Жаңылыктар

Кара-Бак айыл өкмөтү кадрлар резервине киргизүү үчүн сынак жарыялайт

Кара-Бак айыл өкмөтү кадрлар резервине киргизүү үчүн улук жана кенже администрациялык муниципалдык  кадрлар резервине сынак  жарыялайт:
 
Башкы топтогу административдик муниципалдык кызмат орундарына квалификациялык талаптар:
 
1) Кесиптик билимдин деңгээли:
- жогорку билим
Айыл өкмөтүнүн орун басары:
Жоопту катчы:
- жогорку билим (Мамлекеттик жана муниципалдык башкаруу, Юриспруденция, Финансылык экономикалык, Айыл чарба, Ветеринардык, Гуманитардык, Табигый илимдер, Техникалык, Курулуш, Энергетика тармактарында)
2) Иш стажы жана тажрыйбасы:
- жалпысынан 3 жылдан кем эмес мамлекеттик жана/же муниципалдык кызмат стажы же тиешелүү кесиптик чөйрөдөгү 5 беш жылдан кем эмес иш стажы;
 Кыргыз Республикасынын жалпы мыйзамдарын билүү:
-          Кыргыз Республикасынын Конституциясы;
-          "Жарандардын кайрылууларын кароонун тартиби жөнүндө"Кыргыз Республикасынын Мыйзамы;
-          "Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамы;
-          "Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө"Кыргыз Республикасынын Мыйзамы;
-          "Коррупцияга каршы аракеттенүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамы;
-          Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2012-жылдын 23-июлундагы № 517 токтому менен бекитилген “Кыргыз Республикасында иш кагаздарын жүргүзүү боюнча типтүү нускамасы”;
 -      Кыргыз Республикасынын Эмгек кодекси;
-       “Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органдарынын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын карамагында турган маалыматтарга жетүү жөнүндө” КР Мыйзамы;
- Тиешелүү тармактагы мыйзамдарын:
-          Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө”;
-         Кыргыз Республикасынын Жер кодекси;
-         “Мүлккө муниципалдык менчик жөнүндө”
-          Кыргыз Республикасынын”Жарандык абалдын актылары жөнүндө”
      -          Кыргыз Республикасынын “Жарандык абалдын актылары жөнүндө”
-            Кыргыз Республикасынын “Мамлекеттик тили жөнүндө” мыйзамдары;
-        “ Кыргыз Республикасынын  мамлекеттик жарандык кызматчыларын жана муниципалдык кызматчыларын ротациялоо тартиби жөнүндө”Жобосу;
-       “Мамлекеттик органдын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын мамлекеттик жарандык кызматынын жана муниципалдык кызматынын кадрлар резервин түзүүнүн жана иштешинин тартиби жөнүндө”Жобосу;
 
Улук топтогу административдик муниципалдык кызмат орундарына квалификациялык талаптар:
 
 
1) Кесиптик билимдин деңгээли:
- жогорку билим
  Финансылык экономикалык бөлүмүнүн башчысы-Финансылык экономикалык багыттары боюнча.
  Жер маселелери боюнча башкы адис-Геодезия жана жерге жайгаштыруу, Архитектура жана курулуш адистиктери боюнча.
  Ветеринардык башкы адис-Ветеринардык адистиги боюнча.
  Сатуу жана сатып алуулар боюнча башкы адис-Финансылык экономикалык багыттары боюнча.
  Киреше боюнча башкы адис- Финансылык экономикалык багыттары боюнча.
 Социалдык маселелер боюнча башкы адис-Социалдык иштер адистиги боюнча.
 
Кыргыз Республикасынын жалпы мыйзамдарын билүү:
-          Кыргыз Республикасынын Конституциясы;
-          "Жарандардын кайрылууларын кароонун тартиби жөнүндө"Кыргыз Республикасынын Мыйзамы;
-          "Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамы;
-          "Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө"Кыргыз Республикасынын Мыйзамы;
-          "Коррупцияга каршы аракеттенүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамы;
-          Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2012-жылдын 23-июлундагы № 517 токтому менен бекитилген “Кыргыз Республикасында иш кагаздарын жүргүзүү боюнча типтүү нускамасы”; 
- Тиешелүү тармактагы мыйзамдарын:
 
-          Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө”;
-         Кыргыз Республикасынын Жер кодекси;
      -         “Мүлккө муниципалдык менчик жөнүндө”
     -         Кыргыз Республикасынын Бюджеттик кодекси;
     -        Кыргыз Республикасынын Салык кодекси;
     -        Кыргыз Республикасынын “Бухгалтердик эсеп жөнүндө”
    -        “Мамлекеттик сатып алуулар жөнүндө”
   -          Кыргыз Республикасынын Балдар жөнүндө кодекси;
   -          Кыргыз Республикасынын “Кыргыз Республикасынын “Кыргыз Республикасындагы мамлекеттик жөлөкпулдар жөнүндө”;    
        Кенже топтогу административдик муниципалдык кызмат орундарына  квалификациялык талаптар:
 
1) Кесиптик билимдин деңгээли:
- орто кесиптик билим же жогорку билим
Кыргыз Республикасынын жалпы мыйзамдарын билүү:
-          Кыргыз Республикасынын Конституциясы;
-          "Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамы;
2) Иш стажы жана тажрыйбасы:
- иш стажына талап коюлбайт;
 
Жаштар жана инвестиция тартуу боюнча адис-Финансылык экономикалык багыттары боюнча, мамлекеттик жана муниципалдык башкаруу;
Өзгөчө кырдаалдар боюнча адис- Техносфералык коопсуздук, жаратылышты жайгаштыруу жана гидрометеорология адистиктери боюнча, Геодезия жана жерге жайгаштыруу, Архитектура жана курулуш адистиктери.
Бухгалтер-кассир адис-Финансылык экономикалык багыттары боюнча.
Жетектөөчү адис маалымат компьютердик технологиялар боюнча-Эсептөө техникасы жана информациялык технологиялар адистиктери боюнча.
Экономист-Статист жетектөөчү адис- Финансылык экономикалык багыттары боюнча,физика-математика илимдери же болбосо мамлекеттик жана муниципалдык башкаруу.
Киреше боюнча жетектөөчү адис- Финансылык экономикалык багыттары боюнча, мамлекеттик жана муниципалдык башкаруу;
Юрист-архивист жетектөөчү адис- Юриспруденция, Укук тануу адистиктери боюнча.
 Социалдык маселелер боюнча жетектөөчүадис-Социалдык иштер адистиги боюнча.
 Аскерге каттоо столунун инспектору-Аскердик билим берүү адистиктери боюнча
 
3) Кесиптик компетенттүүлүгү:
- Төмөнкүлөрдү билүү:
 
Тиешелүү тармактагы мыйзамдарын:
-    Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө”;
  • Кыргыз Республикасынын “Кыргыз Республикасында инвестициялар жөнүндө”
  • Кыргыз Республикасынын “Кыргыз Республикасынын жарандарынын жалпыга бирдей аскердик милдети жөнүндө, аскердик жана альтернативдик кызматтар жөнүндө” мыйзамдары;
         -Кыргыз Республикасынын “Бухгалтердик эсеп жөнүндө”;
  • Кыргыз Республикасынын “Расмий статистика жөнүндө”;
  • Кыргыз Республикасынын “Кыргыз Республикасындагы мамлекеттик жөлөкпулдар жөнүндө”;
  • Кыргыз Республикасынын “Мамлекеттик жаштар саясатынын негиздери жөнүндө”;
  • Кыргыз Республикасынын “Мүлккө муниципалдык менчик жөнүндө”;
 
- Билгичтиги:
жогору турган жетекчилердин тапшырмаларын сапаттуу аткаруу;
документтерди, маалыматтарды, суроо-талаптарга жоопторду сапаттуу даярдоо;
тиешелүү чөйрөдөгү ата мекендик жана чет өлкөлүк тажрыйбаны талдоо жана аны практикалык иште колдонуу;
кызматтык милдеттерге ылайык өз ишин натыйжалуу пландаштыруу;
жарандардын кайрылууларын кароо жана жоопторду даярдоо;
мамлекеттик жана/же расмий тилдерде иштиктүү кат алышуу;
командада иштөө;
- Көндүмдөрү:
ченемдик укуктук актылар менен иштөө жана аларды практикада колдонуу;
компьютердик жана уюштуруу техникасын, зарыл болгон программалык продуктуларды колдоно билүү.
Сынакка катышуу үчүн төмөндөгү  документтер талап кылынат:
- Аттестациялык-сынактык комиссиянын төрагасынын атына жазылган жеке арызы;
- Кадрларды каттоо баракчасы;
- 3х4 өлчөмүндөгү  4 даана сурөт.
- Паспорттун көчүрмөсү (оригинал сынакка келген учурда көрсөтүлөт)
- Жогорку билимин тастыктаган дипломунун көчүрмөсү (көчүрмөсү натариустан же мурунку иштеген жеринен күбөлөндүрүлүшү керек);
- Эгерде эмгек китепчеси болсо (көчүрмөсү натариустан же мурунку иштеген жеринен күбөлөндүрүлүшү керек).
-Соттолгон же соттолбогондугу тууралу тактама;
 
Документтер: жарыя чыккан күндөн баштап 10 күндүн ичинде Кара-Бак айыл өкмөтүнүн кеңсесинде  кабыл алынат.
 
Кошумча маалымат алуу үчүн:  0779 08-12-81