Бак айылынын Курук-Сай участкасындагы калктуу конуштун жер аянтынын башкы планын өзгөртүүгө макулдук берүү жөнүндө. 
         
Кара-Бак айыл өкмөтүнүн сунушун карап чыгып, Кара-Бак аймагынын айылдык кенешинин депутаттарынын сунуштарын угуп жана талкуулап    Кара-Бак айылдык кенешинин VI чакырылышынын кезектеги ХI сессиясы
 
ТОКТОМ КЫЛАТ
1. Кара-Бак айылынын Курук-Сай участкасындагы  калктуу конуштун жер аянтынын башкы планында ФАП 0,10 га жана бала бакча 0,20 га болуп көрсөтүлгөн жер 0,30 га аянтын социалдык объектилерди куруу багытына өзгөртүүгө макулдук берилсин.
2. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы жер маселери боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
 
 
 
 
 
Кенештин төрагасынын орун басары                                        Ш.Мапаев
 
ТОКТОМ № 6
 
              Кара-Бак айылы                                                 2021- жылдын 26-февралы                                 
 
Кара-Бак айылдык кеңешинин VI чакырылышынын кезектеги ХI
сессиясы
 
 
Бай-Кара-Бак айылындагы калктуу конуштун жер аянтынын башкы планын өзгөртүүгө макулдук берүү жөнүндө. 
         
Кара-Бак айыл өкмөтүнүн сунушун карап чыгып, Кара-Бак аймагынын айылдык кенешинин депутаттарынын сунуштарын угуп жана талкуулап  Кара-Бак айылдык кенешинин VI чакырылышынын кезектеги ХIсессиясы
 
ТОКТОМ КЫЛАТ
1. Бай-Кара-Бак айылындагы калктуу конуштун жер аянтынын башкы планында ФАП болуп көрсөтүлгөн жер аянтын Медересе багытына, Мончо болуп көрсөтүлгөн жер аянтын Окуу борбору багытына өзгөртүүгө макулдук берилсин.
2. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы жер маселери боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
 
 
Кенештин төрагасынын орун басары                                        Ш.Мапаев
ТОКТОМ № 7
 
  Кара-Бак айылы                                                            2021-жылдын 26-февралы
 
 
Кара-Бак айылдык кеңешинин VI чакырылышынын кезектеги ХI
сессиясы
 
 
Кара-Бак айыл аймагынын айылдык кенешинин 2021-жыл үчүн иш планын бекитүү жөнүндө.
            
Кара-Бак айыл аймагынын айылдык кенешинин ишин уюштуруу максатында Кара-Бак айылдык кенешинин VI чакырылышынын кезектеги  ХI сессиясы  
Токтом кылат
1. Кара-Бак айыл аймагынын айылдык кенешинин 2021-жыл үчүн иш планы бекитилсин.(тиркеме тиркелет)
2. Ушул токтомду көзөмөлдөө жагы   Кара-Бак айыл аймагынын айылдык кенешинин төрагасынын орун басарына тапшырылсын.
 
 
 
 
Кенештин төрагасынын орун басары                                        Ш.Мапаев
 
 
 
 
   Бекитемин
Кара-Бак айылдык кенешинин
 
Төрагасынын орун басары                      Ш.Мапаев
“____”_______________2020___ж.
 
Кара-Бак айылдык  кенешинин 2020-жыл үчүн түзүлгөн
ИШ - ПЛАНЫ 
 
№   
ай
Каралуучу маселенин мазмуну Аткаруучу
Т/К
Документтерди даярдоо
 
1
 
 
 
 
 
- Айылдык кенештин 2021-жылга карата түзүлгөн  иш планын бекитүү.
-Туруктуу комиссиясына өзгөртүү киргизүү
-Айыл башчылардын иштерин кароо
-элден түшкөн арыздарды кароо.
Январь О.Орунбаев
 
 
 
З.Осмонов
2 - Айыл өкмөтүнүн  штаттык бирдигин бекитүү
- Айылдык милиция бөлүмчөсүнүн маалыматын угуу
- Кара-Бак чек ара тосотунун маалыматын угуу
-Кара-Бак подстанциясынын жетекчисинин маалыматын угуу.
-Элден түшкөн арыздарды.
Февраль Ж.Темиркулов
 
 
 
З.Осмонов
3
 
 
 
 
 
 
- Жайыт комитетинин тарифин бекитүү.
- Сугат-Суу, Таза-Суу ишканаларынын тарифин бекитүү
- Салык адистеринин отчётун угуу.
-2020-жылдын бюджетинин аткарылышы жөнүндө
- элден түшкөн арыздар
март  
Н.Дарвешов.
Н.Дарвешов.
Н.Дарвешов.
4  -Айыл өкмөтүндө муниципалдык менчиктеги жерлер жөнүндө
-ВУСтардын отчётун угуу.
-элден түшкөн арыздар.
Апрель А.Дилишатов
А.Айдаров.
5 - жер адистердин отчеттук иштерин угуу.
-Аренда акылардын жыйналышы жөнүндө отчёт.
- элден түшкөн арыздар
Май А.Дилишатов А.Дилишатов.
 
6 - Соц.адистердин отчётун угуу.
-Мектеп, дет-сад жетекчилеринин отчетун угуу.
- элден түшкөн арыздар
Июнь З.Осмонов
7  - А/О алты айлык отчёт.
-Элден түшкөн арыздарды кароо.
Август Т/К төрагалары
 
8 -Ветеринардын отчётун угуу.
-А/О бюджетинин долбоорун бекитуу.(1-октябрга чейин).
-Элден түшкөн арыздарды кароо.
Сентябрь З.Осмонов
Н.Дарбешов
9 - Кара-Бак айыл өкмөтүнүн бюджетинин такталган долбоорун бекитүү.(1-ноябрга чейин)
-9айлык отчет
-элден түшкөн арыздарды кароо
Октябрь. Н.Дарбешов.
 
 
10
 
 
-Мекеме жетекчилердин маалыматтарын угуу.
-Элден түшкөн арыздарды кароо.
 
Ноябрь
 
 
Т/К төрагалары.
 
 
 
11
- Кара-Бак айыл өкмөтүнүн социалдык-экономикалык өнүгүү программасынын аткарылышынын, жана айыл өкмөтүнүн жылдык отчетун угуу.
 
-А/Кенештин 2021-жылдын токтомдорунун аткарылышы
Элден түшкөн арыздарды кароо.
 
 
Декабрь
З.Осмонов
 
 
 
Ж.Темиркулов
 
 
                                                                                    
 

 
Катчы:                                                                                        О.Орунбаев