Жаңылыктар

Бош ваканттык административдик муниципалдык кызмат орундарына сынак

ЖАРЫЯ!!!
    
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн  2016-жылдын 29-декабрындагы №706 токтому  менен бекитилген «Кыргыз Республикасынын мамлекеттик жарандык жана муниципалдык кызматына конкурс өткөрүүнүн жана кызматка көтөрүлүүнүн тартиби жөнүндө Жобого ылайык төмөндөгү  бош ваканттык административдик муниципалдык кызмат орундарына сынак жарыялайт.
1. Юрист архивист боюнча жетектөөчү  адис                            
2. Юрист архивист боюнча жетектөөчү адис кызматына коюлуучу квалификациялык талаптар
1) Кесиптик билимдин деңгээли:
- жогорку билим же орто кесиптик билим – Юриспруденция, Укук тануу адистиктери боюнча.
2) Иш стажы жана тажрыйбасы:
- иш стажына талап коюлбайт;
3) Кесиптик компетенттүүлүгү:
- Төмөнкүлөрдү билүү:
 
Кыргыз Республикасынын жалпы мыйзамдарын:
  • Кыргыз Республикасынын Конституциясы;
  • Кыргыз Республикасынын “Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат жөнүндө” мыйзамы;
  • Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат боюнча кеңештин 2016-жылдын 19-августундагы № 43 токтому менен бекитилген “Кыргыз Республикасынын мамлекеттик жана муниципалдык кызматчыларынын этикасынын Кодекси.
Тиешелүү тармактагы мыйзамдарын:
  • Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө”;
  • “Жарандардын кайрылууларын кароо тартиби жөнүндө” мыйзамдары.
Кызматтык милдеттерин аткаруу үчүн зарыл болгон көлөмдө мамлекеттик (Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2017-жылдын 21-ноябрындагы № 757 токтомуна ылайык) жана расмий тилдерди;
- Билгичтиги:
жогору турган жетекчилердин тапшырмаларын сапаттуу аткаруу;
документтерди, маалыматтарды, суроо-талаптарга жоопторду сапаттуу даярдоо;
тиешелүү чөйрөдөгү ата мекендик жана чет өлкөлүк тажрыйбаны талдоо жана аны практикалык иште колдонуу;
кызматтык милдеттерге ылайык өз ишин натыйжалуу пландаштыруу;
жарандардын кайрылууларын кароо жана жоопторду даярдоо;
мамлекеттик жана/же расмий тилдерде иштиктүү кат алышуу;
командада иштөө;
- Көндүмдөрү:
ченемдик укуктук актылар менен иштөө жана аларды практикада колдонуу;
компьютердик жана уюштуруу техникасын, зарыл болгон программалык продуктуларды колдоно билүү.
2. Жаштар  жана инвестиция тартуу боюнча адис кызматына коюлуучу квалификациялык талаптар:
1) Кесиптик билимдин деңгээли:
-жогорку же атайын орто (кесиптик) билими;
2) Иш стажы жана тажрыйбасы:
-стажына талап коюлбайт;
3) Кесиптик компетенттүүлүгү:
- Төмөнкүлөрдү билүү:
 
Тиешелүү тармактагы мыйзамдарын:
- Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын жана нормативдик укуктук актыларын билиши; -КР “Кыргыз Республикасынын инвестициялар жөнүндө”
-“Мамлекеттик тил жөнүндө” мыйзамдары;
Кызматтык милдеттерин аткаруу үчүн зарыл болгон көлөмдө мамлекеттик (КРӨ 2017-жылдын 21-ноябрындагы №757 токтомуна ылайык) жана расмий тилдерди;
- Билгичтиги:
маалыматты жыйноо, талдоо, системалаштыруу жана жалпылоо;
аналитикалык документтерди даярдоо;
кесиптештер менен натыйжалуу кызматташуу;
эмгектин жаңы шарттарына көнүү;
Сынакка катышуу учун төмөндөгү  документтер талап кылынат:
- Аттестациялык-сынактык комиссиянын төрайымынын атына жазылган жеке арызы;
- Кадрларды каттоо баракчасы;
- 3х4 өлчөмүндөгү  4 даана сурөт.
- Паспорттун көчүрмөсү (оригинал сынакка келген учурда көрсөтүлөт)
- Жогорку билимин тастыктаган дипломунун көчүрмөсү (көчүрмөсү натариустан же мурунку иштеген жеринен күбөлөндүрүлүшү керек);
- Эгерде эмгек китепчеси болсо (көчүрмөсү натариустан же мурунку иштеген жеринен күбөлөндүрүлүшү керек).
-Соттолгон же соттолбогондугу тууралуу тактама
Документтер: жарыя чыккан күндөн баштап 10 жумушчу күндүн ичинде Кара-Бак айыл өкмөтүнүн кеңсесинде  кабыл алынат.
 
Кошумча маалымат алуу үчүн:  0779 08-12-81