Токтомдор

Кара-Бак айылдык кеңешинин №71, №72, №73 токтомдору

ТОКТОМ №71
 
Кара-Бак айылы                                                                              2022-жылдын 14-октябры                                                  
 
Кара-Бак айылдык кеңешинин VII чакырылышынын кезектеги XVII сессиясы
 
Маданияттын мыкты кызматкерине сунуштоого макулдук берүү жөнүндө
 
 
           Кара-Бак айыл өкмөтүнүн Кара-Бак айылындагы Б.Байназаров атындагы башталгыч мектебинин музыка мугалими, обончу жана аткаруучу Нишанбаева Айжамал Төлөмырзаевнанын көп жылдан бери маданият тармагында үзүрлүү эмгегин эске алып,  Маданияттын мыкты кызматкери наамына сунуштоо максатында Кара-Бак айылдык кеңеши
 
Токтом кылат 
 
1. Кара-Бак айыл өкмөтүнүн Кара-Бак айылындагы Б.Байназаров атындагы башталгыч мектебинин музыка мугалими, обончу жана аткаруучу Нишанбаева Айжамал Төлөмырзаевна Маданияттын мыкты кызматкери наамына сунушталсын.  
2.Ушул токтомдун негизинде иш кагаздарын даярдоо жагы Кара-Бак айыл өкмөтүнө тапшырылсын.
3.Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Кара-Бак айылдык кеңешинин мыйзамдуулук боюнча туруктуу комиссиянын төрагасына жүктөлсүн.
 
 
Айылдык кеңештин төрайымы                                   Ж.Шадиманова

ТОКТОМ №72
 
Кара-Бак айылы                                                                              2022-жылдын 14-октябры                                                  
 
Кара-Бак айылдык кеңешинин VII чакырылышынын кезектеги XVII сессиясы
 
Кара-Бак айыл  өкмөтүнүн жергиликүү бюджетинин сметасына толуктоо киргизүү жөнүндө
           Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө” мыйзамына ылайык, Кара-Бак айылындагы тургундардын кайрылуусун карап чыгып,  Кара-Бак айыл өкмөтүнун ФЭБ башчысынын  билдирүүсүн эске алып, угуп жана талкуулап Кара-Бак айылдык кеңеши
Токтом кылат 
1.Кызыл-Бел айылына түшүүчү мектептин жалпы чыгымдарына 860,0 миң сомду,түрдүү чыгымдар жана кызмат көрсөтүү боюнча 2215 статьясына берилсин.
2.Кызыл-Бел айылынын конуштарына трансформатор, бинкол жана стольбалар үчүн 889,0 миң сомду түрдүү механизм жнана оборудованиелелди сатып алуу үчүн 3112 статьясына бөлүнүп берилсин.
3.Кара-Бак айылынын транспорттук чыгымдарына 2214 статьясына 100,0 миң сом бөлүнүп берилсин .
4.Кара-Бак айылынын канторасынын залын оңдоо жана көчөдөгү тосмолорду оңдоп түздөө иштерине 151,0 миң сом 2221 статьяларына бөлүнүп берилсин.
5. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Кара-Бак айылдык кеңешинин финансы маселеси боюнча комиссиянын төрагасына тапшырылсын.
 
 
Айылдык кеңештин төрайымы                                   Ж.Шадиманова
 

ТОКТОМ №73
 
Кара-Бак айылы                                                                               2022-жылдын 14-октябры                                                  
 
Кара-Бак айылдык кеңешинин VII чакырылышынын кезектеги XVII сессиясы
 
 
Жөө жүргүнчүлөр өтүүчү жолдорго дөңсөлөрдү орнотуу жөнүндө
 
 
           Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө” мыйзамына ылайык, Кара-Бак өкмөтүнүн билдирүүсүнүн эске алып,угуп жана талкуулап Кара-Бак айыл өкмөтүнүн аймагындагы билим берүү мекемелеринин  айланасындагы жол кырсыктарынын алдын алуу максатында Кара-Бак айылдык кеңеши
 
Токтом кылат 
 
1. Кара-Бак айыл өкмөтүнүн аймагындагы билим берүү мекемелеринин айланасындагы бардык  жолдорго жөө жүргүнчүлөр коопсуз өтүү үчүн дөңсөлөрдү орнотууга макулдук берилсин.  
2.Ушул токтомдун негизинде тиешелүү мекмелер менен иштерди аткаруу жагы Кара-Бак айыл өкмөтүнө жүктөлсүн.
3.Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Кара-Бак айылдык кеңешинин мыйзамдуулук боюнча туруктуу комиссиянын төрагасына тапшырылсын.
 
 
 
Айылдык кеңештин төрайымы                                   Ж.Шадиманова